Айбат » «Көмүр королу», доктор Апас, Нышанов – улуттук оппозициянын жүзүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » «Көмүр королу», доктор Апас, Нышанов – улуттук оппозициянын жүзүбү?

Мотуев, Нышанов, АпасРавшан Жээнбеков жетектеген улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер менен сүйлөшүп, аларды катарына кошуу аракетин көрүүдө. Булардын катарында элге күлкүлүү жактары менен таанылган адамдар да бар. Сөзүбүз супсак болбосун үчүн «көмүр королу» атыккан Нурлан Мотуев, өзүн гана президент санаган Кубанычбек Апас, «омбу-домбу» Назарбек Нышановдун жосунсуз жоруктарын айтсак болот.

Нурлан Мотуев дегенде, о-у-у, көз алдыбызга түрдүү образдагы адам тартылат. Алгач журналист болуп жүрүп, АКШда аз убакыт жашагансыды. Ошондо Америка жаранынан төрөлгөн эки уулун айтып мактанып: «Менин АКШда эки уулум бар, экөөнүн ар бири 1 млн. доллар турганда 2 млн. долларым бар» деп көкүрөк какканын бүткүл эл уккан. «Капыра-а-ай, бул кан-жанынан жаралган балдарын пулдаганы калганбы?» деп чоочулаганбыз.

2005-жылдагы март окуясынан кийин Курманбек Бакиевге жакындап, бир жылдан ашуун Кара-Кечедеги көмүр кенин жетектегени маалым. Мына ошондо алкымын тыя албай, ашыкча «ап» эткени үчүн темир торго тыгылган эле. Ал кездеги оппозицияны поктоп берүүгө убада берип соодалашкан соң эркиндикке чыкканын өзү деле таңбас.

Апрель окуясынан кийин «чээнге кирген аюудай» тынчып калды эле, эми үнү угула баштады. «Бүткүл мусулмандардын башын кошом, ушул багытта саясат жүргүзөм» деп чамынууда. Ушунун өзү Н.Мотуевдин «чала молдо дин бузарлыгынан» кабар берет. Себеби ислам динин саясатка аралаштырууга тыюу салынганын бешиктеги бала деле түшүнөт.

«Чудиктиги» жагынан Мотуевден ашса ашып, асты кем калбаган Кубанычбек Апасты кимдер тааныбайт. Аны «доктор Апас» деп тергеп коюшат. Анын элди кантип дарылап жүргөнүн билбейт экенбиз, бирок, андан көрө өзүн тескеп албайбы деген суроо жаралбай койбойт. Себеби доктор Апас өзүн 500 жылда бир жаралчу инсан атап, өзү гана президент болсо Кыргызстан өнүкмөктүгүн айткандан тажабай келет.

Жогорудагы эки «кыялкеч» адамдардын катарынан «Кыргызстан патриоттор» кыймылынын лидери Назарбек Нышановду кездештиресиң. 53 жаштагы Нышанов 1998-жылы ал кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялап, аны отставкага кетүүгө чакырып бир дүң болгону белгилүү. Натыйжада 2003-жылга чейин түрмөгө отуруп чыкты.

Н.Нышановдун соңку мезгилдеги жүрүштөрүн түшүнүп бовойт. Бирде «өкмөт менен парламент кетсин!» деп кыйкырса, бирде «элдин байлыгын жеп-ичкен чиновниктердин тизмесин жарыялайм» деп чамынып чыга калат. Тилекке каршы, мындай аракетинин үзүрү байкала элек.

Мына ушундай кейипкерлер улуттук оппозициялык кыймылдын катарына кошулганы жатыр. «Жүзүңдү аччы, Гүлчөтай» демекчи, оппозициянын жүзү ушулар болуп калабы? Анда эле иштин бүткөнү эмеспи? Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматов сындуу оппозиция лидерлеринин УОКтун катарынан чыгам дегенинин себеби ушунда болуп жүрбөсүн? Анда Равшан Бабырбекович жалаң «чудиктер» менен калып калабы? Анда эле ага ийгилик каалайбыз…

Айбат гезити №68



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru