Айбат » С.Жапаров курултайга эл ташып келип, “кворум” кылат экен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » С.Жапаров курултайга эл ташып келип, “кворум” кылат экен

Жапаров Маршрутка

«Ата журт» партиясын чанып, өз алдынча кеткен Садыр Жапаров 31-мартка белгиленген элдик курултайга кызуу даярдык көрүп жаткан кези. Ал ушу тапта түштүк чөлкөмүнөн кишилерди тымызын ташытып жатканы каңкууланууда.

Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, Садыр Нургожоевичдин көздөй адамдары Ош, Жалал-Абад дубандарындагы такси, бусиктерди жалдап, курултайга катышчу кишилерди тымызын ташый башташыптыр. Алды борбор калаага келип, мейманкана, батирлерге жайгаштырылып жатат дешет. Жер-жерлерден шайланып келген делегаттар курултайга катышчу эле, ал эми С. Жапаровдун адамдарды жашыруун жыйнаганы эмнеси, ыя?

Же өзү «жыландын башын кылтыйткандай», 31-мартта тоз тополоң салууну көздөгөндөн сообу деги?

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru