Айбат » Эки дөөнүн ортосуна чымын болуп кыпчылбай, өз Кыргызстаныбызды ойлойлу!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эки дөөнүн ортосуна чымын болуп кыпчылбай, өз Кыргызстаныбызды ойлойлу!

Украина КиевУкраинадагы кооптуу кырдаалдан улам, ири державалардын чабышы ачыкка чыгып, акырындап апогейине жетип баратат. Бул чабышуунун апогейи кандай жыйынтыкка алып келет – чоң согуш чыгып кетеби, же акыл менен сабырдуулук жеңеби – аны убакыт көрсөтөт.

Ушундай глобалдуу маселелерден улам, биздин кичинекей Кыргызстаныбыздын активдүү калк катмары да билинбей батышчыл жана орусчул болуп экиге бөлүнүп, ар бир топ өзүнүн чындыгын таңуулап жатат. Азырынча интернет желелеринде чырылдап бири-бири менен урушуп-талашмай, чабышмай күч алууда.

Бул сыяктуу масштабдуу, бүткүл жер калкынын келечегине көңүл коюлган маселеде кыргызстандыктардын орду, ою, келечек максаттары албетте, Кыргызстандын жеке кызыкчылыктарынын айланасында болушу керек. Эмнегедир, “кыргыз” деп ураан чакырган, кыргыздын келечегин ойлогондор аз болууда. АКШ, же Россия, же Европа деп ураан чакырып атышканы кызык болууда. Өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгү жана бүтүндүгүнө доо кетирип, батышчыл-чыгышчыл жана “башкачыл” саясатчылардын көзүнөн бир гана бийликтин креслосу учуп, кыргыз элинин тагдырын тобокелге салып жатышканын же өздөрү түшүнбөйбү, же чындап өз элинин душманыбы – жакшылап ички дүйнөсүн талдап, “таракандарын” орду-ордуна коюп алышса болмок.

Бүгүнкү күндө биз, кыргыздар дүйнөлүк саясый акыбалды эске алып, бизге ылайыктуу, элибизге, жерибизге пайдалуу гана кадамдарды жасашыбыз керек. Акылсыз, радикалдуу, чагымчыл чакырыктарга азгырылбай, бекем мамлекетти түптөөгө бачым киришели. Албетте, ири державалардын тиреши, глобалдык каатчылык сыяктуу көрүнүштөр  биздикиндей кичинекей мамлекетке таасирин тийгизбей койбойт. Сомдун курсу төмөндөп, баалардын акырындап өсүшүн көрүп атабыз. Бирок учурда эң башкысы – мамлекетке тынчтык, тынчтык жана дагы бир жолу тынчтык өтө керек болуп турат. Дүйнөлүк деңгээлде чоң-чоң мамлекеттер титиреп жатканда, кылымдардан берки бизди эл катары сактап келе жаткан биримдигибизди мындан ары да бекемдеп, урпактарыбыздын келечеги үчүн оюбуз, максатыбыз бир болушу керек.

Ал эми элибиздин тынчтыгына доо кетиргиси келген “ичтен чыккан ийри жыландарга” туруштук берип, керек болсо өлкөдөн ары алыс кууп жиберүү зарыл!

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru