Айбат » Токтогул Какчекеев: «Кыргызстан ИДПнын өсүшү боюнча өткөн жылы КМШ мамлекеттеринин ичинде 1-орунга чыгыптыр»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Какчекеев: «Кыргызстан ИДПнын өсүшү боюнча өткөн жылы КМШ мамлекеттеринин ичинде 1-орунга чыгыптыр»

Какчекеев Токтогул- Токтогул мырза, буга чейин парламентте өкмөттү кетирүү үчүн 47 депутат кол койгон болсо, алардын 14ү кайра колун чакыртып алышты. Бул кадамга кандай баа бересиз?

–  Саясатта мындай көрүнүштөр көп эле боло берет. «Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?» дейт элибиз. Парламентке негизинен басымдуу бөлүгү соода-сатык, бизнес менен шугулданып жүргөндөр келишкен. Анан алар парламентке келип алып дагы өздөрүнүн бизнесмендик сапаттарын көрсөтүп атышат. Өкмөттү кетиребиз, анын ордуна өзүбүздүн адамды алып келебиз деген кадамдар ошол депутаттардын жеке кызыкчылыктарына байланыштуу болуп калууда. Маселен, алар өз адамдарын алып келип жеңилдетилген кредиттерди өздөрү каалагандай бөлүштүргүлөрү келет. Ошондой максаттагы депутаттар Сатыбалдиевдин өкмөтүн кетиребиз деп кол коюп коюушуп, анан күтүп отурушат. Ал эми колун чакыртып алгандарды бир жагынан алсак, позициясы жок туруксуздардай болот. Экинчи жагынан балким арасында чындап эле кырдаалды түшүнгөндөр болушу мүмкүн.

- Бүгүнкү күндө өкмөттү алмаштыруунун канчалык зарылчылыгы бар?

– Эч кандай зарылчылыгы жок. Өкмөттү алмаштырган менен пайда таппайбыз. КМШ мамлекеттеринин өткөн жылдагы статистикалык маалыматы боюнча Кыргызстан ИДПнын деңгээли боюнча биринчи орунга чыгыптыр. Мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү, салык төлөө жолдору кеңейтилип жатканына күбө болуп атабыз. Мамлекет деген бул бир үй-бүлөдөй. Анын ичинде ыркырашып, чыркырашып, талашып-тартышып жүрө берсек, кайра-кайра өкмөттү алмашытырып, анан иштетпей эле кайра кууй берсек, жакшы жашоого жетише албайбыз.

Айбат гезити №68




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru