Айбат » “Жаштар өкмөтү” “за кулисами”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Жаштар өкмөтү” “за кулисами”

Кунакунов МаксатЖе Кунакунов оппозициялык кыймылдын Кыргызстанда Украинадагыдай майдан жасагысы келгендигин кайдан билет?

Өз алдыларынча эле эч кандай мыйзамдын негизинде жок «Жаштар өкмөтүн» түзүп алган Максат Кунакунов борбор шаарыбыздагы маалымат борборлорунун биринде саат 11:00до маалымат жыйынын өткөрөбүз деп журналисттерди топтоп алып, туптуура 25 мүнөт кечигип келишти. Анан өзүн-өзү лидер катары көрсөтүп алган Максат Кунакунов топтолгон журналисттердин алдында 20 мүнөт тынбай сүйлөп, бийликти колунан келишинче шыбап, өздөрүн колунан келишинче мактап алды. «Биз Ош шаарына эл менен жолугушуу үчүн барсак, бизди аэропорттон эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери террористти тозуп алгандай тозуп алышты» дейт ал. Кызык, эгерде ошондой тозуп алуу болсо, анда Максат Кунакунов азыр журналисттердин алдында сайрап турат беле? Же укук коргоо органдары тартипти көзөмөлдөө үчүн жүрсө деле, булардын көзүнө башкача көрүнүп атабы? Кыргызда айтылмакчы, коркконго кош көрүнөт болуп жаткан жокпу? Анан дагы «Мен Ош шаарынын мэрине кирип, өзүбүздүн жыйынды өткөрүүгө уруксат сурасам «Бабур» театрынын имаратына өткөзүүгө уруксат берди. Бирок, кандайдыр бир тартипсиздик, мыйзамсыздык болсо, бардык жоопкерчиликти өзүңдүн мойнуңа аласың деп айтты. Мен буга түшүнгөн жокмун. Анда укук коргоочулар эмне кылышат?» дейт ал. Биринчиден, кандайдыр бир митинг, же иш-чара өткөрүүгө уруксат алган адам, анын жоопкерчилигин да кошо алышы керек. Муну бардыгы билет. Экинчиден, эгерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы ал жерге топтоло турган болушса, жогорудагыдай «террористти аңдып турушкандай аңдып турушту» деп айтмаксыз да урматтуу Максат мырза. Анын айтуусу боюнча булардын бийликти алалы деген эч кандай максаты жок экен. Болгону билимдүү, чет жерлерден окуп келген жаштарды топтоп конструктивдүү сунуштары менен чыгышмакчы болушуптур. Бирок, алардын эл кыдырып сүйлөгөн сөздөрүнөн эч кандай конструктивдүү сунуштарды укпаганыбызды, аларды колтугуна кысып багып атышкан жаңыдан түзүлгөн оппозициячыл кыймылдагы саясатчылардын эле сөздөрүн кайталап жатышканын кайда катабыз? Ошол эле учурда алардын арасынан чет өлкөдөн билим алган билимдүү жаштарды деле көрө алган жокпуз. Баягы эле саясатка башпакпай жатып, акчанын артынан түшүп алган жаштарды көрүп атканыбызды кантип жашырабыз? Мына ушундайча ойлорун опурулуп айтып алгандан кийин Максат Кунакунов отурган ордунан ыргып тура калып, эшикти көздөй безип жөнөдү. Журналисттердин «суроолорубуз бар эле» дегенине «Бизге бир жерге жарым сааттан ашык турганга болбойт» деп билдирип, артынан бирөө кууп бара жаткандай качып жөнөдү. Жок дегенде бирин-экин суроо берип калалы деген журналисттер артынан ашыгып чыкканча Кунакунов кымбат баалуу машинесине мине калып, качып кеткенин көрдүк. Ошентип Кунакуновго бериле турган суроолор жоопсуз калды. Болбосо жалпы коомчулук кызыгып турган суроолор арбын эле. Маселен, алар «Биз таза, булганбаган жаштардын башын бириктирели деп жатабыз» деп айтышууда. Андай болсо, мына ушундай баага Кунакунов өзү татыйбы? Анын «Ак жол» партиясы аркылуу парламентке депутат болуп келип, кыргыздын кереметтүү Каркыра жайлоосун казактарга сатып жиберүүгө «макул» деген добушун бергенин эч ким тана албаса керек. Буга азыр Кунакунов өкүнбөйт болду бекен? Экинчиден, жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрүү үчүн дагы аз эмес акча кетет. Анын үстүнө жолугушуу өткөрө турган имаратты да ижарага алууга туура келет. Жатакана, тамак-аш маселеси бар. Мына ушул каражаттардын бардыгын кайдан алып жатышканын ачыктап беришсе болмок? Же өз чөнтөгүбүздөн чыгарып атабыз деп элди алдагылары келеби? Булардын арасында алганды гана билген, бирок бергиси келбеген, бирөөнүн эсебинен жан бакканды өлө сүйгөндөрү бар экендигин, дал ошондойлор эл кыдырып жүргөнүн эске алганда өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып жаткандарына деги эле ишене албайсың. Кыязы дал ушундай, дагы башка толгон-токой ыңгайсыз абалга кептей турган суроолордон качышты өңдөнөт. Эгер таза, билимдүү жаштар болсо, эч кандай суроолордон качпайт эле. Кунакуновдун кыргыз элине кыянаттык кылган коркок билиши бар болгон үчүн качып жатканын түшүнгүдөй болдук. Баса,  баса белгилеп айта кетүүчү нерсе бул жыйында Максат Кунакунов сырын айтам деп, чынын айтып алгандай болду. «Биздин максатта Майданды уюштуруу жок. Бизди 20 жылдан бери бир ууч топ биригип алып башкарып жатат. Жарымы бир оппозицияга кетет, кайра бир бийликке барып калат. Оппозиция Майдан уюштурабыз деп коркутуп жатат. Биз муну каалабайбыз. Ошондуктан жаштарды нормалдуу, конструктивдүү сунуш жана сын айтуу үчүн бириктирип жатабыз. Бирде бийлик, бирде оппозиция сүйлөшүп алып, төңкөрүш жасап жатышат. Биздин өлкө үчүнчү революцияны көтөрө албайт» дейт Максат Кунакунов. Албетте, дагы бир революциянын эч кимге кереги жок. Муну жалпы элибиз жакшы түшүнүп турат. Жок дегенде ушуну түшүнүп аткандарына да ыраазычылык билдиребиз. Экинчиден, Кунакуновдун айтымында жаңыдан түзүлгөн оппозициялык кыймыл Кыргызстанда Украинадагыдай Майданды жасагысы келип жаткан экен. Эске салсак буга чейин Равшан Жээнбеков да эч кандай Майдан жасоону көздөбөгөндүгүн билдирген. Бирок, анын жалган айтып жатканын, чыныгы максаттары мамлекетибизде дагы бир башаламандык жасап, бийликти кулатууну көздөп жатышканын Кунакунов ачыктап отурат. Бул жагынан ага ишенсе болот. Себеби, аталган «Жаштар өкмөтү» жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймыл менен тыгыз байланышта экендигин жашыра алышпайт.   Ошол эле учурда Максат Кунакунов өзү дагы Бакиевдердин «Ак жол» партиясы аркылуу саясаттын босогосун аттап, жаныш Бакиевдин буйруктарын кыңк этпей аткарып келген. Андыктан бул «Жаштар өкмөтү» деген атка жамынгандар Бакиевдердин долбоору экендигин баамдоого болот. Демек, алардын баш көтөрүп, жер-жерлерди кыдыра баштаган аракеттерин артында Бакиевдердин кызыкчылыгы тургандыгын да баамдаса болот. Жогоруда жоопсуз калган «Ким каржылап жатат?» деген суроого бериле турган жооптун төркүнү ушул жакта болушу толук ыктымал.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru