Айбат » «UTI Global» компаниясынан 137 миң долларды «ала качкан» Мавлян Аскарбеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «UTI Global» компаниясынан 137 миң долларды «ала качкан» Мавлян Аскарбеков

Аскарбеков МавлянРавшан Жээнбековдун трафаретиндей болгон, өзүн таза жана жаш саясатчы деп эсептеген «Эркин эл» саясый партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков деген бар. Жаштыгында кеп жок, бирок анын тазалыгында мандем бар экендиги коомчулукта көптөн бери эле айтылып келет. Алардын бардыгын айта бербестен, укук коргоочу Турсунбек Акундун Мавлян мырза тууралуу айтканын гана мисал кыла кетели. Анын айтымы боюнча Мавлян Аскарбеков «аферист» экен. Анысын «UTI Global» компаниясынан 137 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алып өзүмдүк кылып алганы менен мисалдаган. «Бул жаш жигит эл аралык компаниянын акчасын өзүнө алып, анан кайра компаниянын жетекчилигин «Муновчулар» деп айыптап чыккан» дейт Турсунбек Акун K-News интернет сайтына берген маегинде. Эгер эске салсак, чындыгында эле Мавлян Аскарбеков бир убактарда аталган компаниянын «Муна» сектасынын өкүлдөрү атап, алар ошол дин ишенимин таркатып жатат деп катуу күпүлдөп чыккан. Көпчүлүк муну чындап эле жаш жигиттин кашкөйлүгү, өз элинин, жеринин тынчтыгы үчүн чыгып жаткан патриоттук сезими деп баалашкан эле. Көрсө, андай «патриоттуулуктун» артында 137 миң доллар кымтыйып жатканын эч ким билбептир да. Аталган компаниядан ири суммадагы акчаны алдап кетишкендиги тууралуу маалыматты анын директорунун кеңешчиси Данай Ишемкулов дагы ырастаган. Бирок, бул сумма Мавлян Аскарбековдун дарегине жеткенге чейин 300 миң доллар болгон экен. Тактап айтканда Кыргызстанга бизнес ачканы келген чет элдик жаран өлкөбүзгө келери менен Бакай Мамбеталиев аттуу кыргызстандыкка жолугат. Анан Бакай Мамбеталиев анын ичи-койнуна кирип, ишенимине ээ болуп алгандан кийин 300 миң долларын алат дагы куйругун түйөт. Иш сотко өтөт. Соттон болгону 137 миң доллары аныкталат. Бакай Мамбеталиевге беш жылга эркинен ажыратуу чечими чыгат. Анан анын энеси адегенде компаниянын жетекчилигин Муна ишенимин таркатып жүрүшөт деп айыптап чыгат. Анысынан майнап чыкпаган соң, компаниянын жетекчисинен кечирим сурап, «акчаңызды кайтарып беребиз, арызыңызды алыңыз» деп суранат. Ага ишенген директор арызын алат. Бирок, эркиндикке чыккан Бакай Мамбеталиев акчаны бербестен, Россияны көздөй зырп коёт. Айрым маалыматтар боюнча ал алдап алган акчасынан Жогорку Кеңештин кызматкери болгон Арсен аттуу жигит менен бөлүшөт. Ал жигит Мавлян Аскарбековдун досу болуп чыгат. Анан ушул жерден тарта Мавлян Аскарбековдун «муновчулар» «ыры» башталат. Кайра-кайра маалымат жыйынын өткөзүп, колунан келишинче «UTI Global» компаниясынын жетекчилигин шыбап, аларды экинчи 300 миң доллар тууралуу ооз ачпай тургандай кылышат. Ошентип, «муновчулар» «ыр-чырына» чейин маршрутка менен эле каттап жүргөн Мавлян Аскарбеков заматта кымбат баалуу автоунаа минип калат. Кызык бекен? Азыр минип жүргөнү андан да кымбат баалуу автоунаа, тактап айтканда «Мерседес» үлгүсүндөгү ЖИП автоунаасы. Демек, эч жерде расмий иштебеген, ар дайым саясатты гана сүйлөп жүргөн Мавлян мырза кайдан акча таап жатат деген суроонун туулушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындан улам ал тууралуу айтыла калып жаткан кийинки «акча сындыруу» операциялары да чындыкка жакын болуп кетиши мүмкүн. Азырынча ал маалыматтар такталып атат. Бир аз убакыттан кийин аларды да ачыктап бергенге аракет кылабыз…

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru