Айбат » Эл өкүлү Максат Сабиров Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун акчасына неге муктаж?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эл өкүлү Максат Сабиров Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун акчасына неге муктаж?

Cабиров МаксатЖогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын депутаты Максат Сабиров Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө өтө катуу асылып жүргөн эле. Эл алдына чыгып алып, мамлекеттин каражатына күйүп жаткандай түр көрсөткөн эл өкүлүнө ишенип алгандар да болгон. Бирок, көп өтпөй анын эмне себептен аталган фонддун ишине өзгөчө асылып калганынын сыры ачылып отурат. Көрсө, Максат мырза Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен өзүнүн парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине да пайдаланып жиберген экен. Анын бул фондко байланыштуу былык иштери чекесинен чыга баштаганда, биринчиден коргонуу үчүн, экинчиден алып көнүп калган каражаттарынан «куру жалак» калып калбоонун аракетин жасап жаткан турбайбы. Сөзүбүз кургак болбош үчүн анын бирин-экин кыңыр иштерине кайрыла кеткенибиз туура болор. 2009-жылдан тарта Максат мырза өзүнө караштуу «Торг-строй» жана «Вадимир» ЖЧКлары аркылуу Ысык-Көлдүн ошол убактагы губернатору К. Исаев менен жең ичинен келишимге келип, Ысык-Көл облусунда өзүнүн ишмердүүлүгүн баштаган экен. Бул ишканаларды эл өкүлүнүн жакын тууганы Кубат Турдутегин башкарып келген. Эми мына ушул курулуш компанияларынын жасаган иштерине токтололу. «Торгстрой» компаниясы Тоң районунун Төрткүл айылындагы спорттук залды курууну өз колуна алган. Бүгүнкү күндө анын болгону пайдубалы гана тургузулганы менен иш андан ары уланбай, токтоп калган. Буга себеп курулуш иштерин жүргүзүүдө өтө олуттуу катачылыктар кетирилгендиги себеп болгон. Ага байланыштуу Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл облустук администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Д. Долубаевге кылмыш иши козголгон. Ошондон бери токтоп турган курулуштун пайдубалы бир четинен талкаланып, бүгүнкү күндө жараксыз абалга келип калган. Башкача айтканда ага коротулган мамлекеттин казынасынан бөлүнгөн 2 миллион сом курулуш таштандысына айланып калган. Ал эми 2010-жылы Тоң районунун Барбулак жана Шорбулак айылдарындагы, Жети-Өгүз районунун Челпек айылындагы спорт залдарды куруу иштери башкы подрядчиктердин уруксаты жок эле «Вадимир» ЖЧКсына берилип кеткен. Эске сала кетсек, бул компания да эл өкүлү Максат Сабировго тиешелүү. Биринчиден, башкы подрядчиктердин уруксаты жок эле бул курулуштар Сабировдун компаниясына берилип кетсе, экинчиден, ошол обьектилер дагы мөөнөтүнөн кечиктирилип бүткөрүлүп, анан дагы тендерде көрсөтүлгөн суммадан өтө чоң суммада ашык акча каражаттары менен бүткөрүлгөн. Биз муну конкреттүү фактылар менен далилдеп көрсөтөлү. Барбулак айылындагы спортзалды курууга тендер боюнча 1 616042 сом каралса, которулган акча 2 266 000 сом болуп калган. Демек, 649 958 сом ашыкча коротулган. Эгер пайыз менен ала турган болсок ашыкча колдонулган каражат 30 пайызды түзөт. Ал эми Боз булуңдагы спорттук залдын курулушу тендерде белгиленген суммадан 45,3 пайызга ашыкча болуп калган. Челпек айылындагы спорттук залга болсо 16, 3 пайыз ашыкча акча каражаты сарпталган. Бул фактылар боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасына бир нече жолу арыз менен кайрылгандар болгон. Бирок, эмнегедир эч кандай жооп да, аракет да жок. Кыязы Максат Сабиров прокуратура кызматкерлерин дагы унчукпас кылып койсо керек. Ошентип жанын кыйнабастан эле миллиондорго ээ болуп калган Сабиров курулушка деп которулган ашыкча акча каражаттарын 2010-жылкы парламенттик шайлоонун алдында үгүт иштери үчүн жумшаган. Муну Максат мырза бир убакта өзү деле айтып алгандай болду эле. Ошентип Максат мырзанын мамлекеттин акчаларын көмүскө жолдор менен уурдамайы андан ары улана берген. Маселен, 2011-жылы анын курулуш компаниялары тендерден жалпы суммасы 52 миллион 342 миң 900 сомдук 12 обьектини утуп алышкан. Ал обьектилерге которулган акча 66 миллион 751 миң сом болгон. Демек, 14 миллион 408 миң сом ашыгы менен. Бирок, алар акча каражаттарын ашыгы менен алышса дагы, 12 обьектинин айрымдары бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Мына ушундайча ишти чала бүтүрүп, бирок акчасын ашыгы менен алып көнүп калган Максат Сабировдун компаниялары андан ары дагы тендерлерге катышууну уланта берген. Бирок, 2012-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын жетекчилиги жана тендердик комиссия тарабынан «Ак-Суу реабилитациялык борборун» оңдоп-түзөө боюнча тендерден Сабировдун «Торгстрой» ЖЧКсы өтпөй калгандан кийин ал башкы прокуратурага кайрылып, парламентте чаң-тополоң сала баштаган. Болбосо, ага чейин миллиондорду сол чөнтөккө солоп жүргөн Максат мырза бул фондко өтө ыраазы эле. Качан гана мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеп-тепсеп миллиондоп жеп көнүп калган «токочунан» айрылып калган соң Сабиров үстөккө-босток Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун акчалары талаага кетип жатат деп кыйкырып калган. Бул айткандары туура сөз экендигин да айтып койсок болот. Себеби, Ысык-Көлдү өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан каражаттардын көпчүлүгү анын жогоруда аталган эки компаниясы аркылуу Максат Сабировдун чөнтөгүн толтуруп келген. Андыктан эл өкүлүнүн бул «суранычын» эске алып, аталган фонддон бөлүнгөн акча каражаттарынын 2012-жылга чейинки мезгилдеги кандай максатта, кандай иштерге, кандайча жолдор менен коротулганын Башкы прокуратура иликтөөгө алса туура болот.

Редакциядан: Макала тууралуу каршы пикирин билдирем десе экинчи тарапка диктофон сунууга даярбыз.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №68




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru