Айбат » “Элита kg” телекөрсөтүүсүнүн артында ким турат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » “Элита kg” телекөрсөтүүсүнүн артында ким турат?

Элита kgЧыгармачылыкта эриш-аркак иштеген таланттуу адамдардын катары көбөйүп бара жаткандыгы кубандырат. Жакында дагы бир чыгармачыл тандем түзүлүп, жакшы саамалыктар башталганы турат.

Сахиба Кадырова, “Элита KG” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу:

“Элита дегенде атайын кайсы бир тандалма инсандарды чакыруу максат эмес”

- Сахиба айым, жаңы көрсөтүүнүн идеясы качан, кандайча пайда болду эле?

– Негизи Комуз ТВ каналынын продюсери Ариза Рыскулбекова ушул көрсөтүү тууралуу идеяны мага сунуштаганда мага жаккан. Себеби, бул көрсөтүү аркылуу Кыргызстандагы таанымал адамдардын, мейли саясатчы болсун, мейли ишкер, депутат,ректор,  доктор, ырчы, элчи айтор бардык тармактагы адамдардын эл билген, билбеген жактарын чагылдырууга толук мүмкүнчүлүк болот экен. Эң ириде адамдар менен баарлашуу анын ичинде эл тааныган инсандарды көрүүчүлөргө башка тарабын ачып берүүнү пландаганбыз. Буюрса бул көрсөтүү менен көптөгөн кызыктуу маектештерге күбө болосуздар.

Кадрова Сахиба- Эмне үчүн “Элита KG” деп атадыңар, бир гана тандалган чөйрө эфирге чыгат дегендикпи?

–  Биринчиден, мындай аталыштагы көрсөтүү Кыргызстандагы телеканалдарда жок. Элита дегенде атайын кайсы бир тандалма инсандарды чакыруу максат эмес. Тескерисинче, коомубузду элитага айлантып алуу өз колубузда дегенди айткыбыз келди. Анан да көрсөтүүгө чакырылган кайсы гана конок болбосун, коомчулукка позитив тартуулаган портретин көрсөтүүнү максат кылганбыз. Керек болсо ырдатабыз, гимнастика жасатабыз, сууда сүздүрөбүз, топ ойнотобуз дегендей кызыктуу жактары бар.

- Кайсы күндөрү көрүүгө болот?

– Комуз ТВ каналынан аптанын ар бир жекшемби күнү кечки саат 19:00дө эфирге чыгат. Кийинчерээк көрсөтүүнү орус тилинде да чыгарууну пландап атабыз.

- Сиз буга чейин кино тармагына да аралашып жүрдүңүз эле, жакпай калдыбы?

– Кино дүйнөсү канчалык түйшүктүү, оор эмгек болбосун мен үчүн иштөө аябай кызык болгон. Буга чейин айрым тасмаларда уюштуруучу, тасма директору болуп аралашып калгам. Мен ойлойм, чыгармачыл адамга чек жок болуш керек. Өзүмдү чыгармачылыктын түмөн түйшүгү үстүндө көргүм келет. Ошондуктан таланттуу, жаңы багытта иштей билген кыргыздын мыкты кыздарынын бири Ариза Рыскулбекова экөөбүз чыгармачыл тандем түздүк. Кудай буюрса кино жаатында эле эмес бир топ маданий багытта жакшы эмгектерди жаратуу оюбузда бар. Ал күндөр алыс эмес чыгаар. Азырынча “Элита KG” көрсөтүүсү аркылуу конокторду электен өткөрүп жатабыз. Башталышы жакшы ийгиликтер менен башталды.

 

Рыскулбекова АризаАриза Рыскулбекова, Комуз ТВ телеканалынын продюсери:

“Азыркы кезде толугу менен продюсерликке өттүм”

- Ариза, жакында Комуз ТВ телеканалынын юбилейи тууралуу угуп калдым эле?

– Ооба. Май айында 5 жылдык мааракени белгилеп, чоң программадагы концерт өткөрөбүз. Жакында Комуз ТВ Акнет  байланыш түйүнүнө да өттү. Себеби биз бардык региондорду да камтышыбыз керек.

- Канал жалаң  музыкалык багытта эмес беле, жаңы берүүлөр ачылдыбы?

– Жаңы бир топ телеберүүлөр толуктайт. Жакында эле чыгармачыл журналист Сахиба Кадырова экөөбүз “Элита KG” деген теле берүүнү алып чыктык. Бул телеберүүдө кыргыз элибиздин көзгө көрүнүктүү инсандарын чакырып сонун эксклюзивдүү маектерди куруп беребиз. Аягында биздин музыкалык канал үчүн ырдап же бийлеп берет.

- Чыгармачылыкта кандай пландарың бар?

– Сахиба экөөбүз тандем түзүп,  чоң-чоң иш-чараларды пландап атабыз. Мен буга чейин жалгыз иштеп келгем. Сахиба экөөбүз иштеп баштагандан бери бир топ жеңилдеп калдым. Ишин так билген, абдан жоопкерчиликтүү айым экен. Буюрса алдыда Кыргызстанда мыкты эмгектерди алып чыгабыз деген максатыбыз бар.

- Сенин кинодо аткарган ролуңду көрүп калдык эле, азыр алыстап кеттиңби?

– 4 жыл мурун бир топ тасмаларга тартылгам. Азыркы кезде толугу менен продюсерликке өттүм. Киного тартылууну токтоттум. Жакында жаш таланттарга жардам кылуу максатында, ырчы Беки кызы Айчолпон менен эки жылга келишим түздүк.

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru