Айбат » Тынчтыктын баасы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тынчтыктын баасы

митинг

Жаз босогодо баш багып, кыштын кары багалегин, жеңин түрүнүп, жылаңбаш мекендин адыр- тоо, аңыз, белин кезип жүрөт. Алдыда Нооруз. «Жаздын бир күнү, бир жылга тете».

27 жашыма чейин мен анчалык маани бербеген жана маани берсем да баасын, баркын түшүнбөгөн «Тынчтыктын баасы» деген сөздү көп эстейм. Бир жолу Ата- мекендик согуш жөнүндө Эл акыны Сүйүнбай Эралиев менен маек куруп калдым. Согуш менен тынчтык жөнүндө узак сүйлөдү… «Айланайын балдарым, тынчтыктан кудай айырбасын, бешикте бала чочубасын, желеде кулун үркпөсүн…»,- деген таризде батасын берди аягында. Кызыгы мен ошондо деле ал киши саймедирелеп аткан «тынчтыктын баасына» түшүнбөгөн экенмин.

А бирок мен «Тынчтыктын баасын» кийин түшүндүм. Ал күн 2010- жылдын 7-апрель күнү болчу. Адаттагыдай журналисттик ишим менен алек элем. Адатта оперативдүүлүк жагынан алдына киши салбаган «Азаттыкчылар» улам бир тири укмуштуудай сүрөттөрдү, өлгөн кыргыздарды, атылган адамдарды, чачылган шаарды, шаштысы кеткен элди тартып келип жатышты.

Борбор калаа кызыл- жаян кан, боздогон үн, буулуккан букка толуп кала берди. Кудум согуш күндөрү сыяктанган шаар жашоосунун ошол кездеги каарманы катары милиция агалардын баркын түшүндүк. МАИчи көрүнө калса сүйүнөсүң. Ээн калган шаар… Ээн баштык өкүм сүргөн күндөр. Ал арада тартип… тынчтык… бул эки жөнөкөй сөздүн адам баласынын жашоосундагы орду опол тоодой экенин мага окшогондордун көбү түшүндү. Элеттик ак сакал айтчу тынчтык, Эл акыны Эралиев айткан тынчтык менин көз алдыман чубап өтүп турду. Ошол үчүн мен тынчтыктын баркын жаз келгенде дайым эстегенге аргасызмын.

Бир досум көп айткан анекдотту кыстарайын… Бир карыя эл арасында сүйлөп жатып улам эле, «Дүйнөдө тынчтык болсун! Дүйнөдө тынчтык болсун!»,- дей берет экен. Анда жанында олтурган кемпири этегинен тартып, «Айланайын абышка, дүйнөдөгү тынчтыкты коюп, үйдөгү эле тынчтыкты айтчы»,- деп абышкасын жекирип алган экен.

Анын сыңары жаз келе атат десе эле коркосуң. Дагы эмне болот деп? Чынында эле Тынчтыктын баасына байланышы бар тарыхый окуялар, жаз менен кошо башталган башаламандыктар билгенге «Сынган кылычтагы» Шералинин маңдайына илинген чокою сыяктуу эле. Дүйнөнү коюп, өз өлкөбүздөгү тынчтыкты эле айткыбыз келгени да ошондон.

Жазгүл Жамангулова, Бишкектик журналист

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru