Айбат » “Балакайлар өкмөтү” саясаттан мурда балтыр этин толтурса

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Балакайлар өкмөтү” саясаттан мурда балтыр этин толтурса

1Соңку күндөрү “Жаштар өкмөтү” дегенге чогулгандардын тамашасы бүтпөс болду.  Чоң, жаратман саясатта там-туң тура элек жатып, ар кандай бузуку, бөлүп-жаргыч иштерге мушташа баштаганынан кантесиң. Дегенибиз Максат Кунакунов деген мурдагы  ак түптүү “акжолчу” баштаган аты-жыты белгисиз уюм тууралуу.

Өгүнү Украинадагы Майданды көрүп алып, өпкөсү көөп өрөпкөп калган окшойт, бул баланын. Өзүнө окшоп өпкөлөрү көпкөн балакайларды ээрчитип алып, өлкөнүн улам бир жерине чуу салып жүрөт. Адегенде  Шабдан баатырдын мекени Кеминге барып, чоң жыйын өткөрөм деген экен. Чогулгандагы  чын ой-максатын түкшүмөлдөтүп, ары-бери чайнап, айтор,  дароо так айтпайт экен. 3 маршруткага толо алып барган балдары, Шабдан баатырдын кичи мекенине барып, абасын кере дем алганга гана үлгүрдү. Качан гана үркөрдөй топ чогулганда оозун керип туруп: “Мына, батыштан Улуу Украина көтөрүлдү, бийликти заматта алып, мамлекет башчысын кууп чыкты!” деп бакырса болобу.

Элден айланса болот, мындай чуу куйруктарды билип бүтпөдүбү. Ошентип, “балакайлар өкмөтүнүн” баш баканы Максат-балапан тигинтип, оозун жыйгычакты эле: “А кокуй, баяле ошентпейсиңби. Аны биз сенсиз эле телевизордон көрүп, радиодон угуп атабыз. Басмачы-бандерчилерди да көрдүк”, деп агынан жарылды. Анда балапан-башбакан Украинадан баштаган алым сабагын Кыргызстанга алып келип такап: “каколдордон  эмнебиз кем, ыя? Биз деле майданга чыкпайлыбы?” деген кыязда улантайын дегичекти, кантээр экен деп кызыга чогулган үркөр топ башын чайкап, колун шилтеп баса берди. Эстүү-баштуулары тиги “каколчу”-башбакандын көкүлүнөн сылап туруп: “Билимдүү, эстүү эле жигит көрүнөсүң, андан көрө кана,  бизге эмне жардамың бар? “Өзүмдүн өкмөтүм бар” дейсиң, мына жазгы талаа иштери башталды, ошондон кеп кылбайсыңбы? Кайдагы каколдордун  майданын айтасың” деп ээгинен эркелетип туруп, жолуна салып коюптур.

Ошентип, Кеминден жолу болбогон “балапан өкмөтчүлөр”, эптеп сооронуп алышып, күнөстүү түштүккө, ордолуу  Ошко барышпайбы. Ал жерден үмүттөнүп. Бараары менен кеминдегидей  украин майданынан эмес, укурукту узунураак таштап, өлкөдөгү болгон оош-кыйыштардан баштап, “аба ырайы бекеринен минтип, олку-солку эмес. Жараткан биздин бийликти алмаштырганга аян берип атат” дегенди  ачык айта албай, меселдете кеп таштады, максаттуу “балапан-башбакан” Максат.

Оштун эли мындай бузукуларга шакыйы тез кармайт эмеспи. Кадыр-барктуу апалар, эже-таеэжелер дароо Кунакуновду тегеректеп, колтугуна сүйөп туруп: “Айланайын балам, укам! Баягы 2010-жылдагы алааматты, кандуу кагылышты унутуп калдыңбы? Ошондогу аза жашыбыз кургай электе кайдагы каколдордун  кандуу майданын кеп кыласың, ыя, балакет-мээнетиңди алайын?”, дешип, анан  “балакайлар өкмөтүнүн” балапан-башбаканынын  оозун чоң ачтырып, апаптап коюшту дешет, көргөндөр.

Ошону менен “Жаштар өкмөтү” Украинадагы Батыштын тукуругу, колдоосу, каражаты менен башталган кандуу майданды бизге кантип өткөрүүнүн амалында дешет. Ылайым мындай ою таш капсын. Кыргыз эли андай кан майдандарды эбак эле башынан өткөрүп койгон. Андыктан, тынч өнүгүп-өсүүнү гана ойлойт. Ортодо тигиндей бузукулар эле тоскоол болбосо экен.

Нурди Айбашев

http://diesel.elcat.kg/index.php?showtopic=50721801

Айбат гезити №68




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru