Айбат » Өзүнүн жомогуна өзү ишенип алган Садыр Жапаровго ачык кат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Өзүнүн жомогуна өзү ишенип алган Садыр Жапаровго ачык кат

Кылычов АлгаСынчынын сыңар өтүгү майрык же болбосо уяттан кийин төрөлгөн деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Айтылуу Каркыраны көтөрүп чыккандарды  Көлдө жумуртка менен урдуруп кубалаткан,  банк тартып алгыч, атасы Бакиевдин бутуна суу куйгуч, коррупция агенттигинин  ошол кездеги комиссар сөрөйү дал ушул Садыр мырза эмес беле. Канчалаган саясий буйрутма менен адам өлтүрүүлөр, чыныгы чындыктан башканы жазбаган кесип көй журналисттердин канын төгүп турган маалда, азыр бетине кармаган “Кумтөр” тургай карапайым элдин алоо дегени үчүн эле 60 тыйын төлөп турганда, свет 2 эсеге өсүп,  элди көз көрүнөө тоноп турган маалда ооз ачкан эмес. Жаштарды арам оюн ишке ашыруу үчүн пайдаланган, мекенчил жаштарды туура эмес багытка бурмалап, сиздин айыңыздан, түшүнбөстүктөн кылмыш жолуна барып алданган балдардын убалы кимге? Дагы качанкыга чейин карапайым элди курал кылып колдонмокчусуз?

Сизге “белгилүү себептерден улам курултай 31-март күнүнө жылдырууга туура келди. Себеби, Курултай күнү бийлик тараптан атайын уюштурулуп жаткан провокациялык топ түзүлгөндүгү бизге белгилүү болду. Мындан сырткары үчүнчү күчтөр да пайдаланып кетпеш үчүн бир аз убакытка жылдырып, мекенчил жигиттерден турган элдик кошуун түзүп, Курултайды ызы чууга, провокацияга алдырбастан жогорку деңгээлде өткөзүп алуу максатын колдойбуз» деп карандай калпты төктүңүз. Андан көрө эл чогулта албай, арам оюм ишке ашпай, берген пулдарым эч нерсеге жарабай мыш болоорумду билип, эмитеден эле мышык майга жетпей жатып сасык деген сымал өнөктөштөрүм менен апендичесинен жетпеген бийликти бөлүшө албагандыктан, экинчиден Кыргызстанга баруудан мыйзам чегинде жооп берүүдөн корктум деп эле жигитче айтсаңыз болмок, орусча айтканда “Кишка тонка”.

Дагы уялбастан «мекенчил жигиттерден турган элдик кошуун түзүп, Курултайды ызы чууга айландырбастан, провокацияга алдырбастан жогорку деңгээлде өткөзүп алуу максатын колдойбуз» дедиңиз, деги ушул айтканга моралдык укугуңуз барбы? Албетте жок!

Себеп – талап тоноо, жер басып алуу, ар кандай улуттар аралык кагылышуу маалында, күч түзүмдөрү такыр иштебей турган маалда Сиз жана сиздин жан жөкөрлөрүңүз чыныгы карапайым мекенчил жигиттер кошуун түзүп баш аламандыкты токтотуп, мыйзамды орнотууга салым кошкон жигиттердин арасында болгон эмессиз. Мүмкүн тескеринче ошол качкын Бакиевдин чагымчыл күчтөрү менен бирге аракет кылып жүргөнсүз? Чыныгы кошуундун жигиттери мындан ары сүйүктүү Кыргызстаныбызды ар кандай талап тоноого, баш аламандыктарга жол бербей көздөрүнүн карегиндей сактоого аракет кылып, тынчтыкты, мыйзамдуулукту, тартипти сактаарын билип коюңуз!

Интернет булактардан ар кандай жалган аттарды, логиндерди коюп, ар кандай сүрөттөрдү чаптап алып жасалма сөлөкөттөрдү коюп алып ар кандай ушактарды таратып, коомчулуктун пикирин бузганга аракет кылып бешинчи класстагы баланын аракетин кылганыңызды качан токтотосуз?

Деги эле Эл бузаардын, Коррупциянын, айтылуу Манас эпосундагы Абыке, Көбөштүн СИМВОЛУНДАЙ болбой, Элдин убалынан коркуп качан иш кыласыз? Же такыр эле уяттан кийин төрөлгөндөрдөнсүзбү? Садыр мырза сизге чыныгы жигитче ачык кат жөнөткөн, сизден чын эле мырза болсоңуз чыныгы мырзача жооп күткөн” Элдик-Сакчы” кошуунунун жетекчиси Кылычов Алга Зарипович.

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru