Айбат » “Алтын үндүн” күнгөй-тескейи

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » “Алтын үндүн” күнгөй-тескейи

Айбек ЖакошовӨткөн сандарыбыздын биринде продюссер Мирлан Муратов “Алтын үн 2013” фестивалын өткөрүүдө катышуучулардын паспортун алып, 50дөн билет сатмайынча бербейм деп жатат, – деген катышуучулардын биздин гезитке арыз каты менен кайрылганын жарыялаган элек. Ар бир нерсенин күнгөй-тескейи болот эмеспи, ошол макала чыккандан кийин биздин редакцияга арыз кат жазгандардын бири  Айбек Жакошов деген бала бизге берген маалыматын төгүнгө чыгара тургандыгын, ал маалыматты Темирбек деген баланын  байкеси жаздырганын айтып, сөзүн артка алаарын билдирди. Анда сөз башынан болсун.

- Айбек. Биздин гезитке андай маалыматты берүүгө ким түрткү болду?

– Жатаканада жатсам Сейитмуратов Темирбек телефон чалып: “Эшикке чыга калчы?”- деп калды. Чыксам Акыл деген байкеси менен туруптур. Байкеси үчөөбүз машинеге түшүп алып  бир жерге бардык, ал жактан гамбургер алып беришти. Аны жеп бүткөндөн кийин сиздердин гезиттин редакцияңыздарга алып барышты. Темирбек, Зарима деген кыз үчөөбүз арыздануу катын жазганбыз. Аны Акыл байке жаздырган.

- Сени редакцияга алып келгенде кимди жамандап жазып атканыңды билгенсиң да?

– Ооба билгем. Мирлан Муратов биздин паспортту алып бербей жатат, 50 билетти кыйнап саттырды деген сөздөр болчу.

- Мирлан чын эле ошончо билетти саткыла деп паспортуңарды алды беле?

– Биз кастингге барганда ал жактан анкета берген. Анкетада чындыгында 50 билет сатасың деген пункту да бар болчу. Биз сатабыз деп кол коюп бергенбиз.

- Сен канча билет саттың эле?

– 40 билет саткам.

- Эми биздин редакцияга барып берген маалыматыңды төгүнгө чыгарып жатканыңды кандай түшүнсөк болот?

– Биз берген маалыматта калп жери да бар. Анткени, биз барганда өзүмдүн башымды иштетип деле жазган эмесмин. Жанымдагылар эмнени айтса ошону жаза берген болчумун.

- Эмнеге антип жаза бердиң? Калп болуп калып эртең Мирландын бетин кантип карайм деген ой болгон жокпу?

– Андай ой башыма келген деле жок. Темирландын Акыл деген байкеси: “Паспортуңду алып берем, жаза бер” – деп койгон.

- Сени коркутушту беле же өз эркин менен эле жазгансыңбы?

– Коркуткан деле эмес. Акыл байкенин айтканы менен жанымдагылар жазышты, мен да ошондой жаза бердим.

- Мирлан Муратов паспортуңарды бердиби анан?

– Башкасын билбейм, бирок менин паспортумду 2-3 күндө берем деди.

- Биздин гезит аркылуу “Алтын үн 2013” долбоору тууралуу эмне сөз айткын келип жатат?

– Чындыгында долбоор жакшы өттү. Таланты бар, таанышы жоктор үчүн чоң сахнага чыгууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берди. Мындай долбоорлор дагы да болушун каалайм.

P.S. Албетте ар кимдин өзүнүн чындыгы бар. Чындыкты канча катканыбыз менен чыркырап чыга келет эмеспи. Бул жакта ким чын маалымат берди, кимдики туура же кимдики калп экенин убакыт өзү таразалайт деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай убакыт баарына тараза.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru