Айбат » Оппозиция президенттик укуктарды чектеп, Бажы Союзуна каршы чыгууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозиция президенттик укуктарды чектеп, Бажы Союзуна каршы чыгууда

Таможеный СоюзКөпчүлүк адистердин баамында, украиналык сценарий Борбордук Азиянын мамлекеттеринде да ишке ашырылуусу мүмкүн.

– 2014-жылдын жаз айларында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын айланасында окуялар чыгып кетиши мүмкүн. Бул мамлекеттердин арасында экономиканын жоктугуна байланыштуу өздөрүнүн эски көйгөйлөрү бар. Бул үч зонадагы кырдаалдын курчушу азыркыга чейин ири державалар сунуштаган экономикалык моделдердин кайсынысын тандап алууну аныктай эле Түркмөнстанды кооптондуруп коет, – деп россиялык серепчи Надана Фридрихсон айтууда.

Адистердин пикиринде, кезектеги майдандардын сценарийлери стандарттуу түрдө өтөт: учурдагы бийликти өз элине каршы иш жүргүзүүдө деп айыптап, “легитимдигин жоготту” деп жар салышат. Эгерде бийлик радикалдарга баш ийип берсе, оппозиция дароо муну алсыздык деп жарыялап, мындан аркы басымды жогорулатуу үчүн шылтоо катары колдонушат.

Киевдеги майданда байкалгандай, оппозициянын радикалдарынын талаптары баягыдай эле – “элдик ишенимдеги” өкмөттү түзүү, бүт өлкөнү көзөмөлдөөгө аракет кылуу. Буга байланыштуу кыргызстандык саясий серепчилер украиналык окуялардагы ЕС жана АКШнын бийликтеринин аракеттерине көңүл бурууда, алар оодарылган бийликтен оппозицияга карата укуктук нормалардын сакталышын талап кылып, күч колдонууга жол бербөө керектигин жарыялашкан, бирок ошол эле учурда оппозициянын бардык радикалдык иш-аракеттерин актоого шашылышкан. Ошол эле укук коргоочу органдар менен болгон куралдуу тиреш боюнча адистердин билдиришинче, заманбап революциялык технологиялар түйүн режиминде таркатылууда. Госдептин практикасында Украинаны да кошуп, планетанын ар кайсы жерлеринде бийликти күч менен алмаштыруу варианты колдонулууда. Натыйжада, америкалык саясий технологдор коомчулуктун жана мамлекеттин саясий өнүгүүсү катары көрсөтүлгөн шайлоону жокко чыгарып жатышат.

“Бүгүн Украинада болуп жаткан окуялар көпчүлүк өлкөлөрдө болушу ыктымал. Бул “муздак согуштагы” жеңүүчүнүн укуктарын колдонгон Батыштын саясатынын натыйжасы. Батыш тараптан жарандык коомчулуктун колдоосу революциялык аракеттердин жалынын тутантат”, – дейт серепчи Абдул Нагиев.

Өз кезегинде, Азербайжандык эксперт, BBCнин экс-кызматкери Вюгар Халиловдун ою боюнча, Батыштын саясий технологиялары бир шаблондуу. Бул жылдар бою тепкиленип, чайналып бүткөн эркиндикти чектөө тууралуу госедптин тезистери – сөз эркиндиги, оппозициялык гезиттердин эркин сатылышы, ошондой эле журналисттерди куугунтуктоо тезиси. Бийликке карата чабуулга себеп катары Вашингтон жарыялаган адам укуктары боюнча отчеттору алынат.

“Адам укуктары боюнча отчеттору ар бир өлкөдө жергиликтүү бейөкмөт уюмдар тарабынан АКШ элчиликтериндеги кураторлору менен кызматташтыкта түзүлөт. Адатта булар пресс-атташе же америкалык элчиликтердин басма сөз кызматтарынын кызматкерлери. Көп учурда отчетторду элчиликтердин кызматкерлеринин өздөрү эле түзүп коюшуп, Госдепке жиберип ийишет. Америкалык гранттарды алышкан көптөгөн бейөкмөт уюмдар бар жана алар Вашингтондун күтүп жаткан сөзүн жазууга милдеттүү. Ошондуктан бул сыяктуу отчеттор адам укугун камсыздоо үчүн эмес, жакпай калган өкмөт менен лидерлерге басым жасоо жана ошондой эле мамлекеттердин ички ишине кийлигишүү максатында чыгарылат деп эсептөөгө толук негиздер бар. Муну менен макул болбогон, океандын ары жагындагылардын саясатынын сасыктыгын көрө албагандарга мен Ливия, Египеттеги окуяларды жакшылап иликтеп, Украинадагы окуяларга баам салсын деп айтаар элем”, – дейт аналитик.

Ушул эле контекстте Кыргызстанда түзүлгөн жана түп-тамырынан экономикалык өзгөрүштөрдү жасап, жөнөкөй элдин жашоосун жакшырткан, президенттик укуктарды чектеген жана Бажы союзуна кирүүгө каршы болгон оппозициялык кыймылдын ураандарын алып караса болот. Ушул эле сыяктуу ураандар Киевдеги нааразычылык акцияларында айтылган, бул чечимдерди чыгаруу бир эле борборго тиешелүү экенин айгинелеп турат.

“Кыргызстандагы президенттик институт азыр эч кимге отчет бербейт. Атамбаев президент Янукович сыяктуу эле Кремлдин кишиси, экөө тең Кремлден саясий жана экономикалык жактан көз каранды”, – деп оппозициянын лидери, депутат Равшан Жээнбеков айтууда.

Бирок адистер белгилегендей, бийликти күч менен алмаштырып, Вашингтондогу кеңешчилердин активдүү катышуусундагы жаңы, демократиялык деген аталышы гана бар шайлоону өткөргөндөн кийин бул мамлекеттерде укук жана эркиндик, экономикалык абал жакшырып кеткен жок. Бирок АКШнын Мамдепартаменти буга көздү чылк жуумп, абал жакшырбастан начарлап кеткени боюнча бир да билдирүү жасаган эмес. Бул революция деген аталыштагы процесстердин саясый буюртма экенидигин айгинелеп турат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru