Айбат » Талип Ибраимов: «Жалган маалыматтардын таратылышынын жоопкерчилигин талкууга алыш керек»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Талип Ибраимов: «Жалган маалыматтардын таратылышынын жоопкерчилигин талкууга алыш керек»

kinopoisk.ru- Талип мырза, эл өкүлдөрү ММК беттериндеги жалган, ушак, имиш маалыматтар үчүн чара көрүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун айта баштады. Айрымдар көнүп калгандай эле, «сөз эркиндигин чектеп атышат» деп чыгаары турган иш. Бул сөз эркиндигин чектөөбү, же жоопкерчиликти арттыруубу?

– Бир жагынан алып караганда жоопкерчиликти арттыруу болуп эсептелет. Бирок, ошол эле учурда андан пайдаланып, айрымдар сөз эркиндигине да коркунуч жаратууга аракет жасоосу мүмкүн. Негизи закон кабыл алыш оңой эле. Бирок, аны азыркы кырдаалда журналисттер журтчулугу түшүнбөй, туура кабыл албай коюушу да мүмкүн. Бирок, журналисттердин эле абийирине коелу десек, өтө аша чаап кеткен учурлары да көп кездешүүдө. Андыктан муну өтө кеңири талкуулап, анан бир жыйынтыкка келиш керек экен.

- Фактыга таянбаган имиш маалыматтар менен адамды каралай берүү дагы сөз эркиндиги болуп эсептелеби?

– Жок, ал сөз эркиндиги болбойт. Жөн эле эптеп каралоо болуп калат да. Менин оюмча азыр бул маселени журналисттер союзуна тапшырып, ММКда жарыяланып жаткан маалыматтардын чын-бышыгын аныктап, ошого жараша жоопкерчилигин көрө тургандай кылыш керек деп ойлойм.

Айбат гезити №68



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru