Айбат » Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне

Алыбаев Мидин(башы газетанын өткөн
сандарында)

Лирика менен сатиранын кеменгери Мидин азыр арабызда болгондо калеми менен өткүр сөзү менен нечендерди жер каратып жүдөтмөк. Анткени кезегинде Мидиндин: бюрократ паракор ичип-жегич кошоматчы жана ушул сыяктуу адамдар жөнүндө ыры жарык көрөөрү менен ушундай сапаттагы адамдар  өздөрүнүн ыңгайсыз сезишип тааныштарын көрсө айланып басышып качып  калышчу экен.

Мидиндин өзүндө да чоң  кемчилик болгон. Ал кемчилиги улуу Омор Хаям ырдап өткөн шарап менен жакын болушу. Бирок Мидин бул кемчилигин эч качан танып, актаган  эмес.

Бош койдум чачты тарабай,        

Боюма кеттим карабай.

Баркымды жаман кетирди,           

Балекет баскан арак ай!

Талаада калат-деп корком,           

Таланттын баары жарабай

– деп жазган экен. Өзүнүн кемчилигин журт алдында мойнуна алуусу Мидиндин  чыныгы эрдиги болгон.

“Айбат” газетасынын өткөн санында ( 21. 02. 2014 ж.) кыргыз интеллигенциясынын карлыгачтарынын бири залкар илимпоз мударис, Кусейин Карасасаевдин Мидин жөнүндө эскерүүсүн бергенбиз. Ал эскерүүдө Мидин согуш жылдары Жумгал Районосун жетектеп турганда,  кантип бир мектепке эки директор дайындаганы, ошонун айынан кызматтан алынганы жөнүндө күлкүлүү окуяны  Мидин К. Карасаевге айтып бергени айтылган.

“Ройонодон кызматтан алынгандан кийин эмне иш кылып жүрдүң?” -деп сураптыр К.Карасаев Мидинден.

Мидин Кусейин Карасаевге мындай аңгеме салып берет.

“Кызматтан алынып бош жүргөндө бөтөлкөлөш Мишенко-деген улуту  Украин досум бар эле, ошол бир күнү “ой, Мидин бош жүргөнчө зоотехник болуп иштесең боло, оңой эле иш. Мына бул брошюраны окусаң зоотехник болуп чыгасың” -деп бир жука китепти берди. Окусам жеңил кесип экен. Зоотехник болуп иштеп калдым. “Куйбышев правдасы” деген газетадагы бир макаланы толук  көчүрүп “Тянь-Шанда ушундай иш” деп, облустук гезитке бастырып жибердим. Борбордо ал макаланы окушуптур. Макаланын аягына “зоотехник Алыбаев” -деп койгом. Атымды жазган эмесмин. Бир күнү борбордон “Зоотехник Алыбаевге тапшырма. “Тянь-Шань” областында бир айлык зоотехник курсу уюштурулсун” -деген буйрук алдым. Ал курсту да уюштурдум. Жер-жерлерден окуу курсуна окуучулар келе баштады.

Курска келгендерге лекцияны мен окушум керек да. Кыргыздардын шайы бош экенин жакшы билем. Коркконум эле татар, казактар. Ушулардын арасында  казак акыны Магжан Жумабаевдин бир тууганы бар экен. Ал жигит Москвадан айыл чарба академиясын жаңы эле бүтүп келиптир. Мен ошол жигитти чакырдым да  “курсту мен өзүм ачып берем. Андан ары лекцияны сен окуп тургун. Жогорку билимдүү экенсиң. Мына ушул жооптуу, ардактуу милдетти сага тапшырдым. Менин колум эч бошой турган эмес. Ишим чачтан көп!” -десем, ал бир аз ойлонуп туруп макул болду. Зоотехника боюнча бир айлык  курс жакшы өттү. Курс аяктаганда “ бир айлык курсту үлгүлүү уюштургандыгы үчүн зоотехник Алыбаев бир айлык маяна менен сыйлансын” -деген мактоо чыкты. Кырсык болуп ЦКдан Орозалиев Керимкул деген келип, кызматтан алып салса болобу. Болбосо, “замминистр болоорума бир секирим эле калган” -деп күлдүргөн эле кайран Мидин”-деп эскериптир залкар инсан Кусейин Карасаев.

Мидиндин теңтушу Шейшенбектин эскерүүсү

Согуштун кан күйгөн 1943-жылы “Чаек” колхозунда эсепчи элем.

Колхоздун кеңсесине сводка берейин деп келип калсам, Мидин туруптур. Ал акыбалды сурашкандан кийин ал “кырманда бозо барбы?” -деп калды. “ооба” -деп башымды ийкедим. Экөөбүз аттанып кырманды карай жөнөдүк. Кырман “Коо” -деген жерде эле.  Барсак, кырманчынын аялы отуруптур. Андан “бозо барбы?” -деп сурасак, кырман четинде самандын үстүндө жаткан “Помартелдин” директорун көрсөтүп “ тиги уполномочен шыпкап ичип салды. Бозо жок” -деди. Биз кырмандын чекесине барсак тигил эргул башынан буу чыгып, нымшып, уктап жатат. Башындагы чачы жыдып түшүп калган адам эле. Оңбогон Мидин менден бир барак кагаз алды да, минтип жаза салды:

Башың башпы- кумганбы?

Же, искектеп бирөө жулганбы?

Оолжуп барып сүзүпсүң ,

Отко асылган тулганы.

Казанда бозо бүт ичип,

Караевиң кур калды. (Караев Шейшенбек)

Минтип жүрсөң Тазбаймат,

Кууратасың Жумгалды!

Таз башыңа  жазам-деп,

Таза колум булганды.

Мидин ушул ырды жазып, тигинин башына чаптап, ары басып кетсе болобу. Аңгыча кырмандагылар бирин-экин чогулушуп, бозого тоюп уктап жаткан уполномочендин башындагы чапталуу ырды окушуп, кыраан каткы күлүштү”.

Мидиндин ушул күлкүлүү ыры эл ичинде ушул кезге чейин, 70 жылдан бери  муундан, муунга өтүп жашап келет.

Мидин жана башкарманын ити

Ошол кандуу согуш жылдары Жумгалдын “Чаек” колхозунда Жусуп деген башкарма бар эле. Мидин андан минип турганга бир ат сураса ар нерсени шылтоо кылып  бербей жүрөт. Дагы бир күнү Жакыптын үйүнө  ат сураганы барса көчөдөн башкарманын итин машина басып кетиптир. “Күчүк кезинен баккан итибиз эле? “-деп Жакып аялы экөө кабактарын карыша түйүшүп, көздөрү жашылданып турган экен. Мидин буларды көрүп, дароо эле бир обонго муңдуу салып:

Аа, ардактап баккан кумайык,

Ала салды булайып“

Күчүктөн баккан итим” -деп

Жеңекем, ыйлап турат муңайып.

Жараткандын иши экен,

Жапаке, кандай айла кылалык!

-деп кошуп жиберет. Бул ырды уккан башкарма  бир аз күйпөлөктөй калып эле: “Болду, болду Мидин, ары жагын улаба! Тетиги байланып турган атты эки-үч күн мине тур, андан кийин мен фермага айтып жакшы ат бердиртейин” -деп жибериптир.

Мидинди кимдер барктабаган. Менимче, мүлдө кыргыз сыйлаган акын, өткүр чечен. Кайран Мидин көзү өткөндө далайлар жоктоптур. Кыргыз жазма тарыхынын корфейи, академик Бегимаалы Жамгырчинов акын болбосо да, да колуна калем алып “Мидинге” -деген бул ырын жаратыптыр.

Мидинге

Колго алып окуганда чыгармаңды,

Толкутуп ой-сезимим жүрөк канды.

Элесиң тартылды да көз алдыма,

Кайгылуу өткөн ишти эске салды.

Кыргыздын бир булбулу акын Мидин,

Арманда эрте  кеткен асыл иним.

Дайыма угулгандай кулагыма,

Сайраган, мукам сенин үнүң.

Абадай Ала-Тоодо аркыраган,

Булактай мөңгүсүнөн шаркыраган.

Жалындуу талапкерлер катарында,

Элинин бир чынары жаркыраган.

Жоктошот, кайда кеттиң, сүйгөн элиң,

Жоготуп, таланты курч сендей эрин.

Сагынат, коюн ачат чакырышат,

Тянь-Шань, Ала-Тоодой өскөн жериң.

Кантип ажал багынтып колун салды?

Аябай акын, талант азиз жанды.

Эчен ой, эчен талап тилектериң,

Элиңе айтылбастан ичте калды.

Нелерге күйүп, өкүнүч эттиң экен,

Нелерге арман кылып кеттиң экен?

Жалындуу, кайран өмүр жаштар өттү,

Максаттын канчасына жеттиң экен?

Сен өлдүң, өлбөйт бирок эмгектериң,

Элиңе сугат болоор төккөн териң.

Унутпас, Ала-Тооң да, Тянь-Шань да,

Урматтап, “арбагыңды” сүйгөн элиң.

Болот Кожогелдиев.

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru