Айбат » Ата-Мекендик өнөр-жайыбыз өсүүнүн үстүндө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Ата-Мекендик өнөр-жайыбыз өсүүнүн үстүндө

1Өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте ички өнөр жайды, өндүрүштү өнүктүрүү керек экендиги белгилүү. Мына ушул багытта өткөн 2013-жылы бир  топ алгылыктуу иштер жасалды. Анын негизинде өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын өсүү темпи боюнча КМШ мамлекеттери арасында биринчи орунга чыкканыбыз белгилүү болду. Эгерде эгемендүү Кыргызстандын тарыхына кайрыла турган болсок, мындай ийгилик мурда болуп көргөн эмес эле. Мындай ийгиликтин сыры эмнеде болушу мүмкүн? Биринчи кезекте, өкмөттүн сөздөн ишке өткөн аракетинде болуп турат. Эске сала кетсек, Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт адеп кызматка келген күндүн эртесинен тарта эле айрым мансапты гана ойлогон саясатчылар, депутаттар, саясый күчтөр тарабынан түрдүү сын-пикирлерге кабылып, бир ай болбой жатып, «өкмөт кетсин!» дегендер болгон. Мындай адат кандай башталса, бүгүнкү күндө деле унутта кала элек. Күнү куру эмес өкмөттүн ишин сынга алып, эптеп аласалдыруу аракетин көргөндөр бар. Бирок, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, моралдык согуу урууларга да көздү жуумп коюп иштеген өкмөт өткөн жылы экономикалык өсүү жагынан өтө чоң ийгилик жараткандыгы билинди. Өкмөттүн унчукпай иштеп, олуттуу ийгилик жараткандыгын көргөн айрым эл өкүлдөрү мурда өкмөттү отставкага кетирүү үчүн койгон колдорун да кайра чакыртып алгандарына күбө болдук. Бул жолу биз өкмөттүн өлкөбүздүн өнөр-жайында жасаган ийгилиги тууралуу кыскача токтоло кетүүнү эп көрдүк. 2013-жылы өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүнүн эсебинен 23 419,1 миң чарчы метр айнек чыгарылган. Эске салсак, мурдагы жылы болгону 13159,2 миң чарчы метр гана айнек чыгарылган эле. Демек, өткөн жылы бул жааттагы өндүрүш 1,8 пайызга өскөн деп айтсак болот. Тазалап, иштеп чыгуу өнөр жайынын өсүү темпи боюнча – жыгачтан жасалган буюмдарды өндүрүү – 24,5 пайызга, целлюлоз-кагаз өндүрүшү жана басма ишмердүүлүгү боюнча – 12 пайызга, химиялык өндүрүш 29 пайызга, желим буюмдарынын өндүрүшү 21 пайызга, транспорттук каражаттар жана жабдуулар өндүрүшү 22,5 пайызга, тери жана териден жасалган буюмдарды өндүрүү, бут кийим өндүрүшү 43,1 пайызга, электр жабдуулар, электрондук жана оптикалык жабдуулар 3,4 пайызга өскөн.  Жылдын жыйынтыгы боюнча химиялык өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 876,1 миллион сомго жетип, 29 пайызга өскөндүгү байкалган. Көмүр казуу тармагы боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 1740,1 миллион сомго жетип, 21 пайызга көтөрүлгөн. Тактап айтканда бул жылы 1,4 миллион тонна көмүр казылып алынган. Нефтегаз өндүрүү тармагы боюнча продукциянын көлөмү 1940,1 миллион сомго жетип, реалдуу өсүш 101,4 пайызга чыккан. Курулуш комплексинде негизги капиталга жасалган инвестициянын көлөмү бардык финансы булактарынын эсебинен 78,2 миллиард сомду түзгөн. Демек, мурдагы жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга өсүш болгон. Курулуш боюнча жалпы дүң продукциянын көлөмү 70,7 миллиард сом болгон. Өсүш 12,4 пайызды көрсөткөн. Негизги капиталга жасалган инвестициянын көлөмү сырткы булактардын эсебинен 10,7 пайызга өскөн. Мунун ичинен түз чет элдик инвестиция дээрлик эки эсеге жогорулаган. Чет элдик кредиттер 0,1 пайызга өскөн. Мына ушундай көрсөткүчтөр менен Кыргыз өкмөтү сөздөн ишке өткөнүн далилдеп отурат. Курулай убада бергенче, алдыга коюлган милдеттерди так аткарып, анан элдин алдында жүзү жарык болуп отчёт берген өкмөткө ыраазычылык гана билдирүүгө болот.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru