Айбат » Ө. Абдырахманов гейлерди колдоп интервью бериптир

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Маек » Ө. Абдырахманов гейлерди колдоп интервью бериптир

Молдокматов Жеңиш- Акцияны уюштурганыныздардын негизги максаттары эмне болду?

– Акыркы күндөрү  Батыш  өлкөлөрүнүн  колдоосу  жана  каржылоосу  менен Кыргызстандагы  бейөкмөт  уюмдар  жана  фонддор аркылуу  кумсалар (гей) жана  гомосексуалдарды  пропагандалоо  күч  алды.  Кыргыздын  каада-салтына,  маданиятына,  үй-бүлөө  күтүү  баалулуктарына, ишенген динине жана бийик туткан  дилине  каршы саясат жүргүзүшүп, элге жагымсыз  нерсени  таңулоо менен  мамлекетибиздин  ички  саясатына кийлигишүүдө  деп,  алгач 27-февраль 2014-жылы Кыргызстандагы  АКШ  элчилиги  алдында  нааразычылык  акция  өткөргөнбүз. Акцияда  “Батыш Кыргызстандан  колуңду  тарт, мамлекетибиздин  ички  саясатына  кийлигишпе”,  “Эгемендүү жана  демократиялуу  мамлекет  болгон  соң, өз тагдырыбызды  өзүбүз  чечебиз”, “НПОлорду каржылаганды  токтоткула”  деген  ураандар  менен  чыкканбыз.

12-март күнү  акциянын   уландысы  Ак уйдун  алдында өттү.  Акциянын максаты  Кыргызстанда  гомосексуализмди   жайылтпоо  жана  пропаганадалоого  тыюу  салуу  жөнүндө Мыйзамдын иштелип  чыгып, кабыл алынышын  талап  кылуу  жана  өлкөдөгү  бейөкмөт уюмдардын  күн  санап  көбөйүп  баратканы,  алардын  бюджеттери  райондордун  бир  жылдык бюджеттеринен  көп  болуп, эч бир отчету жок, эмне максатта жана кандай  багытта  колдонулуп жатканы  белгисиз  болгондуктан,  НПОнун   ишмердүүлүгүн  текшерүүгө  алуу  жөнүндө  тийиштүү Мыйзам кабыл алып, мамлекетте  ишмердүүлүгүн  жүргүзгөн  бардык  НПОнун   ачыктыгын  талап кылуу болгон. Салыштырмалуу  айтып  коюш  абзел, Нарын облусунун Нарын районунун  32миң калкы  менен  бир  жылдык бюджети  болгону  16млн сомду түзөт,  ал эми бир  эле НПОнун счетуна  20-30 млн.  чет жактан келип жатат.  Демек, биз жаран катары кызыктар болушубуз  керек,  30-40миң эли  менен  бир  район бир жыл эптеп жанын бакса, бир эле НПО 3-4 кызматкери менен  млиондорду мыкчып турушат.  Баса  белгилеп  кетким  келет, Украинадагы  Майдан бир күндө  болуп  кеткен  жок, ага  чейин  батыш  мамлекеттер  НПОлор аркылуу млиондорду которушуп, радикалдарды  дайындашып, акыры  өлкөнү  экиге  бөлүп  коюшту. Эгерде  бүгүнтөн биздеги  НПОлорду  текшерүүгө  албасак, эртең  эмне  болуп  кетээрин  батыштын  өлкөлөрү  гана билет.

2- Акциянын өтүшүндө   депутаттарды  чыксын  деп  талап койдуңар эле, аягы эмне менен бүттү?

– Акция учурунда  ЖК торагасы  А.Жээнбеков  биз менен жолугушууга  ЖК депуттары Кутушев менен Никитенкого  тапшырган экен, эмнегедир  чыгышпады. Бирок, акциянын бүтүшү  менен  ЖК төрагасынын  орун  басары  Зулпукаров  Төрөбай  кабыл алып, көтөргөн демилгебизди  колдоого  алышты. Кудайым буюрса жакынкы аралыкта  НПОлорду текшерүүгө  шарт  тузуучу  Мыйзам  жана өлкөдө  гомосексуализмди  пропаганда  кылууга тыюу салчу Мыйзам кароого киргизилет. Ошондо жалпыбыз билебиз  ким  каршы  ким макул деп добуш  берерин. Кимде-ким  каршы  добуш  берсе, демек  гомосексуализмди колдойт жана НПОлорду  коргойт  деп  таанышыбыз  керек.

1- Акция учурунда  ЖК депутаты  Өмүрбек  Абдрахмановго нааразычылык билдирип, анын сыртка чыгып, кечирим суроосун талап кылдыңар, буга эмне себеп болду?

– 27-февраль  күнү  АКШ элчилиги алдында  өткөн  акциябызды  Абдрахманов шылдыңга алып,  намысыбыз, элдин  кызыкчылыгы  жана  мамлекеттин  келечеги  үчүн  өз  күчүбүз менен  уюштурган  акциябызды  Россия каржылаган,  ошондуктан  Америка  элчилиги алдында  өтүп  жатат, чыккан жаштар куурчактар, ак шакалдар  деп,  өзүнөн-өзү  элигип, Майдан гезитине  интервью  бергени  анын  анык  жүзүн  көргөзүп  койду. Өткөн  акцияда болгону  батыш  өлкөлөрүнө,  гейлерди  колдогондорго  жана  аларды  үгүттөгөн  НПОлорго  карата  сөздөр  айтылган.  Абдрахманов  тууралуу  бирда  сөз  айтылган эмес.  Абдрахманов  Америкада  жашап  келгенин, батыштын  баалулуктарын  ыйык  тутунганын баарыбыз  билебиз,  мүмкүн  Америка  элчилиги  алдында  өткөн  акциядан кийин океандын  арыжагындагы  кожоюндары  Жеңишти  тизгинде  деп  тапшырма  берсе  керек, ал анысын так аткарды окшойт. Анысы аз болду көрүнөт, “Вести.kg” сайтына  гейлерди колдоп  интервью  бериптир.    Ошол  себептүү  сыртка  чыгып, айткандарыңды  далилде, аныктай  албасаң  кечирим  сура  дедик. Бирок,  айтор  чыкпады.  Бир четинен  чыкпаганы жакшы болду,  анткени  жаман  сөз угуп, шылдың  болуп, анан өлкөнүн  жаштарын  сотко бермек окшойт. Анысынан  да  коркпойбуз.

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru