Айбат » В. Путин дүйнөлүк үстөмдүктү өзгөрттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » В. Путин дүйнөлүк үстөмдүктү өзгөрттү

ПутинУшул тапта дүйнөлүк коомчулук дем тартпай, Украинадагы калпыз саясаттан  келип чыккан Крым жарым аралына жана чыгыш Украинага  бурушууда. Крым автономдуу республикасында жашаган калктын “Россияга кошулабызбы! же Киевдин бийлигине чөгөлөп кала беребизби?”-деген чоң саясий маселеге жооп бериш үчүн  16 – мартта жалпы элдик шайлоо (референдум) болуп өтөт. Эскерте кетсек Крым жарым аралы 1918- жылдан тарта РСФСРдин курамында болгон. 1954 жылы КПССтин башкы катчысы, туулган жери Украина болгон Н. Хрушев эч ким менен кеңешпей Крымды жердештерине кармата салган.

Киевде 2014-жылдын 22-февралында ультра улутчулдар жана саткындар, чет элдик дрижерлордун таякчасы менен, куралдуу бийлик төңкөрүшүнөн кийин Крымдын эли жаңы саясий кадамдарга барышып, Украинанын курамынан чыгууну алдыларына максат кылып алышты. Крым аралынын эли, бийлиги Киевдеги өздөрүн-өздөрү “жеңүүчүлөрдүн өкмөтү” -деп атап алышкан топторго баш ийип беришкен жок.

В. Путиндин тарыхый кадамы эмнеде?

Үстүбүздөгү жылдын 22 – февралында батыш мамлекеттери 5 млрд АКШ доллары менен Киевде мамлекеттик бийликти басып алышкан топтордун кандуу окуяларынан кийин  Крым аралынын бийлиги, Украинанын түштүк чыгыш аймагында жашашкан орус улутундагы калктын  ультра улутчулдардын кандуу бийлигинен сактап калуусун өтүнүшүп Россия президенти В. Путинге тынымсыз  кайрылуу жасап жатышты.

В. Путин Россиянын Федерация кеңешинен “Украинага Россиянын Куралдуу күчтөрүн колдонууга” макулдук алды.  В. Путиндин мындай кадамынан  соң АКШ президенти Б. Обама, Германия канцлери А. Меркель, Улуу Британиянын премьер министри Д. Кэмерон чыйпылыктай башташты. Бул үч державанын лидерлери аргалары кеткенде Украина маселеси боюнча өздөрү В. Путинге телефон чалышып бир канча жолу сүйлөштү. Бул Англо-АКШ альянсынын лидерлерине В. Путиндин айткан жообу мындай болуп жатты. “Украинада конституцияга каршы куралдуу бийлик төңкөрүш болуп өттү. Россия “бийлик аталган  бул топту” тааныбайт. Ал эми Украинада жашашкан Россиялык жарандардын жана орус тилдүү калктын коопсуздугун коргойбуз”.  В. Путиндин Англо-Европалык альянстын лидерлерине мындай позициясы күчүнөн жана элек. Айтор, В. Путин АКШ жана Европаны “пошли вы..”-дегендей эле кылды.

СССР деген улуу держава урагандан кийин Америка өзүнүн НАТО боюнча өнөктөштөрү менен дүйнө жүзүн бир полярдуу кылып ташташкан. Дүйнөлүк процесстер  Америка кандай айтса дал ошондой болуп келген. Бириккен Улуттар Уюму-деген жөн гана айрым учурда жыйын куруучу топ болуп калган. Баардык мамлекеттерге тиешелүү Эл аралык ченемдер (норма) кагаз жүзүндө гана калып калган. АКШ башында турган НАТО БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциясы жок Иракка, Югославияга, Ооганстанга, Ливияга кандуу агрессия жасашканын кечеки тарых далилдейт.

Россия президенти В. Путиндин Украинанын түштүк-чыгыш региондоруна болгон кайтпас  позициясы “дүйнө бир полярдуу эмес бир канча полярдуу болуш керек!” -деген түшүнүктү калыбына келтирди. Ошондой эле В. Путин Евро-Англо альянсына бүлүк салды.

Себеби, эгер бүрсүгүнү Крым Автономдуу Республикасында жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгы менен бул  Крым, Россиянын курамына кошула турган болсо, анда Улуу Британиядан сентябрда өтүүчү жалпы элдик шайлоодо Шотландия бөлүнүп чыгышы мүмкүн. Испанияда Каталония, Баскилер өзүнчө мамлекеттүүлүктү, АКШнын Техас сыяктуу түштүк штаттары,  АКШнын Миссисипи,, Лузиана, Джорджия, Түштүк Королина штаттарында жыш жашашкан Афроамерикалыктар мындай маселени кайрадан көтөрүп чыгышы ажеп эмес. Кечээ жакында АКШ президенти Б. Обама Кытай бийлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдө Кытайлар Украинанын бүтүндүгүн каалаганын билдирди. Кытай бийлигинин мындай позициясы “Манжурия, Цинь-Циянь Уйгур автономиялуу областы, Тибет аймагы сеператтык маанайды жаратышы мүмкүн” -деген чочулоосун жаратпай койбойт. Не болсо да В. Путин “дүйнө көп полярдуу”  экендигин дүйнөлүк масштабда  далилдеп таштады.

Украинада тышкы күчтөрдүн максаты эмнеде?

Жер жүзүндө ач көздүгү ашынган АКШ, Еробиримдик Россиянын алсыратуу үчүн мындай иштерди ишке ашырууну  көздөп келген.

1. Украинанын  түштүк -чыгыш областынын шаарлары индустриалдуу болуп өлкөнүн экономикасынын 60 түзүп келген. Украинанын машина, трактор заводдору, атомдук жана гидро-электр станциялары, деңиз порттору, кеме куруу, космостук тармактар ушул аймакта жайгашкан. Англо-Европа “Эгер, Украина Россия-Беларусь, Казакстан мамлекеттери түзгөн бажы биримдигине кирсе, анда бул мамлекеттер өнүгүп кетет” -деп чочулашкан.

2. АКШ, Евро биримдигин Чыгыш Украинадагы индустриалдуу жайларына “инвестиция долбоору” -деген шылтоо менен өнөр жай объектилерин жеке менчикке чыгарып жиберип, экономиканы баш-аламанга салууну көздөшкөн.

3. Россияга жана “Жамааттык Келишими Коопсуздук  Уюмуна” (ОДКБ) каршы батыш Украинага “ракетага каршы коргонуу” (ПРО) системасын жайгаштырууну көздөшкөн.

 

Эми  Украина багытында НАТОнун дүрмөтү кур дүрмөт болуп калды

Крым аралынын Верховный Радасы кечээ Эгемендүүлүктүн декларациясын кабыл алды. Бул, жарым жартылай Россия-деген кеп.

АКШ, Евро биримдик жана МФВ Украинага ири көлөмдөгү 15 млрд. доллар берүүгө убада кылышууда. Бирок алар мындай шартты коюшууда. “Пенсия чыгуу мөөнөтүн жогорулатасыңар, айлык маяналарды, пенсия, пособияларды азайтасыңар, коммуналдык төлөмдөрдү көбөйтөсүңөр” -деген талаптар. Киевдин “бийлиги” мындай шартка макул болушууда. Сөзсүз мындай  шартта элде наразылык күчөйт. өңүттө турган Россия дагы чечкиндүү кадамга бараары шексиз. Мындан ары Кырым, Украинага таасир этиш үчүн саясий-идеологиялык эң сонун плацдарм болуп берет.

“Аргалары алты кеткен” Англо-Европа өткөн аптада Россияга карата санкция колдонобуз!” -дешип бир ээлигишти. Өткөн аптада Брюсселде Европа Россияга карата эч кандай кадамга бара алышкан жок. АКШ, Европа мамлекеттери Россиянын айрым жарандарына же бир компанияларына санкция колдонушу мүмкүн бирок, дүйнөлүк экономиканын 5/1 түзгөн  Россияга карата чара колдонуу бул жомок!

Ушул тапта АКШнын согуштук сомолеттору Румыния, Польша абасында пайда болду. Бирок, алар Крымга карата бир ок чыгара албайт. Жөн эле дүйнөлүк коомчулуктун  көзүнө сөйрөктөмүш болуп жатышат. Крым аралынын армиясында азыр “С-300” зениттик ракетасы, “Бук” зениттик ракета комплексти, деңиз флотунда дагы көптөгөн кубаттуу куралдар бар.

В. Путин Россиянын президенти болуп шайланган күндөн баштап эле НАТО мамлекеттери менен болгон пикир келишпестиги башталган. 1999-жылы (ал кезде президент Б.Ельцин болчу. авт.) НАТО Югославияны бомбалап күч менен бөлүп-жарып таштаган. 2008-жылдын 17-февралында Сербиянын бир бөлүгү “Косово республикасы” болуп жарыяланган. Ошондо В. Путиндин минтип айтканы бар:  «Прецедент Косово — это страшный прецедент.  Те, кто делает это, они не просчитывают результатов того, что они делают. В конечном итоге это палка о двух концах, и вторая палка треснет их по башке когда-нибудь»-деп.

Чынында, кийин В. Путин айткандай болду. Ушул эле 2008-жылы 7-августунда АКшнын күчүгү М.Саакашвили Түштүк Осетияга куралдуу кол салды. Ал кезде В. Путин Россия өкмөтүнүн башчысы болсо да Кытайда өтүп жаткан олимпиаданы таштап, Москвага  шашылыш учуп келди. Россия президенти ал кезде Д. Медведев болсо да В. Путин чечкиндүүлүк кылды. Россия армиясы АКШнын акыркы куралдары менен куралданган Грузия армиясын ийнине киргизди да Түштүк Осетияны эгемендүү мамлекет катары таанып таштады. Бул Россиянын Косовопа боюнча НАТО мамлекеттерине карата жообу болчу. Англо-Евро альянсы «Украина багытында реванш алабыз»-деп ойлошкон. Бирок алардын ою минтип таш капты.

Мына ушул келтирилген аргументтерди, Сирияга карата  НАТО мамлекеттеринин агрессиясын токтотуп койгонун эске алганда,  В. Путин азыр дүйнөлүк лидер! Ошентсе да, В. Путинди идолго айландырбашыбыз керек.

Саясий аналитик, журналист Болот Кожогелдиев

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru