Айбат » Бегимай Бекбоева: “Жараткан биздин үй бүлөөгө да чоң сыноолорун берди”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Бегимай Бекбоева: “Жараткан биздин үй бүлөөгө да чоң сыноолорун берди”

Бекбоева Бегимай- Саламатсызбы  Бегимай?

– Саламатчылык!

- Келе  жаткан  8-март  майрамың  менен  куттуктайм!

– Чооң  рахмат.

- Алгач өзүңүз  туулуп-өскөн жериңиз жөнүндө айтып берсеңиз,кайсы жердин кызы болосуз?

– Мен Нарын шаарында туулуп өскөм, өзүм Нарын шаарына караштуу Кочкор районунан болом. Учурда Кант шаарында жашайм.

- Сахнага  кантип жана кайсы жылдан баштап ырчылык өнөрүңүздү  элге тартуулап келе жатасыз?

– Мени  биринчи жолу  чоң сахнага Токмок шаарына Каныкей Эралиева эжекебиз  жетелеп  чыккан, ошол кезде алтынчы  класста окуучумун, ошол күндөн тартып ушул кесипти аркалап келем. Эл кыдырып  гастролдун  ачуу  татуусун көрүп  эмгектенип жатканыма он жыл болду. Ушул деңгээлге мени жеткирген биринчиден Аллахка жана Атама ыраазымын.

Бекбоева Бегимай 1- Сизди акыркы күндөрү сахнадан,көгүлтүр экрандан көрбөй ,калдык же тыным алдыңызбы?

– Ооба туура айтасыз. Чыгармачылыгым  бир аз убактылуу токтоп калгандыгынын себеби, сөз бар эмеспи  “Жараткан Аллах сүйүктүү  пендесине чоң  сыноолорду  берет”- деген, ошондой  эле Жараткан биздин үй бүлөөгө  да чоң  сыноолорун берип бизди сынады десем болот. Турмушта ар кандай нерселер болот экен да биз күтпөгөн, “Аллах бир колу менен сынайт, экинчи колу менен сылайт”- дегендей баардык нерсени Аллахтан  деп  билебиз  жана ал сыноолорду  жеңип  өттүк   учурда  баардыгы жакшы, эми билек  түрүп  чыгармачылыгыма баш  отум  менен кирдим, буюрса  күйөрмандарыма  сөз берип  кетем  жакында жакшы чыгармаларыма  күбөө боло  аласыздар  деп.

-Жакында жакшы  чыгармаларыма  күбөө  боло  аласыздар деп айтып  кеттиңиз, кандай чыгармаларга  күбөө  боло алабыз?

–  Жакында эле “Элесиң” аттуу жаңы ырым  клиби менен  чыкты андан тышкары “Сени унутам” аттуу жаңы  ырыма  клип  тартылып жатат, учурда Ташкент кызы Гүлдүн сөзү,обонуна  таандык жаңы ырымды жаздырып жатам жана Гулжигит Сатыбековтун сөзү, обонуна таандык “Издеймин Шахзадамды”аттуу  ырымдын  үстүндө  иштеп жаткан  учурум. Кино жаатын айта кетсем, жакында “Биздин жашоо кино”аттуу  комедия  жанрындагы  тасма  жарыка  чыгат, ал тасмада башкы каармандын  ролун  жараткам.

- Эми  жеке  жашооңузга  көңүл  бурсак, жеке жашооңдуу  кооздочу адамың жөнүндө  айта  кетсең?

– Чыгармачылык  деп  жүрүп жигитке да көңүл  бурганга  таптакыр  убакыт  болбой  жатат. Учурда чыгармачылыкка  баш  отум  менен  кирип алгандыктан, жеке жашоону азырынча  ойлоно элекмин.  Баардыгы  Аллахтын  буйругу менен  да, пешенеме  бир  ыймандуу  жигитти жазгандыр бирок мен ал адамга кезиге элекмин.

- Жеке  концертиңизди  качан  берейин  деп  жатасыз?

– Эл мени Бегимай Бекбоева  деп  атым  менен  тааныйт, ырларымды  айталышпайт, себеби  мен гастролдоп жүрүп  элге  таанылгам , телефизор, радио, газеталарга  көп  чыккан  эмесмин ошондуктан  ырларым  элдин  кулактарына  сиңип  калган  эмес,  2014-жылдан баштап  продюссерлүү  болдум  эми  буюрса  чыгармаларым  элге  толугу  менен  жетет  деген ойдомун,  элге  ырларым  жакшы  тарап, хит ыр жаратып  калсам  жеке  концертимди сөсүзтүрдө берем  бирок  азыр эмес, жеке  концерт  бериш  үчүн  дагы да көп  эмгектениш  керек  деп ойлойм.

- Продюссерлуу  болдум  деп  калдыңыз,  продюссерлик  милдетти  ким  аткарып  жатат?

– Азырынча  продюссеримдин  аты  жөнү  жашыруун  эле  болсун, биз  экөөбүз  тең  күчүбүздү сынап иштешип  көрөлүк  деп  сүйлөшкөнбүз, буюрса  жаңы  ырларым  эл  оозуна  алынып баштаганда сөбсүз  түрдө  ким мени  чыгарып  жатканын  айтам.

- “Айбат”  газетасы  ишиңизге  ийгилик  каалайт,  маегиңизге  чооң  рахмат.

– Рахмат  сиздерге  да ишиңиздерге ийгилик, “Айбат” газетасы  бийиктиктин чокусунан гана корүнүп  турсун! аман болуңуздар!

Маектешкен
Рысалиев Рахатбек

Айбат гезити №68




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru