Айбат » Кыргызда гейлер эмес баатырлар чыккан!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызда гейлер эмес баатырлар чыккан!

Жеңиш МолдокматовБүгүн Америка элчилигинин астында болуп  өткөн акцияда өтө маанилүү ойлор айтылып, Кыргызстанга баш багып келип жатышкан бачабоздорду (гей) коомдон алыс кылуу маселелерди кабыргасынан коюп, ”Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Жениш Молдокматов өткөрдү. Акцияда эркек менен эркектин өбүшүп жаткан, жана ар кандай жаш өспүрүмдөрдүн батыштын “балит” саясатын үйрөтүп аткан сүрөттөрүн өрттөштү.

Акыркы күндөрү батыш өлкөлөрүнүн колдоосу жана каржылоосу менен Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана фонддор аркылуу бачабоз (гей) жана гомосексуалдарды пропагандалоо күч алды. Кыргыздын каада-салтына, маданиятына, үй-бүлөө күтүү баалулуктарына, ишенген динине жана бийик туткан дилине каршы саясат жүргүзүшүп, элге жагымсыз нерсени таңулоо менен мамлекетибиздин ички саясатына кийлигишүүдө.

өртГейлер менен гомосексуалдар АКШ штаттарында жана Европа мамлекеттеринде алгач “укугубуз бузулуп жатат” деп чыгышкан. Кийин бир жыныстуу үй-бүлө күтүү мыйзамын күчкө салып кабыл алдырышты. Бара-бара ымыркайларды асырап алуу мыйзамдарын кабыл алдырышып, анысы аз болуп, “инцест” мыйзамын таңуулап жатышат. Бул, атасы кызын алганга, энеси баласына турмушка чыкканга, бир тууган эркек менен кыз бири-бири менен баш кошконго жана жыныстык катнашта болууга уруксат дегенди билдирет. Эгер биз, ата-бабабыздан ыйык сактап келген үй-бүлө күтүү баалулугубузду сактап калбасак, бүгүн батыштын жагымсыз саясатына каршылык көргөзбөсөк, эртең кеч болуп калат.

Жыргалбек Бердибеков

Айбат гезити №67




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru