Айбат » Кара-Балтадагы «Джунда» нефти кайра иштетүүчү заводуна каршы аракеттердин артынан Мадылбековдун кулагы көрүндү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кара-Балтадагы «Джунда» нефти кайра иштетүүчү заводуна каршы аракеттердин артынан Мадылбековдун кулагы көрүндү

Мадылбеков ТуратбекКечээ жакында эле Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү «Джунда» заводунун иштөөсүнө каршылык көрсөткөн акция болуп өткөн эле. Митингге чыккандар аталган завод экологияга өтө чоң зыян алып келүүдө деп билдиришкен. Ал эми аны кимдер уюштурганы көмүскөдө калган болчу. Бирок, көп өтпөй эле бул митингдин артынан парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун кулагы тикчийип чыга келди. Көрсө эл өкүлүнүн «Джунда» заводуна жакын аймакта 217 гектар жер тилкеси 4 кашары менен бар экен. Убагында ал бул жер тилкесин 960 миң долларга сатып алыптыр. Анан заводдун экологияга тийгизип аткан зыянын шылтоолоп бул кашарларын жер тилкеси менен кошо 1 миллион 200 миң долларга сатып жиберүүнү көздөп турганы ачыкка чыгып атпайбы? Ал өзү жалгыз эле болуп калбашы үчүн Ошол аймакка жакын жерде 3 бөлмөлүү квартирада турган орус үй-бүлөсүн да өзүнө имерип, квартирасын заводду иштетип аткан кытайлыктарга 300 миң долларга сатууга көндүргөн. Анан алар ушундай «сунуштары» менен кытайлыктарга кайрылганда алар баш тартып койгонун билдик. Буга ачуусу келген Туратбек Мадылбеков элди көтөрүү үчүн өзүнүн адамдарына тапшырма бергендиги билинди. Кара-Балта шаарынын экологиясына күйүп жаткандай түр көрсөтүп бир заматта доллар менен миллионер боло калгысы келген Мадылбековго «баракелде».

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №68




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru