Айбат » «Арстан», «жолборс», «түшкөн ханды» коргогон маалымат каражаттары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Арстан», «жолборс», «түшкөн ханды» коргогон маалымат каражаттары

Ош тв«Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтайын» дейт элибизде. Бул макалды «жаандан кийинки козу карындай жайнап чыккан» маалымат каражаттарына арнасак жарашчудай. Себеби бүгүн саясатчы аттуулардын көпчүлүгү гезит, сайт, алды телеканал ачып, өздөрүн «байдын эрке кызындай мактатып», атаандаштарынын үстүнөн жугунду куйдуруп калышты. Алардын күч башында Оштун экс-мэри Мелисбек Мырзакматов турат.

Экинчи борбордогулар Мелис Жоошбаевичти «баскынчы» катары таанышат. Муну «Ош-ТВ» телеканалын кантип «адалдаштырып» алганы тастыктайт. Каргашалуу июнь окуясынан кийин өкүмзордук менен басып алган «Ош-ТВнын» убайын алигиче көрүп жатат. Мэр кезинде өзүн айга, күнгө теңетип мактатып, ошол эле маалда борбордук бийликти бир жактуу каралаган берүүлөрдү байма-бай чагылдырчу. Аны менен эле чектелбестен, түндүк-түштүк ажырымын кеңейтүүчү смс-билдирүүлөрдү таратып, элдин ынтымагын бузуу аракетин көргөнү белгилүү. Мындай адатын экс-мэр статусуна ээ болгону деле таштай алган жок. Бүгүнкү күндө да аталган канал Мырзакматовдун камчысын чаап жаткан кези.

«Түшпөс хандын», ой, «түшкөн хандын» ашынган улутчул, регионалист экенин ага караштуу «Түштүк.кейжи» сайтынын жарык көрүшү далилдейт. Биринчиден, сайттын аталышы эле элди бөлүп-жарууга багытталганын ашкерелесе, экинчиден, анда М.Мырзакматовго ылайыктуу жаңылыктар жарыяланып турат.

Мурдагы басма-сөз катчысы Сюита Соурбаеванын көңүлүн алып, ага «Тайан.кейжи» сайтын ачып бергенин билебиз. Ошол эле учурда «Фактор.кейжи» сайты Мырзакматовдун акырынан жем жээри маалым. Ал эми өкүл баласы Дайырбек Орунбековдун «Маалымат.кейжи» сайты менен «Мекен-инфо» гезити Мырзакматовдун «арзыматына» айланганына көп болду.

«Туулганына» эки ай баскан «Искра» гезити да «түшкөн хандын» жеке өзүнө тиешелүү экенин гезитте жарык көргөн макалалар тастыктайт. «Искранын» башкы редактору Адилет Айтикеев Ак үй, Көк үйдү жөнсүз шыбап гана кычуусу канбастан, улуттар, региондор аралык чагым салуучу маанайдагы макалалардын автору катары таанымал.

Экс-«республикачы», «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Мырзакматов дегенде «итатайы» тутулчу эле. Саясат дегениң ушул белем, бүгүн ал каржылаган «Кыргызстанбүгүн.кейжи» сайты Мырзакматовго келиндей жүгүнө кызмат кылып калыптыр. А.Сулайманов Мырзакматовдун алдында «сынган» же Мырзакматов үкасынын оозун «долларбайлар» менен майлаган.

Биз М.Мырзакматовго караштуу делген маалымат каражаттарынын четин гана мисал келтирдик. Эгер зарылчылык туулса, тизмени дагы улантабыз…

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru