Айбат » Садыр Жапаровду ээрчисең жардан алыс кулайсың

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаровду ээрчисең жардан алыс кулайсың

Ташиев Жапаров«Баскан жеринде чөп чыкпаган», ар дайым чырдын үстүндө жүргөн Садыр Жапаров санаалаштарын, өзгөчө жаштарды кол жоолуктай пайдаланып туруп, «кумары» канган соң таштап кетмей өнөрү бар. Алыс кетпейли, ага байланышкан акыркы эки жылдагы окуяларга абай салалы.

2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтырууга арналган митинг өткөнүн билебиз. Акциянын башкы уюштуруучусу болгон Садыр Нургожоевич ал кездеги партиялашы Камчыбек Ташиевди: «Сенин Чынгызхандан эмнең кем? Ак үйгө чабуул жаса, биз сенин артынан барып калабыз» деп күүлөп коюп, өзү Ак үйдүн чыгыш тарабынан кабинетине кирип, эч нерсени билбеген, көрбөгөн киши болуп отуруп калганы маалым. Жыйынтыгында Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов өңдүү депутаттар саясый банкротко учурап, темир тордун даамын татып чыгышты. Күндөрдүн өтүшү менен Камчыбек Кыдыршаевич баштаган «ак жолчуларды» «кидайт» этип, учурда өзүнүн саясатын жүргүзүүдө. Бул биринчиси деп туруңуз.

Былтыр 7-октябрда Караколдо коюлган «концерттин», облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу «операциясынын» көмүскөдөгү автору С.Жапаров экени ашкереленди. Ал эми Садыр мырзанын куулугун караңыз: «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп», 5-октябрда Казакстанга, андан ары Минскидеги эски кожоюну Курманбек Бакиевдин жанынан барып жай алды. Тапкан шылтоосу бул: «Инимдин бөйрөгүн алмаштырыш үчүн Минскиге келдим». С.Жапаров КурСалиевичтин жылуу колтугунда жаткан кезинде 7-октябрдагы баш-аламандыктын катышуучуларынын алды эркинен ажыратылып, арты айып пул төлөп чыгышты. Баягы эле С.Жапаров «суудан кургак чыгып», жазага тартылган жок.

Андан бери беш айдын жүзү толуптур. Садыр Жапаровдун инисинин бөйрөгүн алмаштырган-алмаштырбаганын ит билсинби, жадыраган жазда пайда болуп, 31-мартта «элдик курултай» өткөрмөкчүмүн деп чамынууда. Курултай болсо жакшы эле го, кашайып мунусу да өткөн жылдын 7-октябрындагыдай «концерт» менен коштолбойбу деген кооптонуу күч. Себеби ал өзүнө караштуу сайттардын бирине курган маегинде: «Курултайда тополоң чыгып кетпейт деп кепилдик бере албайм. Буга бийлик жоопкер болот» дегендей азыртадан жоопкерчиликтен кача баштады. Кандай гана пикет-митинг болбосун, аны уюштургандар жоопкер болорун С.Жапаров билбейби? Ой да сонун билет, ошол түшүнгөнү үчүн алдын ала көчүгүн тазалап жатпайбы.

Эгер кокусунан 31-мартта дагы тоз-тополоң чыгып кетсе Садыр Жапаров көнгөн адатынча безип кетпейби? Анда мыйзам алдында баягы эле ага ишенген карапайым жарандар жооп берип калышпайбы? «Элдик курултайга» катышам дегендерге алгач ушундай жагдайларды «жети өлчөп, бир кесип», анан чечим кабыл алышса деген кеңеш айтабыз.

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru