Айбат » Мырзакматов менен Гаипкулов Жапаровго жолукканы кетиштиби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мырзакматов менен Гаипкулов Жапаровго жолукканы кетиштиби?

Гаипкулов«Жаштар өкмөтү» кыймылынын өкүлү Максат Кунакунов «Искра» гезитине курган маегинде эки маселенин башын ачыптыр. Ал Равшан Жээнбеков баш, Мелис Мырзакматов төш болгон Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлерин Кыргызстанда баш-аламандык уюштурганы жатат деп айыптап, аларга каршы чыгарын расмий жарыялаган. «Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнүн бардыгы мурдагы саясатчылар, мурунку бийликтегилер. Биздин жаңы өкмөттүн түзүлгөнүнүн максаты да ушул. Бийликтегилер улам орун алмашпай жаңылансын деп жатабыз. Бизди булар тажатты. Керек болсо «Майдан» кылабыз дегендери кыжырды келтирет. Жаштар өкмөтү ага жол бербейбиз. Же болбосо дагы бир төңкөрүштөрдү кыла турган болсо да жол жок. Анткени бул Кыргызстан үчүн кыйынчылык алып келип калат» деген Максат мырза УОКко кирбей, «Ата журттан» чыгып, өз алдынча саясат жүргүзүп жаткан Садыр Жапаровдун камчысын катыра чабарын билдирип койгон.

Сөзүн андан ары улаган Кунакунов Каркыра жайлоосун бөтөн мамлекетке өткөрүп берүүгө макулдугун бергенин жашырган эмес. Каркыра боюнча макулдук бергеним бул чын. Аны танбайм…» деген Кунакунов бул кадамы үчүн өкүнбөй тургандыгын баса белгилеген. Эмне демекчибиз? Но коммент…

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru