Айбат » Аялзаты жетиге бөлүнөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аялзаты жетиге бөлүнөт

кыргызымдын сулуулары го жанӨткөн мезгилдерде кыргыз элинде нечендеген акылман, чечен, кеменгер, калыс адамдар өткөн. Ошондой айткан сөзү жерде калбаган адамдардын бири 19- кылымда  Жумгалда Байзак баатыр же Байзак ажы атыккан кадырман адам жашап өткөн. Кыргыздар Россия империясына караган учурда  бул инсан алысты көрө билгени менен Кыргыз –Кытай чек арасын бөлгөнгө катышкан. Байзак өмүрүндө мал, байлык күткөн эмес. Ал калыстыгы , акылмандыгы менен түндүк түштүк кыргыздарына, казактар менен өзүбектерге кадыры арткан. Түндүк кыргыздарда 19- кылымдын экинчи жарымында Байзаксыз курултай өткөн эмес экен. Бул инсан 1914-жылдын сентябрь айында көз жумганда, өтө ызаат менен жерге сөөгү берилген. Анжиян, Ташкент, Олуя Ата, Ош, Жалал-Абад, Алайдан, Алма-Ата, Чимкент жана башка кыргыз журтунан акылмандын ариетине келген элге Жумгал суусунун өйүз-бүйүзүнө миң боз үй катар-катар тигилип, жүз бала кызыл кийинип, 3 келеген элдин аттарын жайлап, жүз бала сөөк жаткан боз үйдүн тушунда өкүрүп турган. Келген элдин аягы суюлбай акылмандын сөөгү бир жума кармалып турган. Байзакты акыркы сапарга  узатууну Жумгал, Суусамыр манаптары бийлешип, коноктун жайын кадимки Куйручук улам жорго которуп көзөмөлдөп турган. Конокторго тамак- аш,  суу төгүлгүз жорголор менен жеткирилип турган.

Кадимки төкмө Калмурза акын кайсы бир жерде Байзактын тирүүсүндө   мындай деп ырдаган экен.

Ассалам алейкум,

Калайыкка таанымал,

Калмурза айтат саламды.

Жер соорусу Суусамыр,

Жердеген Байзак аманбы?

Кытайга чейин “кыйын” -деп

Кеп кылган Байзак аманбы?

Үрүмчү Торугарт, Үч Турпан,

Чек кылган Байзак аманбы?

Манастын суусун кытайдан,

Талашкан Байзак аманбы?

Хан Шабдан менен катарлаш,

Отурган Байзак аманбы?

Мына ушундай урматка ээ болгон Байзак баатыр бул дүйнө менен коштошоордо Куйручукту чакырып аялзаты жөнүндө мындай сөздөрдү айтыптыр.

Зайып эне, зайып жашоо башаты. Сен Куйручук, менден укканыңды, уккандай, чечендик кылбай сөз кошпой элге жеткиресиң.

Бизден мурда өткөн аталарыбыз аялзатын мындайча жетиге бөлгөн экен.

 

Алтын согончок жез шыргай

Аялзатынын эң мыктысы. “Алтын согончок жез шыргай!”-деп сындап өткөргөн илгеркилер. Келбети, шыңга боюн, келишимдүү мүчөсүн жез шыргайга теңеп, барктап ызаатаган. Мындайлар: “ак уул, кызыл кыздын энеси” болушкан. “Алтын согончок”-деп баалашкан. Илгери элдин эгеси, ордо үйгө түндүк көрүүчү шыргайды эки ача кылып, атайын кооздук үчүн жезден кооздоп кереге жөлөп койчу эмес беле, аялзатты мына ушуга салыштырышкан. Ак боз үйгө көрк берип тургндан ушинтип салыштырса керек-деп ойлойм. Мындай аял үйдүн көркү эмеспи.

 

Аркар эмчек акылгөй тараз.

Бала-бакыралуу болсо да келишимдүү тараз бою, келин сынын кетирбеген аялзатты кайберендин ыйыгы аркарга теңелип келген. Мындай зайыптын алла-тааладан берген акылы ашыгыраак болгондон улам “акылгөй”-деп аташкан. Адеби, элге, ага-тууганга жасаган мамилеси, адамкерчилиги анын акыл сезиминен эле байкалып турат.

 

Жабылуу кара инген

Бала-бакыралуу, карапайым аялзаты. Текебер, кесирлик дегенди түк билбейт. Элге да, эрге да бирдей мамиле кылат. Эрдин табылгасына көтөрлбөйт, жок болсо чүнчүбөйт. Жеиштүү оокатка да, тартыш оокатка да сарамжалдуу мамиле кылат. “Ийнеси да баш билги”. Мындайлар бактылуу жигитке жолугат.

 

Дүйнөкор тоту

Мындайлар табылгандын гана зайыбы. Илгеркилер “чүпөрөк зайып”-деп да койчу эле. Эрден бак-өөлөт тайса, дароо чүнчүп, жүдөп өзүнчө эле бир жүк! “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт”-деп келет го эл. Мындайлар ошол “төө мингендин” гана зайыбы. Жөө жүргөндргө айттым го, өүнчө эле бир жүк.

 

Дүр кабак чабдар

Мындайлар дагы аялзат затынан чыгат. Атагандай эле, мындайлардын дитине  кичине эле  бир нерсе жакпай калса, итатайы тутулуп, “кайырын чайыр кылып”, эрдин да, үй-бүлөнүн да сазайын берет. Кыялына өз ата-энеси чыдабаса-деп айтайын десең, небак эле “уулдун уулун, кыздын кызын” төрөп койгон. Баласы чоңоюп “энесин кой!” -дегиче кайран бир эрди карып кылып коёт.

 

Ай чырайлуу- ача тил

Алла тала, чырайды зайып затына ашыкча берип, бирок, кемчилдигин тилинен чыгарып, акылды бөксө кылып койгон. Мындай зайып бир эрди өмөрүнчө карып кылып коюуга жетишет. Колунан иш да аш да келбейт. Болгон табылгасы кудай берген чырайы. Ал эми анын тилинин заары кадимки кара чаар жылаандын тилин кыя кесип, желимдеп койгондой.

 

Суу мурун сөпөк

Мындайлар да аялзатында бар эмеспи Куйручук өзүң билесиң. Көп эле зайыптар бар, эринин таап келгенин эптештире албайт. Зайып эле аты бар булардын. Жада калса от күйгүзө албай, отту үйлөсө мурдунан суу агып турат. Ийне сайып, жыртык жамаганды да түзүктөй албайт. Анан кантип элдин иши алга жылсын.

Бул айтканым, кийинкилерге таалим болсун деп жатканым Куйручук. Акылың, оозуңа өзүң бар эмеспи, муну төкпөй чачпай кийинки муунга жеткире жүргүн” деген экен акылман.

Байзак акылмандын  бул сөздөрүндө бир эле сын эмес, азыркы тил менен айтканда терең психология, педагогика да бар экендиги калетсиз. Бул насаат сөздөр  чынында азыркы турмушта, коомдук мамилерде  эң керектүү моралдык түшүнүк болоору да талашсыз.

Болот Кожогелдиев

Айбат гезити №68




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru