Айбат » Оппозицияга кайдан каражат келди?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозицияга кайдан каражат келди?

Жээнбеков Равшан«Уккан кулакта жазык жок» дейт элибизде. Анын сыңарындай, УОК (улуттук оппозициялык кыймыл) лидери Равшан Жээнбеков 17-мартка мерчемделген курултайга кызуу даярдык көрүп, ал үчүн, ири каражат тапканын анын айланасында жүргөндөрдүн күбүр-шыбырынан эшиттик. Ага кулак түрсөк, УОКчулар борбордун жака белиндеги жаңы конуштардын тургундарын 17-марттагы митингге үндөп жүрүшүптүр. Ал эми курултай маалында катышуучуларга бекер тамак таркатылып, каалоочуларга «бөдөнөнүн сүтү» да тартууланарын угуп оозубуз Ошту карады. Деги Равшан Бабырбекович курултайга келген адамдарды кызылдай мас кылып, анан Камчыбек Ташиевчесинен Ак үйгө айдактоону пландагандан сообу деги? Анда оппозиция лидерлери Ак үйдү, тактап айтканда, бийликти күч менен басып алууну көздөгөндөн сообу деги?

Р.Жээнбеков курултай Бишкек шаарында гана өтөрүн расмий жарыялаганы эсте. А жеке булагыбыздын кабарлашынча, 17-мартта Таласта да митинг өткөргөнү жатыптыр. Бул эмнеден кабар берет? Ошол эле маалда мындай ири акцияларды уюштуруу үчүн каражатты кайдан тапканын айтып бере алар бекен? Же Равшан мырза океандын ары жагынан келген буйруктарды «кыңк» этпей аткарып, Кыргызстандын кызыкчылыгын уруп ойнобойбу?

Айбат гезити №68



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru