Айбат » Казат Акматов: “Бизди “акшакал” деп жазгандар кожоюндарына көшөкөрлөнүп жагынуунун аракетин көрүүдө”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Казат Акматов: “Бизди “акшакал” деп жазгандар кожоюндарына көшөкөрлөнүп жагынуунун аракетин көрүүдө”

Акматов Казат- Сиз жана Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Улукмырза Полотов өңдүү кыргыз маданиятына жана адабиятына зор салым кошкон инсандар Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданып президент, спикер жана премьер-министрдин атына кайрылуу жасаган экенсиздер. Муну оппозициялык маанайдагы айрым басылмалар «Атамбаевдин “акшакалдары” оппозицияны каралай баштады» деп жаза башташты. Буларга эмне дейт элеңиз?

–  Биз ошол кайрылууда айта турган сөзүбүздү айттык. Калганын эми жетекчилер чечиши керек. Муну менен биз кимдир-бирөөгө жагынып алалы деген ойдо болгон жокпуз. Бизге мамлекеттин, элдин тынчтыгы, бүтүндүгү керек. Анан эми бизди “акшакалдар” деп аткандарга эмне дейт элек? Саясатта эки жаат болуп атканда мындай бет тырмоочулуктар боло берет. Басма сөздүн практикасында мындай көрүнүштөр болуп келген. Улууну урматтабоо, аксакалдарды сыйлабоо өңдүү терс мүнөздөрү менен алар өздөрүнүн акча берип аткан кожоюндарына көшөкөрлөнүп жагынуунун аракетин көрүп жатышат. Бул адатка да айланды. Алар элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган жерлери жок. Өздөрүнүн кара курсагы үчүн көшөкөрлөнгөндөрдү терс аяк деп гана коёт.

- Мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн бийлик менен оппозицияда жүргөн саясатчыларга кандай пикир айтат элеңиз?

– Чындыгын айтканда мен өкмөттүн ишине деле анчалык ыраазы эмесмин. Кемчиликтер бар. Ал эми оппозицияда жүргөндөр – булар шайтан көпөлөктөр. үйдө жарык жок болсо, кычыктарга кирип кетип жок болуп калышат. Жарык күйсө эле пайда боло калышат. Жазуучу катары аларды мындан башкача сыпаттай албайм. Ошол оппозицияда жүргөндөрдүн бирөө дагы мамлекетибиз үчүн омоктуу түркүк болуп бере албайт.

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru