Айбат » Энергетикалык көз карандысыздыкка карай кадам

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Энергетикалык көз карандысыздыкка карай кадам

Өзүбүздөн чыккан электр энергиясын коңшулаш жайгашкан Өзбекстан, Казакстан аркылуу өтүп, анан кийин гана бизге келгени өлкөбүздү энергетикалык жактан көз карандуулукка алып келгенин жашырууга болбойт. Мындай бири-бирине көз каранды кылуу ыкмасы СССРдин атайын жасаган тактикасы болгону бештен белгилүү. Себеби, 15 республикадан турган улуу державанын чачырап кетүүсүнөн сактоо үчүн ушундай тактиканы колдонушкан. Маселен, ширеңкенин сырты бир шаарда жасалса, ичиндеги талдары башка шаарда жасалганы эле 15 республиканы бири-бирине бекем чырмап коюуга жасалган аракет болгондугун көрсөтөт. Бирок, бул улуу держава жоюлуп, анын курамындагы республикалар өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан кийин ачык эле бири-бирине көз каранды болууга түрткөн жагдайлар пайда болду. Алардын бири дал ушул энергетика тармагы. Акыркы 20 жылдан ашуун убакыттан бери бул тармакта жаңылануу таптакыр жокко эсе болуп, натыйжада ири ГЭСтердин жабдуулары эскирип, электр зымдары да өзүнүн сапатын жоготуп, кыштын кыраан чилдесинде калкыбыздын жарыксыз калган учурлары көп эле катталып келди. Мына ошондуктан учурдагы өкмөттүн алдына коюлган бирден-бир милдет жана максаты Кыргызстанды энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жеткирүү болгон. Бул багытта жүргүзүлгөн иш-чаралар 2013-жылы өзүнүн алгачкы жемиштерин берди десек болот. Биринчиден, электр энергиясынын коммерциялык жоготууларын, дебитордук карыздарды азайтуу жана коё берилген электр энергиясынын акча каражаттарын чогултууну жакшыртуу багытында АСКУЭ деп аталган жаңы технологияны колдонуу башталып жана карта аркылуу алдын-ала акчасын төлөөгө ылайыкташкан эсептегичтерди этап-этап менен киргизүү аракеттери жасала баштады. Бишкек жана Ош шаарларындагы электр байланыштарын Модернизациялоого багытталган 3 жылдык Программа аяктады. Анын негизинде ар дайым болуп келген авариялык өчүрүүлөр азайганы билинди. «Датка» 500 Кв жана ЛЭП 220 Кв кичи станцияларынын курулуш иштери аяктады. Мунун негизинде өлкөбүздүн түштүк аймагы энергетикалык жактан толугу менен көз карандысыздыкка жетишти. «Газпром» менен келишимге келүү аркылуу газ түтүкчөлөрүн жаңыртуу, нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу энергоресурстардын дүйнөлүк интеграциялык системасына кирүүгө мүмкүнчүлүк ачат.  Мындан сырткары Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС курула баштады. Анын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт болуп эсептелет. Өлкөбүздөгү эң ири ГЭСтердин бири болуп кала турган «Камбар-Ата-1» ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоору жыйынтыктоо боюнча иштер жүрүп атат. Муну менен биз суу-энергетикалык ресурсубузду эффективдүү пайдаланууга жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жетишебиз.  Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыктан толугу менен чыгарууга багытталган ЛЭП 500Кв «Датка-Кемин» жана 500 Кв «Кемин» кичи станцияларын куруу иштери жүрүүдө.  Экспорттук коридор ачуу максатында Тажикстандагы «Датка-Ходжент» станциясында иш жүрүүдө. Электр энергиясын берүүчү жана бөлүштүрүүчү гидро электр станцияларын реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча долбоорлор кредитке келген каражаттардын жана энергетикалык компаниялардын жеке эсептеринен ишке ашырылууда. Өткөн жылы кичи гидро энергетика жаатында төрт чакан ГЭСтин курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, жакын арада аларды куруу боюнча курулуш компаниялары арасында тендер өткөрүлмөкчү. Айтор, 2013-жыл Кыргызстанда энергетика тармагы үчүн өтө чоң ийгиликтерге багыт алган жана жетишкен жыл болду. Башталган долбоорлордун бардыгы жүзөгө ашкандан кийин мамлекетибизде энергетикалык каатчылык деген унутта калып, көз карандысыздыкка жетишип жана башка мамлекеттерге экспорттоого да мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Оор кырдаалга карабай 2013-жыл өлкөбүз үчүн жемиштүү жыл болду

Эске сала кетсек, Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт 2012-жылдын акыркы айларында, тактап айтканда кыштын кыраан мезгили босогого жакындап калган мезгилде келген эле. Жаңыдан келген өкмөттү алдыда биринчиден кыш мезгилине карата чукул даярдык көрүү тозуп турса, экинчиден, иштеп баштай элек өкмөттү «кетсин» деген ураан менен тозуп алган саясый конкуренцияны жеңип чыгуу милдети турган. Бүтүндөй өлкөнүн кышка карата даярдыгын көрүү үчүн албетте жай мезгилдеринен баштоо керек болот. Ал эми сентябрь айынын аяк ченинде келген бул өкмөт өз курамын бекитип, өз милдеттери менен таанышып чыкканча эле кыш айлары кирип келип, көпчүлүк оппоненттеринин көңүлүнө майдай жаккан абалды түзүп берди. Бирок, бул оор сыноодон жаңыдан түзүлгөн өкмөт күжүрмөн эмгеги менен чыгып кете алды. Андан ары деле курулай сын-пикирин жаадырган эл өкүлдөрү болду. Өкмөттүн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей, үстөккө-босток чабуулдарын жасашып, ар кандай тактикаларды колдонушту. Өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында мектеп окуучуларындай тизилип отуруп, күн алыс түрдүү суроолоруна жооп берип жатышты. Бул бир жагынан өкмөттүн иштөөсүнө жардамдай туюлганы менен, экинчи жагынан убакыттын көпчүлүк бөлүгүн депутаттар «уурдап» алып жаткандай абал түзүлдү. Бул өкмөттүн иштөөсүнө каршы согулуп турган эпкиндин биринчи жагы. Экинчи жагынан бул өкмөт жаңыдан кызматка киришкенде бюджетибиздин дефицити өтө чоң көлөмдө болчу. Мурунку өкмөт тарабынан убада катары берилип, бирок аткарылбай калган милдеттер бар эле. Ички карыздардын көлөмүнө коркунуч туудура турган төлөнө элек, убактысы өтүп кеткен төлөмдөр бар болчу. Айтор, саясый жана экономикалык жактан өтө оор кырдаалда келген Сатыбалдиев башында турган өкмөт бардыгын жеңди. Мына ошол натыйжалуу жетишкендиктердин айрымдарын мисалга тарталы.

2013-жылы ИДПнын өсүшү боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин алдыңкысы болду

Бардык тоскоолдуктарга, каатчылыктарга карабастан өткөн жылы Кыргызстан ички дүң продукциянын өсүшү боюнча КМШ мамлекеттери арасынан биринчи орунга чыкты. Эгерде эгемендүү Кыргызстандын тарыхына кайрыла турган болсок, мындай натыйжа биринчи жолу болуп жатат. Бир жылдын ичинде Кыргызстан төмөнкү позициялар боюнча өз рейтингин жакшырта алды: «Бизнести алып баруунун жеңилдиги» 2 пунктка, «Төлөмдөрдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жокторго уруксат берүү» – 23 пунктка, «Экономикалык эркиндик Индекси» – 4 пунктка, «Басма сөз эркиндиги Индекси» – 9 пунктка, «Коррупцияга чара көрүү индекси» – 4 пунктка, «Глобалдуу атаандаштыкка турукташ берүү индекси» – 6 пунктка, «Өнүгүү индекси» – 9 пунктка жакшырды. Жыйынтыгында негизги капиталдын инвестициясынын көлөмү бардык булактардан каржылоонун эсебинен 2,3 пайызга өстү. Мына ушул көрсөткүчтөрдүн бардыгы өлкөбүздөгү инвестициялык климаттын жакшыруусуна, экономикабыздын мындан ары дагы өнүгүшүнө, бизнестин гүлдөшүнө жана элибиздин бакубат жашоосуна жол ачып берди.

Күнүнө үчтөн митинг болуп турган шартта дагы өнүгүүгө болорун далилдеген өкмөт

Ырасында адатка, дагы тереңирээк айтсак, «жугуштуу ооруга» айланып калгандай болгон митинг, пикеттер кандай гана жумуш болбосун ага терс кедергисин тийгизбей койбойт. 2013-жылы дагы ушул адат калбаганын көрдүк. Эгерде өткөн жылда болуп өткөн бардык митингдерди кошуп, кайра аны жыл ичиндеги күндөргө бөлүп жиберсек, күнүнө орточо эсеп менен үчтөн митинг өтүптүр. Мындай митингдердин талабын угуу, аларга көңүл буруу дагы өкмөттүн милдети экендигин эске алганда буга дагы бир топ убакыт уурдала тургандыгын билсек болот. Бирок, ошого карабастан, жакшы натыйжа үчүн тынымсыз иштеген өкмөттүн ишинде жыл бою экономикада оң тенденция байкалгандыгын баса белгилеп айта кетүү керек.  2013-жылы Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү 107,8 пайызга жеткен. Мындай көрсөткүчкө жетүүгө өнөр-жай өндүрүшүнүн жогорку көрсөткүчкө жеткени чоң салым кошуп отурат. Маселен, өткөн жылы өнөр-жай өндүрүшү 134,5 пайыз, курулуш продукциясы 112,4 пайыз, айыл-чарба продукциясы 102,9 пайыз жана кызмат көрсөтүү жагы 105,1 пайызга жеткен. «Кумтөр» ишканасын биз Кыргызстандын экономикасынын флагманы деп атап келгенбиз. Ал эми 2013-жылы ички дүң продукциясынын көлөмү «Кумтөрдү» кошпой эсептегенде реалдуу түрдө 105,8 пайызга жеткен. Ал эми бул ишкананын республиканын жалпы ИДПсындагы салымы 7,8 пайыз болсо, өнөр жай продукциясындагы салымы 48,6 пайыз болгон.

Кыргызстандын ИДПсынын өсүшүн коңшулаш өлкөлөр менен салыштырганда

Жогоруда биз 2013-жылдагы Кыргызстандын экономикасындагы жетишкендиктерге кыскача токтолдук. Өзгөчө өнөр-жай өндүрүшүндөгү көрсөткүч КМШ мамлекеттери арасында эң алдыңкы орунга чыккандыгын да маалымдадык. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүн да мисал кыла кетели. Маселен, Россия – 100,3 пайыз, Казакстан – 102,3 пайыз, Беларуссия – 95,2 пайыз. Ал эми Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү – 107, 8 пайыз болгондугун айтып өттүк. 2013-жылдын январь айынан декабрдан чейинки ИДПны акчага айлантканда 350 миллиард сом болгондугун КР Улуттук статистикалык комитети билдирди. Мындай көрсөткүч менен 2012-жылдагы 0,1 пайызга төмөн түшүп кеткен ИДП 10,5 пайызга өскөндүгүн айтышат. Жогорудагы сумманы мамлекетибиздеги ар бир жанга бөлүп келгенде 64,1 миң сомду түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 8,3 пайызга өскөндүгүн көрсөтөт. Кыргыз өкмөтүнүн 2013-жылдагы ийгилиги тууралуу үстүртөн айтканда мына ушундай. Ал эми аны дагы тереңдеп энергетика тармагын өзүнчө, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, өнөр-жайды өнүктүрүү жана башка тармактарындагы ийгиликтерге өз алдынча токтолсок, узун сабак сөз болот. Андыктан кыскача сөз менен айтканда Кыргызстандын 2013-2017 -жылдарга карай туруктуу өнүгүшү үчүн түзүлгөн Стратегиялык пландын биринчи баскычын өкмөт өтө жогорку натыйжа менен ишке ашырды десек болот. Эми мындан ары дагы ушул темпти жоготпой өнүгө берсек, анда Стратегиялык программада көрсөтүлгөн милдеттемелер, максаттар толугу менен ишке ашат деп айтсак болот.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү – экономиканын локомотиви жана жумушсуздукту жоюуга жасалган кадам

Союз кулагандан кийин анын курамында болуп келген бардык эле республикаларда жумушсуздук маселеси жаралган. Мындай көйгөйдөн Кыргызстан да кутула албай келе атканы жашыруун эмес. Андыктан мына ушул көйгөй менен күрөшүп келе аткандай түр көрсөткөн алгачкы эки бийлик, эч кандай натыйжа бере алган эмес. Бардыгы сөз жүзүндө айтылганы менен иш жүзүндө жүзөгө ашпай келгени өкүндүрбөй койбойт. Мына ушул көйгөй менен реалдуу күрөш жүргүзүү бүгүнкү күндөгү өкмөттүн шыбагасына туш келгендиктен, өткөн 2013-жылы бул багытта бир топ алгылыктуу жумуштар жасалганы маалым болду. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2013-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин өлкөбүздө 11 969 кичи жана жана орто ишканалар ишке киргизилген. Бул көрсөткүч 2012-жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу 390 даанага көбүрөөк көрсөткүч. Жеке ишкерлик менен иш жүргүзүүнү 323,9 миң адам жүзөгө ашырган. Бул жагынан алганда 2012-жылга салыштырмалуу 31,7 миң адамга көбүрөөк. Жалпы жонунан өлкө боюнча дыйканчылык жана фермерчилик иш менен алек болгондордон сырткары ишкерлик тармагында 406,7 миң адам алек болору белгилүү болгон. Демек, орто жана чакан ишканалардын пайда болушу, жеке ишкерлик менен алектенгендердин санын көбөйүшү биринчи кезекте жумушсуздук көйгөйүн азайтса, экинчи жагынан өлкө экономикасы үчүн дагы олуттуу салымын кошот. Маселен, өткөн жылда өлкөбүздүн ИДПсынын жалпы көлөмүнүн 41,2 пайызын чакан жана орто ишканалар түзгөн. Аны сомго айлантканда 97 889,7 миллион сом болот. Ал эми 2012-жылы бул көрсөткүч – 40,8 пайыз болгон. Мындан сырткары 2013-жылдын аяк ченинде 22 ишкананын иши жанданган. Маселен, «Карасуу-Дан-Азык» ишканасы, мамлекеттик «Асель» ательеси, «Кара-Арча», «Mecoplastik», «Мир окон», «Швын-Фа», «Sigma-plast» ЖЧКлары, Кеминдеги курулуш материалдар заводу «Асфальтобетон» ААКсы, жана башкалар. Мына ушулардын бардыгы бүгүнкү өкмөттүн натыйжаны сөз менен эмес, иш менен көрсөтүп жаткандагы аракети. Болбосо, толгон-токой убадаларды берип, бирок анын жарымысын да аткара албаган өкмөттөрдү көрдүк эле. Ал эми учурдагы өкмөт толтура убадаларды бербегени менен, бардыгын бир четинен жүзөгө ашырып келет. Биз айткандар бул өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн бир гана тамчысы. Негизи жалпы экономикалык өсүш боюнча, ИДПнын көлөмү боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттери арасында өткөн жылы биринчи орунга чыкканы дагы өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru