Айбат » Жумгалда каза болгон А.Мамбеталиевдин чыры эмне менен бүтөт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Жумгалда каза болгон А.Мамбеталиевдин чыры эмне менен бүтөт?

милиция2013-жылдын 1-декабрь күнү «Кара-Кече» көмүр кесиминен Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиевдин кан басымы көтөрүлүп кетип каза болду деген билдирүү, Жумгал РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Бул билдирүү боюнча райондун прокурорунун орун басары У.Сулайманов жана Жумгал РИИБнин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары  милициянын майору К.Молдоисаевдин жетекчилиги менен бөлүмдүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан.

Факты боюнча «Кара-Кече» көмүр кесиминде Жумгал РИИБнин  ыкчам-тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп, күбөлөрдөн түшүнүк алып жаткан учурда каза болгон Мамбеталиев Айбектин бир туугандары кызматкерлерге кол салышкан.           Натыйжада бөлүмдүн начальнигинин орун басары К.Молдоисаев, тергөөчү Г.Болотова, ЖККнын инспектору А.Султаналиевди жана райондун прокурорунун орун басары У.Сулаймановду уруп сабап, денелерине жаракат келтиришкен жана күжүрмөн топ түшүп барган ВАЗ-2107 MVD 056N номерлүү автоунаасынын арткы терезесин таш менен чаап сындырып салышкан.

Каза болгон А.Мамбеталиевдин сөөгү Жумгал райондук ооруканасына  алынып келинип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жогорудагы факты Жумгал РИИБнин тарабынан 01.12.2013-жылы КУП-297 саны менен каттоого алынган.

Маркум А. Мамбеталиевдин жансыз денесине соттук-медициналык эксперт О. Байкеев сырткы жана ички органдарына, күч колдонуу белгилери бар же жок экендигин аныктоо максатында кароо жүргүзгөн. Эксперт О. Байкеев кароо жүргүзүп жаткан учурда, атасы Б. Мамбеталиев жана башка туугандары катышып турушкан. Өлүккө кароо жүргүзүүдө, күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилер аныкталган эмес.

Маркум А. Мамбеталиевдин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, гисталогиялык   экспертизанын кортундусу боюнча, “жүрөк оорудан” каза болгондугу аныкталган.

Бул факты боюнча 2013-жылдын 3-декабрь күнү Нарын облустук прокуратурасынын тергөөчүсү А.Аликулов тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары милициянын майору Р.Токтогулов, милициянын ага лейтенанты Ж.Сыдыков жана ОИИБнын ТААОнын кенже оперөкүлү милициянын прапоршиги Ч.Баялиевдер Жумгал РИИБнүн УКЖна камакка алынышкан.

2013-жылдын 5-декабрь күнү жогорудагы камакка алынган милиция кызматкерлеринин  баш коргоо чарасы, Жумгал райондук соту тарабынан каралып, Нарын шаарындагы ТИЗО №4 мекемесине 2 айлык мөөнөткө камакка алуу жөнүндө чечими чыгарылган.

Ошондой эле КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Коргоо, укук тартип бөлүмүнүн башчысы А.Б. Мамыркулов жетектеген комиссиянын катышуусу менен А. Мамбеталиевдин өлүгүн кайрадан казып чыгып (эксгумация) комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалып, “жүрөк оорудан” каза болгондугу аныкталган.

Кийин 2014-жылдын 17-январь күнү Нарын облустук сотунун судьялары Н. Байышов, А.Абдыбеков, Н.Асанбаев, А.Орозалиевдердин курамындагы соттук коллегиясы тарабынан жогоруда аталган милиция кызматкерлердин Жумгал райондук сотунун чечимине карата аппеляциялык тартипте жазган арызы боюнча ишти карап, камакка алынган милиция кызматкерлери үй камагына чыгарылган.

Сот залында милиция кызматкерлери кандайча өрттөлгөн?

2014-жылдын 20-февраль күнү Жумгал райондук сотунун  имаратында А.Мамбеталиевдин иши боюнча соттук процесси болуп, ага 70-80ге чукул адам катышыкан. Саат түшкү бир чамасында каза болгон А.Мамбеталиевдин жакындары жана туугандары соттолуучулар кармалып отурган темир торду көздөй бензин куюлган бөтөлкөнү ыргытып, өрт чыгарышкан.

Соттолуучу Ж. Сыдыков, Р.Токтогулов жана Ч. Баялиевдер өрттөнгөн учурда жана А. Мамбеталиевдин туугандары көп болуп сот залына кирип, соттолуучуларды өлтүрөбүз дегенде, Жумгал райондук ИИБнин кызматкерлери соттолуучулар күйүп жаткандыктан өрттү өчүрүп, сот залына арткы эшигинен алып чыгууга аракет кылган учурда А. Мамбеталиевдин туугандары көпчүлүк болуп райондук ИИБнин кызматкерлерине бензин толтурулган бутылкаларды ыргытышып, аларга күч колдонуп соттолуучулар соттун имаратынан арткы эшигинен райондук ИИБнин болжол менен 25 кызматкерлери менен чыкканда, А. Мамбеталиевдин туугандары жана жаш балдар көпчүлүк болуп кетишип, райондук ИИБнин кызматкерлерине каршылык көрсөтүп 3 соттолуучуну Жумгал суусу тарапка сүйрөп кетишкен.

А. Мамбеталиевдин тарапташтары айыпкер Ж. Сыдыковду кармап уруп сабашып, болжолу менен Джип-мазда үлгүсүндөгү мамлекеттик номери В 76 05 автоунаасына салып белгисиз тарапка алып кетишкен. Саат 14.45 чамаларында Ж. Сыдыковду оор абалда Жумгал райондук ооруканасынын алдына таштап кетишкен. Азыркы убакта Ж.Сыдыковго аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнөн биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, саат болжол менен 17.00 чамасында Бишкек шаарына ооруканага алынып кетти, Ч. Баялиев Нарын ОИИБнын кызматкерлери тарабынан Нарын шаарына чыгып кетишти. Ал эми Р.Токтогуловду А.Мамбеталиевдин тарапташтары ур-токмокко алып, Жумгал суусуна ыргытышкан ал суудан чыккандан кийин өзү ак түстөгү (минивен) автоунасына белгисиз адамдар салып кетишти  деген маалымат болууда, бирок бул маалымат тактала элек. Жумгал РИИБнин кызматкерлери тарабынан  изделүүдө.

Соттук процесске коомдук копсуздукту камсыз кылууга Жумгал РИИБнөн бардыгы 25 кызматкер бөлүнгөн. Бирок жабырлануучу тараптан келген адамдардын саны көп болгондуктан  толук кандуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Мындан сырткары окуя боюнча Нарын ОИИБнын өздүк курамы «Тревога» сигналы менен көтөрүлүп, облустун аймагына «Перехват» операциясы саат 14.15 киргизилди. Нарын ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Н.Молдоисаев жана Нарын ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги М.Жумаевдердин жетектөөсү менен башкармалыктан 44 кызматкер жана Кочкор РИИБнөн 20 кызматкер жалпы 64 кызматкер кошумча күч катары Жумгал РИИБне жиберилди.

Бул факты боюнча Жумгал РИИБнин кылмыштарды каттоо китебине катталып, Жумгал РИИБнин тергөөчүсү милициянын капитаны Н.Бердигуловдун рапортунун негизинде, кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул кылмыш иши боюнча кылмышка шектүү катары төмөнкү адамдар камакка алынышкан:

Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Мамбеталиев Бейшенкул, Нааматова Жамыйла,Бейшенкулова Камила, Мамбеталиев Жыргалбек Бейшенкулович, Карагулов Эсенгул Орозобекович, Акматов Каныбек.

Сууга түшүп кеткен  Р. Токтогуловду издөө уланууда

20-февраль күнүнөн бери дайынсыз жок болуп жаткан КРнын ИИМнин УКККБнын Нарын облусу боюнча опер өкүлү Р.Токтогуловду издөө  максатында Кочкор, Жумгал РИИБнин жана Нарын ОИИБнын бирдиктүү топторунун 25 кызматкери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Жумгал районунун атуулдарынан ыктыярдуу 35 адамдан турган жалпы 10 топ тарабынан Жумгал районунун аймагындагы Арал айылынын Өрнөк айылына чейинки «Арал» жана «Көкө-Мерен» дарыяларынын жээктеринде издөө жана оперативдик-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө

Окуя кандайча болгон?

2013-жылдын 20-ноябрь күнү саат болжол менен 16.00 чамасында Жумгал районуна караштуу Кара-Кече участкасындагы Беш-Сары Көмүр кесиминен 30-40 адамдардын ортосунда өз ара келишпестик болуп, мушташ чыгып ошол жерден мылтык менен атышып, денесинен жаракат алган адамдар бар экени аныкталып,  мылтык аткан адам өнү кызыл түстөгү Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү автоунаага түшүп, Дыйкан айылын көздөй кеткендиги тууралуу Жумгал РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшкөн.

Маалымат боюнча ыкчам топ жана Жумгал РИИБнин кызматкерлеринен турган, атайын жылып жүрүүчү посттор коюлуп, Кара-Кече автожолунан милиция кызматкерлери тарабынан өнү кызыл түстөгү мамлекеттик номери жок автоунаасы кармалып, ичинен Балыкчы шаарынын тургуну 1991-ж.т. Раисов Калыс, Бишкек шаарынын тургуну 1994-ж.т. Мирлан уулу Тилек, Ош облусунун тургуну 1987-ж.т. Назарбаев Санжар жана автоунаанын айдоочусу Чаек айылынын тургуну Нуркалиев Кубатбектер кармалышып, Жумгал РИИБнө алынып келинишкен. Ошол эле учурда Жумгал районунун АБЗ участкасындагы автожолдон Кара-Кече тараптан кату ылдамдыкта келе жаткан Камаз үлгүсүндөгү автоунаа кармалып, ичинен Чуй облусунун Беловодск айылынын тургуну 1981-ж.т. Ашымов Мирлан Балыкчы шаарынын тургуну Алыкулов Тынымсейт Бишкек шаарынын тургуну 1994-ж.т. Нурлан уулу Тилек, айдоочу Бишкек шаарынын тургуну Аскаров Турар жана Абдылдаев Сагынбектер кармалышып, Жумгал РИМИБнө алынып келинген.

Окуя болгон жерге ыкчам тобу барган учурда Жумгал районунун Баш Кууганды айылынын жашоочусу 1987-ж.т. Шаршеев Мирбек Капаровичке белгисиз адамдар тарабынан сайсыз ок атуучу курал менен денесине жаракат келтирип жана Ыссык Кол облусунун Бос-Тери айылынын тургуну 1987-ж.т. Акбагышев Уланга белгисиз адамдар тарабынан бычак менен денесине жаракат келтирилип, Шаршеев Мирбек Капарович жана Ак-Багышов Уландар Жумгал аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкан.

Бул факты боюнча 20.11.2013-жылы Жумгал РИИБнин кылмыштарды каттоо китебине 289,290 сандары менен каттоодон өткөрүлүп, бөлүмдүн начальнигинин тергөө иштери боюнча орун басары милициянын подполковниги Н.Асеков тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖК 28-97-ст. 2-б. 10-п. менен 23-13-65 сандуу кылмыш иши козголуп, бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын бетин ачуу жана кылмышка шектуу адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru