Айбат » С.Жапаровдун жүрүшү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » С.Жапаровдун жүрүшү

Жапаров СадырБылтыр октябрда Караколдо баш-аламандык салып туруп Минскиге кире качкан Садыр Жапаров 10-мартта кайтып келери күтүлүүдө. Анын жашыруун планына абай салсак, Кадыр Кошалиев жетектеген «Улуттук курултай» кыймылы менен Дайырбек Орунбеков жана Максат Кунакунов башында турган «Жаштар өкмөтү» коомдук бирикмесинин иши жанданмакчы. Себеби, Садыр мырза ушул эки кыймыл аркылуу саясатын жүргүзөт экен. С.Нургожоевичтин оппозициядагы санаалаштарынан четтеп, өз алдынча кыймылдай баштаганына караганда бир билгени бар өңдөнөт. Же оппозиция лидерлеринин сырткы күчтөрдүн долбооруна айланганын билген соң ушундай кадамга барып жатабы?

УОКтун лидери Равшан Жээнбеков 17-марттагы курултай мыйзам чегинде тынч өтөрүн, анда ар кыл маселелер талкууланарын далай ирет билдирди. Бирок, бул жигит курултай атына жамынып алып, карөзгөй планын жүзөгө ашырганы жатканы кандай? Дегенибиз, курултайда өкмөттү отставкага айдоо, парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу, ал турсун «президент кетсин!» ураандары жаңырары каңкууланууда. «Ата журттун» “Үч мушкетеру” (Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов) Чыңгызханчасынан Ак үйдүн темир тосмосунан ашып түшөбүз деп жатып мандатынан ажырап, соттолушту эле. Бул «эргулдардын» тагдыры Равшан Бабырбек уулуна сабак болбогону өкүнүчтүү…

Айбат гезити №68



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru