Айбат » Электр энергиясын үнөмдөөчү япониялык жылуулук насос эми Кыргызстанда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Электр энергиясын үнөмдөөчү япониялык жылуулук насос эми Кыргызстанда

111- март күнү “ Кой-Таш” эс алуу борборунда “дордой” Ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун демилгеси менен “Niton ltomik Co.Ltd” аттуу япониялык компаниянын ишкерлери ойлоп тапкан аэротермалдык жылуулукту үнөмдөөчү “Eco Cute” насосунун ачылышы болуп өттү. Ачылышынын урматына кызыл лента кесилип, буга Кыргызстандын ишкер бизнесмендер, басма сөз кызматкерлери жана Кой-Таштын тургундары келип катышышты. Ачылыш аземи жылуулук аэротермалдык “Eco Cute” насосу орнотулган, дарылоочу борбордун астында өттү.

Ачылышты Аскар Салымбеков өз сөзү менен баштады.

– Сиздер күбө болуп аткандай жылуулукту үнөмдөөчү аэротермалдык насос Японияда 2001-жылы ойлоп табылып, ошондон бери Японияда колдонулуп келет экен. Аэротермалдык насос адам баласынын жашоосуна абдан керектүү жана пайдалуу, экологиялык жактан зыяны жок, жылуулукту күндүн нурунан, абадан алып, аны менен сууну жылытып үйдүн ичине колдонууга берилет. Элестетсеңиз, үйдө жылытыш үчүн канча деген көмүр, отун керектелет андан чыккан экологияга зыянын тийгизүүчү түтүн, көмүрдүн калдыктары мунун баары зыян болуп жатпайбы. Эң негизгиси кышында жарыкты үнөмдөйт жана ызгаардуу суукта подстанцияларга күч келбейт. Мен мүмкүнчүлүгү бар жеке ишмерлерге кайрылат элем, урматтуу журналисттер силерде айтсаңыздар бул электр энергиясын үнөмдөө- келечеги кең тема. Өзүн издеген, өз жолун издеген жеке ишмерлерге ушул жылуулукту үнөмдөөчү насос менен алектенсе эч өкүнүшпөйт деп айта алам.

- Ушул “Кой-Ташка” орнотулган аэротермалдык насостун базар наркы канча болот?

– “Кой-Ташка” окшогон чоң объектилерге орнотуу 15 миң доллардын айланасында болот.

- Карапайым адамдар өздөрүнүн үйлөрүнө койдуруу  кымбатка түшпөйбү?

– Жеке адамдарга 5 миң долларга чыгат. Кымбатыраак, бирок келечеги жакшы болуп атпайбы. Ар бир обьектинин көлөмүнө жараша болот. Баасы да ар башка болушу мүмкүн.

Мындан соң Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюке Коике сүйлөп, ал өз сөзүндө “Niton ltomik Co.Ltd” аттуу компаниянын өкүлдөрүнө жана Кыргызстанда иш жүзүнө ашырып жаткан “Дордой” Ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековго терең ыраазычылыгын билдирип өттү.

Бул сөздөрдөн кийин аэротермалдык насосун кызыл лента менен ачып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Жылуулук берүүчү аэротермалдык насосту Кыргызстанга алып келип биздин элге тартуулап жаткан Аскар Салымбеков байкебизге ыраазычылыгымды билдирем. Аскар байкебиздей, Кыргызстандын келечегин ойлогон атка минерлер көбөйсө, кыргыз элине жакшы турмуш күтөөрүнөн шек санабайт  элем.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru