Айбат » Бакиевдин кол куурчагына айланган Кунакунов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевдин кол куурчагына айланган Кунакунов

Кунакунов МаксатКыргыздын эң жакшы ак жол деген сөзүн булгап, аны тескери мааниге оодарып таштаган Бакиевдик бийликтин «Ак жол» партиясы дагы деле элибиздин эсинен чыга элек. Бул атына заты жарашпаган партия парламентке келгенден тартып карапайым элдин жашоосу ит турмушка айланганын кайда катабыз?

Мына ушул партиянын атынан ошол учурда парламентке келген эң жаш депутат Максат Кунакунов деген болгон. Парламентке келгенге чейин картон-пакет бизнеси менен шугулданып шуулдап жүргөн Кунакунов Курманбек Бакиевдин эрке баласы Максим менен өтө жакын мамилеге өтүп, андан кийин Жаныш Бакиевге жакындап, натыйжада Жогорку Кеңештин депутаты болуп калып атпайбы? Ал эми Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусу үчүн Максат Кунакуновго окшогон жаш жана «айт» дей электе эле «хоп» деп турган кошоматчылар өтө керек болгон.

Анан ал парламентке келгенден кийин Жаныш Бакиевдин көрсөтмөсү менен гана иштеп калганын да жашыра албайбыз. Жаныштын буйругу менен ошол кезде өкмөт башчысы болуп турган Данияр Үсөновго да али катый элек азуусун бир кайрап алганы бар. Азыр болсо бул «эрдигин» айтып түгөтө албай келет. «Мен «Ак жол» партиясында болсом да, элдин кызыкчылыгына туура келбеген маселелерде өкмөт башчысын катуу сокчумун» таризинде мактанса, аргаң түгөнөт.

Айтор, жашабай жатып саясий карьерасына чекит коюп алган бул жигит 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин дээрлик үч жыл бою дымы чыкпай, өзү да көрүнбөй калган. «Жаш да, кантсе да өзүнүн туура эмес жолго түшүп алганына, канкорлор менен табакташ болуп калганына өзүн күнөөлөп, экинчи саясатка кийлигишпей эле коеюн» деп калган го деген ойдо элек. Жаңылыптырбыз. Кечээ жакындан бери кайра «тирилип», мурда Жаныштын көзүнүн кареги менен тең айланып иш кылса, эми батышчыл саясатчы Равшан Жээнбековдун «кол куурчагына» айланганы билинди.

Акыркы күндөрү Равшан Жээнбеков эмнелерди сүйлөсө, Кунакунов да анын артынан калбай, кайталап келет. Кыскасы, Максат мырза Равшан мырзанын торуна түшкөн тоту куш болуп калганы билинди. Анан Равшан акеси «Улуттук оппозициялык кыймыл» аттуу кыймылды жалаң эски саясатчылардан курап алса, анын аркасы Максат Кунакунов жаштар өкмөтүн түзүп жибериптир. Бул жаштар өкмөтүнүн катарына кирип аткандарды карасаң, жалаң «УОКтун» катарындагы саясатчылардын камчысын чаап жүргөн жаштар экендиги билинди. Ишенбесеңер, алардын ар биринин таржымалын жакшылап иликтеп көрсөңөр болот.

Демек, бүгүнкү күндө жаңыдан түзүлгөн жаштар өкмөтү бул «УОКтун» бир «филиалы» деп түшүнө берүүгө болот. Башынан эле кимдир-бирөөнүн көрсөтмөсү менен иш алып барып көнүп калган Максат мырза эми Равшан мырзанын көрсөтмөсү менен иш кылмакчы.

Баса, дагы бир айта кетүүчү жагдай – «УОКко» мүчө болуп кирген «Эркин эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков дагы Равшан Жээнбековдун «долбоору». Муну далилдеш өтө эле оңой. Бул жигит саясатка жаңыдан кадам таштаганда эле Равшан мырзанын этегине эрмешип келген. Анын жанынан чыкпай, кеп-кеңешин угуп, кээде берген буйруктарын аткарып коюп жүрөт. Анан дагы өзү бир партиянын лидери болгону менен башка эч кандай жумушу жок. Бирок, айдаганы Расул Маматкулов ырдагандай акыркы үлгүдөгү «Мерседес» унаасы. Болгондо да «Жип». Кайсыл акчага, кайдан келген акчага, же болбосо кайсыл айлык акысын топтоп алды деген суроо жаралбай койбойбу? Албетте жаралат.

Мына ушундан улам Американын шпиону аталган Равшан Жээнбеков Мавлян мырзанын партиясын да каржылап турат деген кеп бекеринен чыкпаса керек деп калдык. Анан «эч кандай булгана элек жаштарбыз» деген булар Равшандын ырын ырдабаганда, башка кимдин ырын ырдамак эле? Анан ушундай акча үчүн ар кандай саясий «ырды» «хор» менен ырдоого даяр турган жаштар канткенде Кыргызстандын келечегине күйүшү мүмкүн?

Айбат гезити №67




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru