Айбат » “Жаштар өкмөтү” теледен уят болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Коом » “Жаштар өкмөтү” теледен уят болду

КунакуновКечээ “Азаттык+” телеберүүсүнө айтылуу “Жаштар өкмөтүн” түзүп алып, таскагы катуу чыккан, а бирок дүбүртү угулбай жаткан мүчөлөрү экс -“акжолчу” Максат Кунакунов жана журналист-Дайыр Орунбеков келип катышты.
Ушул берүүдөн аталган бирикменин бир да программасы жок экени, жөн гана биригип алып эле жаштарды дүрбөтүү максаттары болгону ачык-айкын билинди. Буга студияда отургандар да, экрандын ары жагындагы миллиондогон калайык-калк дагы күбө болуп, ынанды.
Анан дагы экөө отуруп алып, карандай калпты айтып жатышат. Кунакунов Бакиевдерге эч тиешеси жоктугун, Орунбеков Оштун экс-мэри Мырзакматов өкүл атасы болсо да, артыларында ал турбаганын айтып, жанды жешти. Айласыздан Иса пайгамбарды сатып кеткен Иуданы эстейсиң. Ал дагы бетинен өбүмүш болуп, Исаны душмандардын колуна салып берген. Булар дагы каратып туруп Бакиев атасы менен Мырзакматов өкүл атасын сатып атышат.
Буларга оппонент болуп чыккан жаштар “биз мындай иштерди жасап жатабыз, биз тигиндей идеяларды ишке ашыруудабыз” деп колунан келген мамлекетке жардамы жөнүндө айтып берип атышса, Дайырбек Орунбеков “мен журналистмин, менин сайтым бар, менин гезитим бар” деп мактангандан башка татыктуу жооп айта албады. “Ушул сайт аркылуу капчыктууларды мактайм, калганын поктойм, башка пайдалуу иш колуман келбейт” деп да кошуп койсо сонун болмок.
Ошентип, көрүүчүлөр экстердин кол жоолугу болгон, шаша-буша жаз алдында бийликке акарат келтирүү максатында гана түзүлө калган “Жаштар өкмөтүнө” кол шилтеп, басып кетишти.






Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Жаштар өкмөтүндө идея эмес биримдик жок, булардын баары Акаевдик, Бакиевдик жана убактылуу өкмөттүн калдыктары, тагыраак айтканда колдонууга кереги жок делип, ыргытылган керексиз барак сыяктуу адамдар. Идея болмоюн жана ошол идеяга берилген инсандар жок, эч бир коом жылышка бара албайт. Президент түзгөн элитага каршы чыгышууда, алар өздөрү дагы Бакиевдик режимдин элитасы болушкан жана Мырзакматовго окшогон, Бакиевдик режимге кызмат кылгандардын акчасына иштеп жатышат. Алар мамлекетке ызы-чуу салып, кайрадан өлкөгө оор кырдаал алып келүү менен бийлике эптеп эле келүү, кресло бөлүшүү, талашуу жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер (Россия, Казакстан Кытай ж.б.) менен алаканы бузуу аркылуу, маданияты жок, ата-энесин сыйлабаган, энесинен мышыгын жакшы көргөн бузулган батыштын баалуулуктарын Кыргыз элине таңуулап жаткан сасык демократияны жайылтуу аркылуу, ата-бабанын каада-салтын, өлкөбүздүн тарыхын, маданиятын, макал-лакабын, санжырасына сокку урууну көздөшөт. Булардын артынан ээрчүү, белгисиздике, туңгуяка такалтат. Андыктан ар-ким өз ишин так аткарсын жана идеясын башка бирөөлөргө таңуулагандан биринчи өзүлөрү ошол нерсени кылышсын. Эгер өзүлөрү сунуштап жаткан нерселерди ишке ашыра башташса, жаштар эле эмес, жалпы эл колдоого алат.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru