Айбат » Кыргызстанга сырттан келишип иштеп жатышкан эмгек мигранттарын тартипке келтирүү керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстанга сырттан келишип иштеп жатышкан эмгек мигранттарын тартипке келтирүү керек

кытай мигратУчурда, туруктуу жумуш оорундарды жана өлчөмү көбүрөөк айлыкты издөө максатында, миңдеген атуулдаштарыбыз аргасыз, сыртка чыгып, ошол жакта турмуштун татаалдыгына карабастан акча таап, нан таап, миллиондогон сомдорду Кыргызстанга которуп жүрүшөт. Ошол эле  учурда, өзүбүздүн өлкөбүздө бизге келип иштеген, миңдеген чет өлкөлүк жумушчулар, туруктуу ишке ээ болушуп, айрым учурларда кыргызстандыктардан караганда көбүрөөк айлык алып жүрүшү бизде нааразычылыкты жаратууда. Кээ бир адамдарга, ушул маселени туура түшүндүрүү максатында аракет кылсак, тескеринче бизди жаман көрүп аткандар да, пайда болушту. Жалпы жонунан алганда, Кыргызстандын ички эмгек рыногунда  болуп жаткан процесстер, биздин логикабызга сыйбаган нерсе. Бул көйгөйдү, учурдун парадоксу катары түшүнөм.

Бир канча убакыттан бери, биз, («Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмеси) Кыргызстандагы көзөмөлсүз чет өлкөлүк мигранттардын ишмердүүлүгү жөнүндө, коомчулукка коңгуроо кагып келе жатабыз.  Курулай сөздөн ишке өтүү максатында, өзүбүз, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелишине карабастан, былтыр 2013 жыл бою, өлкөбүздүн бир топ аймактарында ушул маселени изилдеп, жер-жерлерди кыдырганбыз. Иш сапарларыбызда, биздин өлкөбүздө айрым аймактарда, шаарларда жана ошол жерлерде жайгашкан ийри ишканаларда,  чет өлкөдөн келип эмгектенген мигранттарды көрдүк.

Айта кетчү нерсе, биз, жогоруда айтылгандай, мониторинг жасоо максатында, Ошто, Жалал-Абадта, Чүйдө, Нарында жана Бишкекте бир топ ишканаларды кыдырдык. Орусиядагыдай болуп, колдорубузга таяк кармап алып, уруп-соккон жокпуз, биздин позициябыз боюнча баары мыйзам чегинде болуу зарыл жана ошону биз баардыгынан талап кылабыз. Ошол ишканаларда, бир топ мыйзамдарды так аткарылбай жаткандарына күбө болдук, айрым ишканалардын жетекчилери, өкүлдөрү жана кызматкерлери менен түшүнбөстүктөр да болду, көп учурда ачык эле бизди киргизбей, дарбазаларын ачпай, тоготбогон учурларда болду. Ошол ишканаларга биз жалгыз барбай, профилдүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен чогуу  барчыбыз, тилеке каршы аларды да, ойдогудай кабыл алышпайт экен. Себеби көп жерлерде «крышалары» бар экен. Өкүнүчтүүсү, бизди колдогон, биз менен санаалаш болгон коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө кол көтөрүү да болгон, бул туралуу ММКларга биз билдирүү жазаганбыз.

Жогоруда болгон нерселердин баардыгын болгонун-болгондой ММКлар аркылуу ай сайын, жума сайын айтып, билдирип жатып, коомчулукка түз жана ыкчам жеткиргенге аракет кылып турдук. Чындыгында, жакынкы келечекте Кыргызстандын ичиндеги, чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын чечилбей келе жаткан маселеси, жөнгө салынышына көзүбүз жетпей калды. Андай пикирибизге негиз –  ачуу чындык болуп атат, ал эми эң өкүнүчтүүсү,  коомчулуктун ичинде сөздүн девальвация болуп кетиши, айтып, көрсөтүп жаткан нерселер атуулдаштарыбыздын, чондордун, бийликте отурган адамардын кулактарына такыр жетпей калды.

Биз үчүн, Кыргызстандагы чет өлкөлүк эмгек мигранттардын маселеси өзүнчө эле жумуш болуп калды, биздин коомдун мүчөлөрү менен ушул маселе боюнча, күнүгө сүйлөшөбүз, жума сайын 1-2 чогулуп, маалыматтар менен бөлүшүп, түшүнгөн адамдар менен жолугушуп пикир алмашып турабыз. Миграция менен байланышкан канча деген тегерек столдорго катышабыз, Бишкекте жана Ошто тегерек столдорду уюштурдук, жамааттык текшерүүлөрдү жүргүздүк, түз эфирлерди бир топ каналдарда уюштурдук, катыштык, ал тургай кыска сюжет тарттык, телеге жана интернетке чыгардык. Миграция маселесине тиешеси бар мамлекеттик органдарга бир топ кайрылууларды, арыздарды жана сунуштарды жолдодук.

Албетте жогоруда айтылган иштер жетиштүү эмес, аны биз түшүнүп атабыз, бирок ошентсе да, биз менен, ушунча убакыттан бери,  миграция маселесин караган мамлекеттик орган пикирин бөлүшүп, бизди уккан жок. Мисалы, өткөн февраль айынын 19 жана 28де  Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине,  дагы бир жолу өзүбүздүн  атыбыздан, биздин демилгени колдогон коомдук бирикмелердин атынан учурдагы  сунушубузду кат жүзүндө жөнөттүк. Учурда санаалаш жана бизди колдогон адамдар, петицияга кол топтоо жүрүп жатат.  Салтуу болгондой эле, алардан жооп жок. Катыбызда, биз сунуштап жаткан нерсебиз эң жөнөкөй жана колдорунан келе турган нерсе. Биз сунуштап жатабыз, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин расмий сайттында, өлкөбүздө ишкерлике, эмгектенүүгө расмий уруксаат алган чет өлкөлүк эмгек мигранттардын жана жеке, юридикалык жактардын толук тизмесин жайгаштырышсын. Мындай маалыматты жайгаштыруу техникалык жактан өтө оңой, ошол эле учурда бул министрлик ачык, айкын мамлекеттик орган катары, коомчулукта туура пикир жаралмак. Андан тышкары, биз суранып жаткан маалымат жайгаштырылса кайсыл аймак, шаар, мекемеде канча чет өлкөлүк мигранттар эмгектенип, эмне кызмат аткарышат жана алар кимдер тарабынан Кыргызстанга чакырылган көрүнүп турмак.

Бирок тилеке каршы, ушул сунушубузду канаатандыруусу күмөн болуп турат. Ошондой боло турган болсо, биздин пикир, биздин сунуштар, биздин кеңештер, биздин ойлор, кереги жок экендигин белгиси катары түшүнүп атабыз. Демократиялык өлкөбүз деп, жар салып атышат, биз коомчулуктун өкүлдөрү колдоп атабыз тандалган багытты, бирок ошол эле учурда,  демократиянын өнүгүүсүнө жарандык коомдун үнү угулуп туруш  керек. Биздин үндү, сунуштарды угушпаса демократия өнүкпөйт. Мамлекеттик институттар менен жарандык коом ортосунда ажырым пайда болсо, анда ошол мамлекетте демократиянын көрүнүшү эле бар деген пикир пайда болот. Биз, «Жаңы муундун коалициясы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, радикалдык, туруктуулукту жана кыргызстандыктардын тынчын ала турган кадамдарга, ыкмаларга баргыбыз келбейт, анткени биз үчүн эң негизки приоритет – өлкөбүздүң стабилдүүлүгү. Азыркы учурга чейин бир топ, каны кызуу, жиндери мурдуларынын учунда болгон мекенчил жигиттердин тарабынан, бизге ар түрлүү сунуштар түшкөн, анын ичинде чет өлкөлүктөргө чечкиндүү катуу басым көрсөтүү. Биз мындай сунуштарды, жогорудагы  айтылгандай, карапайым калктын кызыкчылыктарын жана коомдук-саясий абалды күчөтпөөсүн эске алып, аларды четке какканбыз жана учурда тыюуу салып, сүйлошүү, сунуштоо жолдорун айтып келе жатабыз. Биз үчүн элди, санаалаштарыбызды, бизди колдогон адамдарды, же болбосо ошол эле кызуу кандуу мекенчил жигиттерди жыйнап, митинг, пикеттерди өткөрүү маселе эмес, колдон келет, бирок, биз азырынча андай жолго түшпөй, дагы болсо да, профильдик органдарга убакыт жана мүмкүнчүлүк берели деп турабыз. Баса белгилей кетсек, биздин күтө турган убактыбыз тар, чектелүү, жарым жыл, бир жыл күтпөйбүз, сунуштарыбызды, тез аранын ичинде туура нукка салбаса, биз аргасыз, чечкиндүү кадамдарга барууга туура келет.

Тимур Саралаев

Айбат гезити №68




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru