Айбат » Дашман коргоого муктажбы..?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дашман коргоого муктажбы..?

ЖКДашман өрөөнүнө 2007-жылы мамлекеттик корук макамы берилип, тиешелүү коргоо чаралары башталган. Бирок, бул аймакты байырлап келген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кызыл-Үнкүр, Могол жана Талдуу-Булак айыл тургундарына мындай макам берүү бир кыйла ыңгайсыздыктарды жаратып келет.

Мындай эки жактуу маселе Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кароосуна коюлуп, өйдө тартсаң араба сынат, ылдый тарсаң өгүз өлөт абалына кептелди.

Комитеттин кароосунда жергиликтүү тургундар бул жердеги эл макам- сакамы жок эле тээ илгертеден бери Дашманды аздектеп, ага сый мамиле келишкендигин, мындан ары дагы мындай азайып жерди урпактарга татыктуу жеткирүүгө бар аракетин жумшай тургандарын комитет жыйынында дагы айтып чыгышты. Айылдык кеңеш депутаты Медетбек Нуркуловдун айтымында, бул аймактардын жашоочулары эрте жаздан баштап, кеч күзгө чеийн Дашмандын жаңгагынан тарта, алма, өрүк, чие, козу карын, ит муруну менен тиричилик өткөрүп келишет. Корук макамы токтом аркылуу бекемделгенден кийин жергиликтүү тургундарга чектөөлөр киргизилген.

Ал эми расмий бийлик же Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги болсо мындай уникалдуу аймакка корук макамын берип, атайын мыйзам менен кайтарууга алуунун зарылдыгын өз жүйөөлөрү менен коргоп чыгышты.

Карама-каршылык аталган аймак корукка айлангандан кийин жергиликтүү калк чектөөлөргө макул болбогондон жаралып отурат. С.Атажанов маселе жаралганда ал жерге барып, маселенин маңызы менен таанышып кайткан. Тиешелүү жыйынтык менен коруктун жалпы аянтынын чарбалык аймагы (карапайым элдин кирип, чөп чаап, мөмө жыйууга уруксаат берилген бөлүгү) 90ды, ал эми ядролук аймак (биотүрдүүлүктүн кеңири болгон бөлүгү, бул аймакка элдин кирип-чыгуусуна тыюу салынган) 10 болуп жергиликтүү элдин кызыкчылыгына өзгөргөн.

Ошентип, бир көзүң бир көзүңө жоо болуп, адам адамга ишенбей калган учурда дал ушундай “сеники да чын, меники да чын” деген маселе жаралып жатканы көп эле учурда кезигип келет. Ажайып токой менен жан сактап келген элге токойго муктаж болбогондой кылып шарт түзүп берип, элдин социалдык абалын оңдой албагандан кийин, корук кылып коруунун максаты ишке ашаары толугу менен күмөн. Ошол эле маалда арканды узун таштап, бизден кийин да бала-бакыра, урпак, эл деген бар экенин эстеп, токой массивин коргоо теориялык жактан туптуура жол. Ал гана эмес экология жаатындагы эл аралык конвенцияларга да мындай уникалдуу жерлерди коргоо милдеттендирилген.

Ошентип, эки жактуу мындай маселе боюнча парламент комитети Дашман аймагына тагылган макамдын зарылдыгын, ошол эле маалда токойлордун кыйылып кетпөөсүнө жол бербөө боюнча чечим кабыл алышты.

Жыйынтыгында жергиликтүү тургундардын отун-суу, жылуулук маселесин дагы чечип берүү жагы, айыл тургундарынын суроо-талаптарын эске алуу менен экотутумду сактап калуу жагын караштыруу Өкмөткө тапшырылды. Ушул жылдын июнь айында бул маселеге комитет кайрадан кайрылат. Белгилей кетсек, бул маселе аталган корук жайгашкан “Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кызыл-Үнкүр, Могол жана Талдуу-Булак айыл аймактарынын тургундарынын кайрылуусу себеп болуп, аны кароо комитет төрагасы Сайдулла Нышанов тарабынан демилгеленген.

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru