Айбат » Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы балдарды кубанычка бөлөдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы балдарды кубанычка бөлөдү

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы балдарды кубанычка бөлөдү

Өткөн сандарыбыздын биринде бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын айыл аймактарын таза cуу менен камсыз  кылганын жазып өткөнүбүз эсиңиздерде болуш  керек. Бир гана таза cуу менен чектелбестен  8-март  күнү Бишкек шаарынын «Ыйман» комплексинде  жетим калган жаш балдарга 2 айда бир өтүлүп туруучу акциясы болуп өттү. Бул акцияны Нематуло ажы өзүнүн таалим сабагы менен ачып  андан кийин жалпы  каза болгон аталардын арбагына багыштап жаш балдар өздөрү куран окуду. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын орто азия боюнча атасыз балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы  Недали Күндил комиссияны жетектеп    Чуй областынын жарымы жана Бишкек шаарындагы бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын карамагындагы 300дөн ашык балага  2400 сомдон жөлөк  пул жана белектерин тапшырды. Жаш балдардын көздөрүнө  кубаныч  оту күйүп ыраазычылыктын жүздөрүн кийип  «бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына» рахматтарын айтып жатышты.

 

2-топтун ата-энелер комитетинин төрайымы Атыр Сандалбекова:

Мен эки небереме 2011-жылдан бери «бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынан» жөлөк  пул алып келе жатам. Бул   уюм  күзүндө  күзгү кийим жана  кышында кышкы кийим    берип  турат,  кийим  кече  берилбей калган кезде кийимдин  акчасын  берип турушат. андан тышкары  окуу жылы башталганда  балдарыбызды  окуу  куралдары  менен  камсыз  кылып турушат. Орозо айт, Курман айттарда  тамак ашга азык түлүктөрүн алып   беришет.  Бул уюм  мектепти  жакшы  баа  менен  бүткөн  балдарды  жогорку окуу  жайларда  бекер  окутушат.  Бүгүн  энелердин  майрамына  карата жакшы каалоо тилектерин айтышты, ошондой  эле   балдарга  2400 сомдон жөлөк  пул  жана  таттуу  белектерин таратышты. Бүткүл  дүйнөлүк  жаштар ассамблеясынан  чоң  жардамдар  көрсөтүлүп  турат, бул   уюмга   чооң ыраазычылыгымды  билдирем.

“Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы”  бир гана жетим балдарга жөлөк пул  берүү  менен  чектелбестен ар  кандай комплекстерди ,  мечиттерди, ар кандай кырсыктардан  жабыркагандарга үй салып беришет,  жогоруда айтылгандай  айыл жерлерин таза  cуу  менен  камсыз  кылып,  элдин камын ойлоп турушат . Ооба,  биз  мындай  уюмга «бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына» кудайым өзү ыраазы болуп мындан аркы иштерине ийгилик деп кол жаап алкыш сөзүбүздөн  башка  эч  нерсе  деп  айта  албайбыз.

Рысалиев Рахатбек

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru