Айбат » Эл эми алданбайт. Эсиңизде болсун, Азике!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эл эми алданбайт. Эсиңизде болсун, Азике!

Бекназаров Азимбек

Аксы окуясынан бери быйыл 12 жылдын жүзү болуптур. Үзөңгү-Кууштун кытайларга берилишине каршылыктан улам жаралган чырдын түбү эч күнөөсүз карапайым калктын курман болушуна алып келген эле. Бүгүн ошол окуялардын күнөөкөрлөрү Акаев, Бакиев, Бекназаров тайралаңдап, кайгы-капасыз күн кечирип жүрүшөт. Баягы эле шордуу эл азабын чегип, эч күнөөсүз кырчындай жигиттер ушундай саясатчылардын курмандыгы болуп отурат.

Аксыдагы окуялардан улам ошол кезде премьер-министр болгон Курманбек Бакиев отставкага кетип, Акаевдин бийлигине ишеним биротоло жоголгон.

Ал эми ушул окуяларга себепкер болгон адам Азимбек Бекназаровдун ким экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Бул адам ошол аксылыктардын гана эмес, 2010-жылдагы революцияда курман болгондордун ишенимин актай албады. Апрелден кийин Бакиевдердин коё берилишине, Тюлеевдин дароо камалбай депутатка чейин көтөрүлүшүнө, айрым “ата журтчулардын, экс- “ак жолчулардын” орду түрмөдө болсо да, тайраңдап Жогорку Кеңештин трибунасына чейин апрель окуяларында төгүлгөн кандын ыйыктыгын тепселеп кирип келишине бирден-бир себепкер болгонун кантип танабыз?

Азимбек Бекназаров ошол 2002-жылдары Аксы районунан чыккан, анча белгилүү эмес депутат болчу. Андан 5 жыл мурда Токтогул районунда катардагы тергөөчү болуп турганда адам өлтүрүү фактысын жокко чыгарып, кылмышкерди актап, тергөө жүргүзгөнү үчүн ага карата иш козголгон эле. Аны дароо СИЗОго алып барып камап салганы – бийликтин катачылыгы болгон. Ошондон улам аксылыктар түп көтөрүлүп, ызы-чуулуу окуялар башталган. Бекназаровдун чынында кандай адам экенин, акчаны ушунчалык жакшы көргөнүнөн улам өтө оор кылмышка шектүүлөрдү актап, камактан чыгарып жүргөн “опутун” байкуш карапайым эл кайдан билиптир. 2010-жылдагы революциядан кийин чыныгы жүзүнүн бет пардасы сыйрылып отурбайбы…

Айтылып деле, жазылып деле жүрөт – 90-жылдары райондук судья, 2005-жылдары Баш прокурор, Убактылуу өкмөттүн убагында укук коргоо органдарынын куратору болуп турганда, Бекназаров эл аралык издөөгө салынган кооптуу кылмышкерлерди, криминалдык авторитеттерди, коррупционерлерди актап, соттон кутултууга жигердүү салымын кошуп, көнгөн “бизнесин” ийгиликтүү өнүктүргөн.

Парламенттин депутаттыгына чейин жетип, Бекназаров элдешкис оппозиционердин маскасын кийип алып, өз жердештерин бийликке каршы бурап турган. Адаттагыдай, “биздин уулду куугунтуктап атышат” деген эл Бекназаровго болушуп, акыр-аягы айрымдары атылып жок болушту.

Элдин каны менен саясатка келген Бекназаров Башкы прокурордун кызматына келгенде эмне себептен Аксы окуясын түп-тамырынан бери иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалап, бул ишке чекит койгон эмес? Анткени анын капчыктуу кылмышкер, бандит жана коррупционерлерди актап чыгаруудан колу бошобой жаткан.

Бүгүн биз көптөгөн суроолорго жооп издейбиз? Ким үчүн Аксыдагы күнөөсүз жарандар, 2010-жылдагы жүздөгөн адамдар каза тапты? Бекназаровдун миллиондорду сол чөнтөгүнө солошу үчүнбү? Күнөөлүүлөрдүн акчасын кагып, алардын эч бир жазасыз эркиндикке чыгаруусу үчүнбү? Бекназаров жана ага окшогондор кантип бети чыдап биздин арабызда басып жүрөт? Анан дагы үчүнчү революция жасайм деп кайсы бети менен коркутуп атат?

Жок, биз мындай көптөгөн кайгылуу окуяларды Бекназаровдор тайраңдасын деп башыбыздан өткөргөн жокпуз. Кырчындай жигиттерибиз Кыргызстандын келечеги, элибиздин бакубаттуулугу үчүн өмүрүн беришти.

Мындан ары эл Бекназаров жана башкалардын оюнчугу болбойт! Эл эми алданбайт. Эсиңизде болсун, Азике!

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru