Айбат » УОКтун катарын калыңдаткандар: эл тоногуч, туңгуюкка жетелеген, чыңгызхандын «урпактары»…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » УОКтун катарын калыңдаткандар: эл тоногуч, туңгуюкка жетелеген, чыңгызхандын «урпактары»…

Ташиев забор митингЖаңыдан көз жарган улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) катарында элге белгилүү саясатчыларды кездештиресиң. Жаңы идеясы, өлкөнү өнүктүрүүчү программасы жок «азаматтардын» түпкү максаты эмне? УОК мүчөлөрүнүн саясий бейнесине сүртүмдөрдү сунуш кылабыз.

 Равшан Жээнбеков – туңгуюкка жетелеген саясатчыбы?

Артыкчылыгы: Эркин ой жүгүрткөн, либералист, билимдүү десек болот.

Кемчилиги: Батыштын оюн кыргызга таңуулап, ашкере демократчыл болуп кетет. Анан да кууланган саясат жүргүзөт. Өз кызыкчылыгы үчүн бардыгына кайыл. Мамлекеттин бүтүндүгү ал үчүн түккө турбайт. Билимдүү, тилекке каршы, аны ар дайым коколой башы үчүн гана пайдаланат. Бирөөдөн кемчилик гана издейт, анын жакшы жагын көрбөйт. Ыгы келсе чалып жыкканды жакшы көрөт. Элди тез эле башын айланып, ээрчитип алгысы келет. Бирок ушул убакка чейин жүзөгө ашыра алган жок.

Оппозицияга кошулган максаты: Эптеп эле бийликке жетүү, артыңдагы калдырак-шалдырактарынан арылып, «Кумтөр» сыяктуу эркиндигин ажыратчу көйгөйлөрдөн арылуу. Ошондой эле бир аз чөнтөгүн кампайтып алуу.

Келечеги: Саясий туңгуюукка жетелеген саясатчы!

Бекназаров элди тоногон саясатчы дейби…

Артыкчылыгы: Уюштургуч жөндөмү бар, бирок бир гана митинг-пикеттерге. Акылы бар, бирок кирди-чыкты. Эрки жетиштүү саясатчы, бирок жетеленме.

Кемчилиги: Ар качан “бульдозерлук” касиетин көрсөтөм деп оозуна келгенди оттой берет. Билимсиз жактоочу. Ким экенине карабай эле адвокат болуп чыга калат. Өзүнүн саясий максатын жакшы билбейт, ыңкылап кылыш керек дегенди укса эле каны дүргүп чыгат. Мындан акча жасоону мыкты өздөштүргөндөй. Бир да лидерлик сапат жок. Сөзүнө дайым жөө жомокту аралаштырып айтат. Ага деген элдин ишеними кетип калган.

Оппозицияга кошулган максаты: Убактылуу элди алдап,  акча кылыш. Мүмкүнчүлүк болуп калса күч түзүмдөрүнүн башына келүү.

Келечеги: Жарыкты караңгылатып, элди тонош!

 

«Чыңгызхан» Ташиев – заправкаларын коргогондо

Артыкчылыгы: Колу ачыктыгы менен азыноолак жактоочуларын топтой алган.

Кемчилиги: «Кылгылыкты кылып алып», анан ойлонот. А.Келдибеков сыяктуу кан досторунун тилине кирип, «Чыңгызхан» атыкты. Билим жагынан тайкылыгы аны бүгүнкүдөй таз кейипти кийгизди. Аны көпчүлүк Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевдин буйругун аткарган адам катары кабылдашат. Муну Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин телефондук сүйлөшүүсү далилдейт. Республикалык деңгээлдеги лидерликке бышып жетиле электигин «Ата журт» партиясынын ичтен ыдыраганы далилдейт. Эгер ал күчтүү саясатчы болгондо «Ата журтту» чачыратпай сактап калмак.

Оппозицияга кошулган максаты: Жеке бизнесин гүлдөтүү, азыркы бийликтен өчүн алуу.

Келечеги: «Чыңгызхандыгын» таштабаса, Ак үйдүн темир тосмосуна алаасын далай тилдириши ыктымал.

 

«Арстан», «жолборс» Мырзакматов…

Артыкчылыгы: Ашынган авантюрист. Апрель окуясынан кийин ар кыл ыкмаларды колдонуп, элдин башын айландыруу аркылуу мэрлик креслосун сактап кала алды.

Кемчилиги: Элди дайыма алдай албасын түшүнбөгөнү. Бүгүн бирди сүйлөп, эртең башкача «сайрап» калганы – анын туруксуз саясатчы экендигинен кабар берет. Айрым маалымат каражаттары аны «наркобарон», улутчул саясатчы катары сыпаттап жазышкан эле. Мындай ярлык анын мындан аркы кадамдарына кедергисин тийгизери калетсиз.

Оппозицияга кошулган максаты: Саясий соодалашуу аркылуу Ош мэрлигине кайтып келүү. Же болбосо 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялардын биринин этегине эрмешип депутаттык мандат тагынуу.

Келечеги: Оштун «түшкөн ханы» авантюристтигин, алдамчылыгын токтотпосо баштапкы ордуна – «жыгач пуруш», «май пуруш» наамына кайтып барышы ыктымал.

 

0,1%дык Суваналиев

Артыкчылыгы: А.Акаевдин убагында «Катани» атыкканы бар.

Кемчилиги: Туруктуу позициясы жок. Мунун далили катары 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Содружество», «Ар-намыс», «Республика», «Ата журт» партиясына «тийип» чыкканын айтсак жаңылышпайбыз. Ал эми 2011-жылдагы президенттик шайлоодо 0,1 добуш жыйнап «шым» болсо, 2012-жылдагы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда «Ар-намысты» банкрот кылып, мэрлик креслого көчүк баса албай арманда калды. Өзүнүн дараметин билбей туруп көккө секире бергени – анын башкы кемчилиги.

Оппозицияга кошулган максаты: Бир «сөздүн» өчүн алуу максатында аркы жээкте жүрү.

Келечеги: Жакшы менттен келечектүү саясатчы чыгышы кыйын.

Айбат гезити №68




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru