Айбат » Жамила: “Ырайы суук бала ала качып кетип…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Жамила: “Ырайы суук бала ала качып кетип…”

жалгыз кызТатаал тагдырларга, жан кейиткен турмушка кайсы бир адам чыдаса, кээ бири чыдабай, эмне кылаар айласын таппай жүрүшөт. Ошондой адамдардын катарын биздин редакцияга кат жазган Жамила аттуу кыз да толуктап келет.

“Саламатсыздарбы, “Айбат” гезитинин жалпы жамааты! Сиздердин тагдыр рубрикаңыздарды окуп алып, мен да башыман өтүп жаткан оор тагдырымды сиздер менен тең бөлүшүп, жылдыздардын кеңешин алгым келди “-деп, биринчи күйөөсүн чанып, аны менен ажырашкан соң экинчи жолу турмушка чыккан Жамила ал менен да жылдызы келишпей жатканын айтып, кат жазган.

 Биринчи күйөөм

Мен Кыргызстандын алыскы облустарынан болом. Атым Жамила (аты өзгөрүлдү), 25 жаштамын. Айылдагы мектепти бүткөн соң апамдар мени элдин балдарынын катарынан калтырбай, шаардагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшыртып, окутуп жатышты. Окууну жаңы бүткөн учурда айылда өрүк кургатуу убагы болуп калгандыктан, убактылуу атамдарга кол кабыш кылайын деген ойдо айылга барып калдым. Кимдин кызы шаардан окуп келсе, айылдагыларга абдан кызык болот эмеспи. Мени айылдын аркы өйүзүндөгү ырайы суук бир бала ала качып кетти. Апамдар “Таш түшкөн жеринде оор. Кызым, улаганы аттаба, кыргыздын салтын бузба, биздин эл караган бетибизди жер карата көрбө. Сен акылдуу кызсың” деп жатып ал жерге отургузуп коюшту.

Аны менен көчөдө баскандан уялчумун

Мен ал баланы сүймөк турсун, кичине да жакшы көрө албай койдум. Күйөөм болсо да, жада калса аны менен бир көчөдө баскандан уялчумун. Ырайы суук болгону аз келгенсип, мектепти да толук аяктабаптыр. Тогузунчу классты араң дегенде окуп бүтүптүр. Ал адам менен жашай албасыма көзүм жетип, “дүйнөдө күйөө менен ажырашкан жалгыз мен болсом да” деп баса бердим.

Аны менен ажырашып, шаарга иштеп калдым

Борбордогу мектептердин биринде математика-информатика сабагынан мугалим болуп жүргөн күндөрдүн биринде, мен окуган университетке “мугалим болуп иште” деген сунуш түшүп калды. Университетте эки жылдай иштеп калдым. Ушул күндөрдүн ичинде кыялымдагы адамга жолугуп калдым. Экөөбүз бат эле тил табышып, бирге турмуш куруп калдык.

Жолдошумдун айлыгы жалаң алиментке кетет

Жолдошумдун мурунку жашоосунан эки кызы бар экенин билчүмүн, бирок алар апасы менен кеткен экен. Мурдагы аялы жолдошумдун үйлөнүп алганын билип алып, эки кызын биздикине жиберип, окутуп койду. Күйөөмдүн тапкан акчасынын жарымынан көбү (70) алиментке кетет. Калган акчасы жолунан ашпайт. Акчанын айынан ортобузда бат-баттан уруш пайда боло баштады. Менин унчукпасымды билип алып кайненем да менин ишиме кийлигишмей адат таап алды. Биринчиден көрбөгөн бакытты, экинчиден көрөм деп ойлогон жаным, экинчи жашоом да бул болуп жатат. Азыр ара жолдо турам, эмне кылаарымды билбейм. Мага кеңеш бериңиздерчи?

Кеңешиңерди биздин редакциянын дарегине жазыңыз: redactor@aibat.kg

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru