Айбат » Акматбек Келдибековдун аялы, адвокаттарынын аргументтери суу кечпей жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акматбек Келдибековдун аялы, адвокаттарынын аргументтери суу кечпей жатат

Токтоматова АидаБашкы прокуратура тарабынан коррупциялык иштери боюнча тергөөнүн алдындагы Акматбек Келдибековду УКМКнын дарылоочу жайына которору менен анын адвокаттары, аялдары, коргоочулары активдешип, суу кечпеген билдирүүлөрү менен чыга башташты.

Дароо аялы Аида Токтоматова жалаяктай болгон билдирүүсүн өлкө жетекчилигине жана коомчулукка жолдоптур. Аталган кайрылууда Токтоматова “байын” өтө эле сүттөн ак көрсөтүп, ал гана эмес, абышка-кемпирлердин акчасын жебестен, тескерисинче, мамлекетке пайда гана алып келген иштерди жасаган имиш.

Андан ары өз билдирүүсүндө Аида айым коргонуудан атакага өтүп, “башкы душманы” башпрокурор Аида Салянованын “күнөөлөрүн” тизмектеп берген. Бирок мында да койгон айыптары суу кечпей жатканы чатак болуп атат. Салянованын кандай шартта лыжа тээп акырегин сындырганы, жолдошунун бизнестери – көчөдөгү базарчы аялдардын деңгээлиндеги ушак-айыңдарды териштирүүгө окшоп калыптыр.

Бирок биз буга таң калган деле жокпуз, анткени Аида Токтоматова Келдибеков камалар замат журналисттердин баарын тизелете турганын, Иосиф Аттокуров аттуу айдактама провокаторлорунун оозу менен бүт Кыргызстанга согуш ачарын жарыялап коркутканда, “туй ата, акылсыз аял турбайбы” деп түкүрүнгөндөр көп болгон.

Анысы аз келгенсип, Келдибековду коргогон адвокаттар да аз-маз сабатсыздыгын көрсөтүп атат. Мисалы, маалымат агенттиктеринин биринде Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникина маалымат жыйынын өткөзүп, жактоочусунун камакта отурганына аябай таң калып жатканын билдирди.

Анын айтымында, «көптөгөн жылдар жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чоң адамдын бир заматта эле темир тордун артына отуруп калышы акылга сыйбайт» экен.

Демек, анын ою боюнча мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген «чоң» адамдар чоң жеп алышса деле кызматын сыйлап, камакка албашы керек экен деп түшүнсөк болобу? Анда биз мамлекетибизди жалаң чоң жеп, өздөрүн «чоң» адамдар эсептегендердин таландысына таштап кое беришибиз керекпи?

Маалымат жыйынында журналисттер «Акыркы учурларда камакка алынган саясатчылар эле өтө оор оорулуу болуп чыга калууда. Эмне үчүн? Же бул жөн эле дал келүүбү?» деген суроо узатса адвокат айым СИЗОдогу шарт абдан начар экенин, Келдибеков камалгандан кийин аябай катуу ойлонуп, түнү бою уктай албай жүргөнүн, ушунун бардыгы анын саламаттыгынын начарлашына себепкер болгонун баяндады. “Анан дагы Келдибеков жакында 50гө чыгат. Жашы өтүп калды” деп жооп бергени кызык болду.

Ал эми УКМКнын СИЗОсундагы шарт жакшы экендигин буга чейин камалып чыгышкан «атажуртчу» үч мушкетер, башка саясатчылар далилдеп беришкен. Алар ал жакта спорт менен машыгып да жүрүшкөнүн айтып беришкен. Эч ким коркутуп, үркүтпөй жакшы мамиле кылыша тургандыгын да билдиришкен. Андыктан адвокаттын СИЗОдогу шарт начар дегени эч кандай чындыкка дал келбей калат.

Экинчиден, адвокат айткандай Келдибековдун «жашы өтүп калган» болсо, анын белгилери буга чейин эле билинип, ооруканага да кайрылмак. Бирок, тескерисинче, анын жаш жигиттердей улак тартып жүргөнүн көп көрдүк эле. Адвокат Татьяна айым «Келдибековдун сотун биз созуп аткан жокпуз, тескерисинче силер созуп атасыңар» деп билдирди. «Силер» дегени ким экендигин албетте оңой эле түшүнөсүң. Анан ал кандайча «силер» сотту созуп атканын төмөндөгүчө түшүндүрүп берди: «Келдибеков ооруп атат. Мен муну далилдей алам. Ал дайыма жарым-жартылай уйкуда жүрөт. Анан кантип андан допрос алууга болот? Адегенде ден соолугун чыңдап алсын. Анан кийин сурак жүргүзө берсе болот» деп.

Эми ушул жооптон эле чындыгында ким соттук териштирүүлөрдү создуктуруп жатканын түшүнүп алсак болот.

Кыскасы, Келдибековдун жакындарынын бул кылганын орусча “медвежья услуга” деп атап коет. Булар ушул сыяктуу билдирүүлөр менен чыккан сайын коомчулукта Келдибековго карата аёо сезими эмес, тескерисинче, “ашынган коррупционер, жоопкерчиликтен качуунун амалын көрүп атат” деген пикир калыптанууда.

Айбат гезити №68



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru