Айбат » «Куунак кол, капалуу кол…»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Куунак кол, капалуу кол…»

1Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында 5-март күнү  (ЮНИСЕФ/АРИС/DFID) Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган «Айылды суу менен камсыздоо жана санитария-2» долбоорунун алгачкы жыйыны болуп өттү.

Иш-чара Калый Тайлаков орто мектебинде өткөрүлүп Ысык-Көл облусунун мектептеринин мугалимдери, ата-энелер комитеттери, окуучулар катышып, ой бөлүшүштү.

Өлкөдө өсүп келе жаткан муундун ден-соолугуна кам көрүү, жалпы коомчулуктун жана келечектеги ден-соолуктуу улуттун болуусуна түрткү бере турчу негизги иш болуп эсептелинет. Мына ушул жагдайда Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган  «Айылды суу менен камсыздоо жана санитария-2» долбоорунун алкагында «санитарияны түшүндүрүү жана Талас, Нарын, Ысык-Көл обулстарынын гигиенасы» деген долбоор уюштурулуп, ушул жылдын январь айынан тартып аталган үч облуста гигиенаны сактоо, санитарияны түшүндүрүү боюнча Ден-соолукту чыңдоо Ассоциациясы, айылдарда, мектептерде, ФАП жана үйлөрдө окутуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатышат.

Окутуу алдында аталган мектепте окучуулардын арасынан атайын текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, 20 текшерилген окуучунун 6 сы ар-кандай жугуштуу оорулар менен орууру белгилүү болгон. Ошондон кийин мектепке суу киргизилип, ар бир класска жуунучу каражаттар, самын, кол аарчылар коюлган. Сырткы дааратканаларда хлордоо жүргүзүлүп, мектептин админстрациясы тазалыкты катуу көзөмөлгө алууну колго алган.

Ал эми жугуштуу оруулар байкалган окуучуларга долбоордун негизинде дарылоо жүргүзүлөт.

Атайын гигиенаны түшүндүрүү боюнча окуудан өтүп келген мектептин эки мугалими, алгач мугалимдерге жана окуучуларга өздүк гигиена боюнча сабак өтүшкөн. Окутуу фаст-методикалык түрдө өткөрүлүп жыйынтыгында окуучулар аз убакыттын ичинде берилген маалыматты жакшы кабыл ала алышкан.  Долбоор аяктагандан кийин кайрадан окуучуларды текшерип, жыйынтык чыгарышаарын уюштуруучулар маалымдады.

Калый Тайлаков мектебинин мүдүрү Бактыгүл Абдалдаеванын айтымында буга чейин мектептин санитариясы өлкөнүн башка мектептериндей эле өтө начар абалда турган. Долбоордун башталышы менен мектепте бир топ жаңылыктар болуп, кырдаал жакшы жагына өзгөргөн.

«Буга чейин бул маселеге, ата-энелер тарабынан да, мектеп тарабынан да жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келген. Долбоор ишке киргенден бери, бир эле мектеп эмес айыл жакшы жагына өзгөрдү. Айылда ар бир үй мал кармагандыктан, чоңдор жана кичине балдардын ар кандай оорууга бат чалдыгуу коркунучу бар болчу. Эми коомчулук гигиена тууралуу маалымат алгандан кийин, ден-соолуктарына жакшы көңүл бөлө башташты. Анткени, бардык нерсе тазалыктан башталаарын билип калышты. Атүгүл мектептин ата-энелер чогулуштарында ата-энелер, алардын балдары тамак ичээр алдында, малга чыккандан кийин кол жууп калышкандарын айтып жатышат. Мектепте окутуу оюн, сахналаштыруу деген сыяктуу фаст-методикалык түрдө жүргүзүлүүдө. Мисалы: колду кандай жуу керек экендигин оюн түрүндө «куунак кол, капалуу кол» деп үйрөтүп жатабыз. Азыр балдардан колун көрсөтүп куунак кол кандай десек, такалбай жооп берип калышты. Ал эми капалуу кол болбогонго аябай аракет кылышат», – дейт Б.Абдылдаева.

«Айыл жериндеги гигиенаны илгерилетүү» долбоорунун адиси Индира Үмүталиеванын айтымында долбоордун алкагында АРИСтин ыктыярдуу жумушчулары айылды кыдырышып гигиена тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, айылда атайын кабыл алуу пунктун да ачышкан.

«Долбоор башталгандан кийин биз айылда жыйын өткөрүп, ыктыярдуу 10 адамдан турган Айылдык ден-соолук комитетин түзгөнбүз. Алар айылда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн тышкары орулууларды анонимдик түрдө да кабыл алышат», – деди Айыл жериндеги гигиенаны илгерилетүү долбоорунун адиси Индира Үмүталиева.

Белгилей кетчү нерсе, Профилактика жүргүзүү жана мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматына ылайык, Жети-Өгүз районунда эле 2013-жылдын 10 айында аскаридоз оорусуна чалдыккандардын саны 330 га жеткен. Ал эми окуучулар арасында сарык оруусуу менен оруган эки окуучу катталган. Анан да мындай көрүнүш жыл сайын өсүп келе жатканы байкалган.

Мунун себеби деп, изилдөөгө алынган Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы мектептерде санитария сакталбагандыгында жана сурамжылоого катышкан мектептердин 76 да канализация жоктугу, балдарга жөнөкөй гигиена тууралуу маалымат берилбегендигинде дешет адистер.

Айбат гезити №68



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru