Айбат » Өскөн Даникеев: «Бийлик менен оппозицияда жүргөн жигиттерибиз бир пикирге келиши керек»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Өскөн Даникеев: «Бийлик менен оппозицияда жүргөн жигиттерибиз бир пикирге келиши керек»

Даникеев Өскөн- Өскөн мырза, сиз жана дагы бир нече өлкөбүздүн маданиятына үлкөн кызмат өтөгөн инсандар президент, спикер жана премьер-министрге кайрылуу жасап, Кыргызстандагы кырдаалды көзөмөлгө алуу, Украинадагыдай сценарийдин бизде кайталанып кетүүсүн алдын-алуу керектиги тууралуу билдириптирсиздер. Чын эле бизде азыр Украинадагыдай кырдаал болуп кетиши мүмкүнбү?

– Мен өзү негизи саясатка көп кийлигишпеген адаммын. Бирок, мамлекеттин ар бир жараны ошол мамлекеттин жетекчилиги жүргүзүп аткан саясат менен бирге жашайт эмеспи. Коомдо болуп аткан көрүнүштөр албетте мага да өз таасирин тийгизбей койбойт. Мамлекетибиздин тагдыры, келечеги ойлондурат. Украинадагыдай абал болуп кетет, же болбойт деп конкреттүү айта албайм. Аны менимче эч ким айталбаса керек. Бирок, ошентсе да сыныктан башканын баары жугуштуу деп айтылат эмеспи? Ал жакта кырдаал бизге да таасирин тийгизип коюушу ыктымал. Мына ошондон сактанып, алдын-алышыбыз керек. Азыр биздин жарандар мурдагыдай эмес. Маданий жактан да, социалдык жактан да өсүп калды. Андыктан Украинадагыдай абалды түзбөйт деп ишенем. Андан бизге пайда деле болбойт.

- Бизге Украинадагыдай абал болбошу үчүн бийлик менен оппозиция өкүлдөрү кандай кадамга баруулары керек?

– Элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн иштейм деген мыкты жигиттерибиз бири-бирин сындап, кырчылдаша бербестен, диалогго келүүлөрү керек. Эки жаат болуп алып чабыша бергенден зыян гана болбосо, пайда жок.

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru