Айбат » Өзүбүзгө өзүбүз ор казганды токтотолу!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өзүбүзгө өзүбүз ор казганды токтотолу!

1Илгери-илгери деп башталган жомоктогу бир абышканын ынтымагы жок тогуз баласынын абалындай болуп турабыз.

Эгемендүүлүк алгандан бери саясатыбызда тирукмуш жаңылыктар пайда болду. Демократиянын эпкини адегенде эле саясатчыларыбыздын акыл-эсин «шамалдатып», көкүрөктөрүндөгү көөнөрбөй келген улут каадаларын «согуп» чыгарып койгонсуду. Митинг, пикет, басып алуу, тоноп алуу өнөкөттөрү саясатыбызда кадимкидей көрүнүшкө айланды. Башка бир мамлекеттердин кызыкчылыгына багытталган иштерди жасаган, жапжалыш долларлардын жытына мас болуп, өз мамлекетин топон суу каптап кетсе дагы кайдыгер мамиледе болгон эргулдарыбыз чыкты. Каратып туруп, калп сүйлөп, каалаган жагынан кулак чыгаргысы келген саясатчыларыбыз, дүңүнөн эле президент болгусу келе баштады. Кетмен кармап дыйканчылык кылып, чөп жыйнап мал баккысы келгендердин саны аз. Кыргызстандагы саясатчылардын ар бир экинчиси өзүн президенттин деңгээлинде көрөт. Айыл башчы болгонго деңгээли жоктор, аким, губернатор болгусу келет. Эл ишенип шайлаган депутаттар парламентте отуруп алып, биринин тумшугун бири кандап, этикага туура келбеген сөздөрдү сүйлөп, келечек муунга «тарбия» көрсөтүүдө. Ал ортодо мамлекетибиздин экономикасы итке да мине албай, анын куйругунан эптеп кармап, «сүйрөлүп» калганы менен эч кимдин иши жок.

Батыштын терс көрүнүштөрүнүн бардыгы өлкөбүзгө агылып кирип жатып, көмүскөдө денесин саткан көчө кыздары пайда болду. Деги эле улуу кыргыз элинин тарыхында мындай болуп көргөн эмес. «Түндүк-түштүккө бөлгөндөрдү өлөрчө жек көрөм» деп эл көзүнчө «өпкөсүн» каккандары менен өз баштарына бир аз кыйынчылык түшсө эле, же кимдир-бирөөдөн өч алгысы келсе эле жердештерине чуркамай саясатчыларыбыздын айыкпаган дарты болду.

Бийликке келгенче бирди сүйлөп, бийликке келгенде тескери сүйлөмөй, ошол эле учурда ээрден көчүгү кыйшайса эле, оппозиция боло калмай, көмүскөдө жатып алып, көчөгө элди үндөп чыкмай, казан-казан эттерди кайнатып, катар-катар боз үйлөрдү тигип коюп «эл өзү эле ашар жолу менен ушундай кылып жатышат» деп көк-ала болуп туталана калп айтмай өңдүү көрүнүштөр бирөө-жарымды таң калтыруудан калды. Бул абдан чоң трагедия.

1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгонубузда төбөбүз көккө жеткендей сүйүндүк эле. Ырасында эч кандай күч кетирбей, опоңой эле өз алдынчалыкка ээ болгонубуз бул Жараткандын бизге берген ырайымы болгон. Бирок, ошонун кадырына жетип жатабызбы? Ошондон бери саясатыбызда ит жыгылыш болуп, жыл өткөн сайын саясый маданияттуулукту жоготуп, сөз көтөрө албай, сын көтөрө албай, акыл менен иш кылганча муштумду бирөөнүн «мурдуна» такай койгонду эп көрүп, билегине да, билимине да ишене албагандар, кызуу кандуу, ачуусу мурдунун эле учунда турган, мээси башында эмес муштумунда «түйүлгөн» саясатчыларды тегеректеп, аларды ай менен күнгө теңеп, көчүккө бир тепсе да, «Туура эле тээп атасыз, дагы катуураак тепсеңиз жакшы болот эле» деп чымын-куюн болуп чуркап, эстелик тургузгусу келишип, «эл баатыры» кылгысы келишип эле… Айтор, башы кайсыл жакта, буту кайсыл жакта сунулуп жатканын түшүнбөгөн саясат…

Эки жолу революция жасадык. Ырас, бул эки жолку революция тең элдин нааразычылыгынан, кыжырлануусунан чыкты. Акаевдин Айдары менен Бакиевдин Максими Кыргызстанды төбөсүнө кийип алгысы келгенинен улам намыстуу кыргыз эли андай жол бербеди. 90дон ашуун азамат жигиттерибиз Бакиевдердин жырткыч бийлигинин огуна кабылып, бейкүнөө курман болушту. Азыркы тапта ошол жигиттердин дагы арбагына шек келтирип, аларды жырткычка теңеп, саясый упай топтогусу келгендер бар. Ошол балдардын аркасы менен бийликке келип, банк ячейкаларын «тазалай» коюп, кайра оппозицияга өтө качкандары бар. Айтор, ар кандай тополоңду өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланганды өтө жогорку деңгээлде өздөштүрүп бүттүк. Ошол учурдагы бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, түштүктө эки элди чабыштырган коогалаң да болуп кетти. Мындан да кимдир-бирөөлөр олчойгон байлыктарга ээ болду. Ал эми карапайым эл жакындарынан айрылып, көңүлдөрүндө орду толгус өксүгү менен калды. Ушундай каргашалуу окуядан да упай топтогусу келгендер чыкты. «Мен ушул коогалаңды бастым» деп жалгыз өзүн баатыр кылгысы келгендердин саны көп. Айтор, апрель революциясынан кийинки үч жылдан ашуун убакытта ызы-чуудан башыбыз чыкпай келет. Кечээ эле Бакиевдин буйругун кыңк этпей аткарып келгендер, бүгүнкү бийликти сындап жатса, эмне айтарыңды билбей, аргаң кетет. Эптеп эле бийлик элге каршы күч колдонуп жиберсе экен деп атайын Жети-Өгүз менен Жалал-Абаддагы тополоңдорду да уюштуруп жиберишти. Андан экономикабыз канча жабыр тартканына ичтери да ачышып койбойт. Ушундай кыйын кырдаалда элди ынтымакка чакырган, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошо турган эрендерибиздин катары саналуу экендиги өкүндүрөт.

Илгертен «ырыс алды ынтымак» деп келген элибиз. Ынтымагыбыздын жоктугунан бүгүнкүдөй абалга келип отурабыз. Ынтымагыбыздын жоктугунан көрүнгөн мамлекеттердин саясый күчтөрүнүн курмандыгына айланып, алардын акчаларына өз өлкөбүздө башаламандыктарды жаратып жатабыз. Бүгүнкү оппозицияда жүргөндөр бийликке келсе эле жашообуз укмуш болуп кетет дегенге эч ким ишенбейт. Себеби, аларды да бир убакта бийликтен көргөнбүз. Ошондуктан ашынган амбицияларды жыйыштырып, бир айылдын, же бир райондун элине таянып, аларды алдап, түрдүү акцияларды жасоо менен бүтүндөй мамлекетибиздин пайдубалын уратып албайлы. Мамлекетибиз кичинекей гана. Бирок, ал бардыгыбыз үчүн өтө ыйык. Аны өркүндөтүп-өстүрүү бийликтин гана милдети эмес, бардыгыбыздын милдетибиз. Андыктан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак кантет? Бирибиздин үнүбүздү бирибиз укпай, ич ара тытыша берсек, сырттан карап тургандар тебелеп кетпей эмне болуптур? Аларга биздин өлкөдө башаламандыктын болуп турганы абдан пайдалуу болуп жатат. Биздин акыл-эсибизди өздөрүнүн «жашылбайлары» менен арбап, түпкүлүктүү арам максаттарын ишке ашырганы калды. Кеч болуп кала электе, ойлонолу! Өзүбүзгө өзүбүз ор казганды токтотолу!интернет булактарынан алынды.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru