Айбат » Пулуң болсо, кулуңмун, же «Республика» фракциясы кандайча сакталып калды эле?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Пулуң болсо, кулуңмун, же «Республика» фракциясы кандайча сакталып калды эле?

Республика2010-жылы парламенттик шайлоо алдында эле шашылыш түзүлө калып, шамдагайлана шайлоого катышып кеткен эки партия болсо, анын бири «Республика» эле. Элдин муун-жүнүн «бошото» тургандай укмуштуудай лозунгдар менен кошо акчанын күчүнө салып атып, маарага алдыңкылардын катарында кирип келген. Анан парламентке келгенине бир жылдан ашып ашпай, ичинен ыдырап, «кочкорлордун» саны көбөйүп, бир казанга кайнай албай кагылышып отуруп, адегенде Канат Исаев өзүнүн тобу менен фракциядан «канатын» кагып учуп кетсе, анын артынан Бакыт Төрөбаев өзүнчө топ түзө калып куйругун түйгөн. Көп узабай Алтынбек Сулайманов өзүнчө топ түзүп, фракциядан чыгып кеткенин жар салды. Ошентип «Республика» фракциясы жок болуп кетүү коркунучу менен жардын кырына такалып калганын баамдаган элек. «Өтө кызыл бат оңот» демекчи, алеки саатта бириге калышып, ысык ымалага келишкендей болуп түр көрсөткөн бул партия биротоло чачырап кетүү коркунучуна кептелип калган. Эң башкы коркунуч К.Исаев, Б.Төрөбаев жана А.Сулайманов бөлүп кеткен топтордон калганы дагы тең экиге бөлүнүүгө даяр тургандыгы тууралуу аталган партиянын эле өкүлдөрү күбүр-шыбыр сөз кыла баштаган. Бирок, бул күбүр-шыбыр кеп көп узабай токтоп, бекем ынтымакка келгендей болуп, унчукпай иштеп калышкан. Көрсө, мунун да өзүнүн сыры бар экендиги белгилүү болду. Башынан бизнестин ичегисине кан куюп жедеп бышкан Өмүрбек Бабанов өзүнүн кезектеги «бизнес-тактикасын» жасап жибериптир. Фракцияда калган депутаттардын бардыгына 50 миңден 500 миң долларга чейин тил кат аркылуу ссуда берип, дагы экиге бөлүнгөнү турган депутаттардын амбициясын суу сепкендей өчүрүптүр. Бардык жагдайды акчанын күчү менен сактап көнүп калган Бабановго «бали!» дебегенде не дейбиз? Бирок, «мойнунан байлаган ит ууга жарабайт» демекчи, качанкыга чейин акчанын күчү менен фракцияны кармап тураарын ким билет?

Айбат гезити №68



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru