Айбат » Марат Казакпаев: «Оппозициячыл саясатчылар бириге албай атышат»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марат Казакпаев: «Оппозициячыл саясатчылар бириге албай атышат»

Казакпаев Марат- Марат мырза, оппозиция 17-мартка белгилеген курултайын 31-мартка жылдырды. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?

– Менимче мунун бир эле себеби бар. Оппозициячыл саясатчылар бириге албай жатышат. Бири-бири менен пикирлери келишпей, кайчылаш ойдо болгондор болуп атат окшойт. Мына ошондуктан бардык оппозициялык лидерлер келишсин деп курултайдын мөөнөтүн жылдырып койду деп ойлойм. Менин жеке пикиримде кандай болгон күндө дагы биригүүлөр болушу керек. Болбосо бизде 170 саясый партия бар экен. Анча көп партиянын эмне кереги бар? Андыктан оппозициялык багытта болобу, же башка багытта болобу партиялардын бириккени туура болот. Чоң партиялар гана чоң күчкө ээ боло алат.

- Оппозицияда туруп алып Равшан Жээнбеков менен Садыр Жапаров бири-бирине сын пикир билдирүүдө. Маселен, Садыр Жапаров «УОКтун конкреттүү программасы жок, андыктан аларга кошулбайм» десе, Равшан мырза Садыр Жапаров уюштуруп жаткан курултайга барбай тургандыгын «Азаттыкка» билдирди. Булардын талашып жаткан бир нерсеси барбы?

– Азыр биригүү процесси болуп атпайбы? Андыктан ошол учурда лидерлердин арасында конфликттер болуп атат. Балким бириге албай калуулары да мүмкүн. Бул чоң суроо. Бириккен күндө дагы алар көпкө чейин иштей алышабы? Бул дагы суроо бойдон калат. Элдин ишенимине ээ боло алышабы? Буга да азыр жооп жок. Садыр Жапаров менимче туура айтат. Конкреттүү программа болушу керек. Ал болбосо, жөн эле митинг өткөрө бергенден пайда жок. Конкреттүү, альтернативалуу программа түзүп алып, анан бийликке талап коюп чыгышса туура болот.

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru