Айбат » 5-март күнү Бишкекте XIII эл аралык “Мода индустриясы: Буюмдар жана жабдуулар – 2014″ көргөзмө-жарманкеси ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » 5-март күнү Бишкекте XIII эл аралык “Мода индустриясы: Буюмдар жана жабдуулар – 2014″ көргөзмө-жарманкеси ачылды

1Жарманке Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында ачылып, түрдүү буюмдар арзан баада сатыкка коюлду.

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн тышкары Германия, Чехия, Кытай, Япония, Корея, Түркия жана Монголия мамлекеттеринин да өндүрүүчүлөрү өз товарларын көргөзүштү. Уюштуруучулардын айтуусу боюнча өткөн жарманкелердин ийгилиги, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жана чет элдик катышуучулардын кызыгын жаратты.

- “Бүгүн “Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар – 2014″ жарманкеси, fashion-индустриясынын бардык кызыктар адамдарынын, даана резонанстуу “жолугушуу жайына” айланды “– деди Асанов Сапар, “Легпромдун” жетекчиси.

Жарманкеге элүүдөн ашык жергиликтүү жеңил өнөр жай ишканалары өз товарларын койушту.

Датка- 1997-жылы жеке ишкана ачып, жеңил өнөр жайында иштеп келе жатабыз – дейт Төлөгөнов Алымбек, “Датка” ишканасынын жетектөөчүсү – Буюрса жакшы ийгиликтерге жетиштик. Эркектердин костюмун жана пальтосун тигебиз да, аны Москвага, Омскиге, Якетеринбургка жана коңшу Өзбекистанга, жалпысынан ай сайын 5 миңден ашуун нускада экспортко жөнөтөбүз. Айрым кардарларга буйрутма боюнча аялдардын да кийимин тигип беребиз.

Жарманкеге катышкан “Бархат” фирмасынын жетекчиси Кунасова Нуржан кыргыздын улуттук колоритинде тигилген кийимдерди алып келип, кийинкилерди айтты:

Бархат- Биз бул жарманкеге кыргыздын оймо-чиймелери тартылган кийимдерди алып келдик. Кийимди тигүүгө канча каражат кетсе, элибизге ошол баада эле берип, патриотторубузду колдоо максатында иштеп келебиз. Базарда кымбат сатылган кийимдерди көрүп, улуттук стильдеги кийимди массалык түрдө көбөйтөлү деп, элдин сатып алганга алы жеткендей  өз наркында эле сатып жатабыз. Жаштардын талабына ылайык футболкаларга эжелерибиз сайма сайып берет. Биздин товарларды чоң көлөмдө Тажикстан импорттоп алат.

Жарманке-көргөзмөсүнүн программасы алкагында, Кыргызстандагы мода индустриясын өнүктүрүү жолдорун жөнгө салуу тууралуу семинарлар жана тегерек столдор болуп, жарманке 10-мартка чейин улантылат.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №68



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru