Айбат » Cаруулук С.Жапаровдун чыныгы жүзүн көрүп, жакаларын карманып отурушат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Cаруулук С.Жапаровдун чыныгы жүзүн көрүп, жакаларын карманып отурушат

Жапаров СадырКыргызстан деген ыйык Мекенибиздин тагдыры менен ойноп, анын талкаланып калышына жол ачып жаткандар бүгүнкү күндө эки топко бөлүнүп турат. Биринчи тобу – муну билип жасагандар, экинчиси – билбестиктен, ишенчээктиктен жана ар кимдин тукурууларына бат эле көнүп кеткендер болууда. Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, пайдубалына билип туруп доо кетирип жаткандар булар саясатта тиш кагып, мурда-кийин жогорку кызматтарда иштеп, анан бийлиги жок калганда ага болгон кусаматы артып, элинин тынчтыгы бузулса дагы эптеп бийликке жетүүнү көксөп турушат. Мына ушулар карапайым элдин башын айлантып, өз кызыкчылыктары үчүн элди курал катары колдонуп келишкенин жашыруу кыйын. Мына ушундай мамлекетибизди бөлүп-жарып, андагы кырдаалды атайын курчутуу багытында аракет жасап жаткандардын анабашында экс-«атажуртчу» Садыр Жапаров турат. Ал Бакиевдердин доорунда деги эле башын оорутпаган «Кумтөр» маселесин түштөн кийин көтөрүп чыгып, аны бүгүнкү бийликти аласалдыруу багытында колдонуп жатканын түшүнбөгөн адам калган жок. Өзү Ысык-Көл аймагында болуп өткөн митингдерге басып барбаганы менен ал жактагы жаштарды атайын козутуп, бийликке каршы коюп, ар кандай чагымчыл аракеттерди жасаганы белгилүү. Бул үчүн кимдир бирөөлөрдөн алган каражаттарынын тең жарымын дагы бөлүшүп турду. Жол тосуп жаткандарга казан-казан эт кайнатып, боз үй тигип берип, отун-суусунан өйдө жеткизгенге жакшы эле салымын кошту. Андан экономикабыз бир топ запкы жеди. Тосулган жолдон өтө албай карапайым эл кыйналды. Мындай абал Садыр Жапаровго майдай жагып турду. Ал ансайын саруулук жаштарды күүлөп, «Силердин байлыкты бийликтегилер сатып атат» деп арттарынан түрткүлөп, ар кандай олуттуу мыйзам бузууларга жеткирди. Жыйынтыгында эмне болду? Жогоруда айтканда өлкө экономикасы жабыркады. Инвестициялык климатыбыз начарлады. Эл аралык деңгээлде кадыр-баркыбызга доо кетти. Садыр мырзанын тукуруусу менен экономиканы, же тоо-кен өндүрүшүн таптакыр түшүнбөгөн жаштар жасаган мыйзамсыз кадамдары үчүн сот жообуна тартыла баштады. Ал эми анын баарын уюштурган, жаштарды атайылап күүлөгөн, тукурган Садыр мырза бүгүнкү күндө бир тууган инисинин ден-соолугун шылтоолоп чет өлкөлөрдүн биринде чартаңбай тээп жүрөт. Албетте, чет өлкөдө ушунча убакыт жашаш ү-чүн дагы оңой-олтоң акча кетпейт. Андыктан анын бекеринен Минск шаарын тандап албаганын да түшүнсөк болот. Ал жакта өзүнүн өлкөсүнөн безе качкан саясаттагы «атасы» Курманбек Бакиев бар. Анын камкордугу менен ханзаададай жашай алат. Ошол эле убакта ал жакта туруп алып, акчасынын күчү менен Кыргызстандагы абалды улам курчутуп турууга жакшы шарты бар. Бирок, эмнегедир Садыр Жапаров өзү атайылап тукурган Саруу айылынын жаштарынан деги эле кабар алгысы келбейт. Алардын алды сот жообуна тартыла баштады. Садырдан алган азыноолак тыйындары эчак түгөнгөн. Эми өз укуктарын коргоо үчүн адвокаттарына да акча таба албай жүрүшөт. Аны Садыр мырза ойлонуп да койгон жок. Камакка алынган жаштарга калп эле күйүмүш болгону менен, иш жүзүндө аларга бир тыйын да жардам берген жок. Себеби, эми алардын Жапаровго эч кандай кереги жок. Андан көрө эркиндикте жүргөн жумушсуз башка жаштардан таап, аларга тыйын берип, мурдагыдай эле кырдаалды курчутуу аракетин уланта берүүнү эп көрөт. Мына ушуну жакшы түшүнгөн саруулук туугандар эми Садыр Жапаровдун чыныгы жүзүн көрүп, жакаларын карманып отурушат. «Көрсө буга биздин балдар курал үчүн эле керек болгон турбайбы?» деген ата-энелер көз жаштарын көлдөтүп турат. Эгерде Садыр мырза чындап эле ошол жаштардын, элдин кызыкчылыгы үчүн күйгөн болсо, анда камакка алынган жаштардын ар бирине бирден адвокат жалдап, акчасын да төлөп бергени туура болот. Болбосо, ал чет өлкөдөн келсе, биринчи кезекте эле Саруу айылынын эли аны кокодон кармап, балдарыбызды тукурганыңды мойнуңа ал дегени турушат.

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru