Айбат » Мамлекетибизди талкалап албайбызбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мамлекетибизди талкалап албайбызбы?

митингБүгүн борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктеринин биринде коррупцияга шектелип камакка алынган Акматбек Келдибековдун талапташтары чогулуп маалымат жыйынын өткөрүштү.

Анда алар кечээ күнү Башкы прокуратуранын имаратынын алдында митинг өткөрүшүп, аягында Баш прокурор Аида Салянова менен жолугушканын айтышты. Алардын негизги  болуп турган Келдибековду үй камагына чыгаруу талабын баш прокурор «муну сот чечет» деп билдиргенин бир ооздон кайталашты.

Мына ушул маалымат жыйынына катышкан Келдибековдун тарапташы Сарбашев Керим Келдибековдун эч кандай күнөөсү жок экендигин билдирип, «Алайлык болсо эле болду, бардыгын Келдибековго чаптап жатышат» деген сөзүн айтты. Кызыгы, кайсыл алайлык мекендешибиздин ишин Келдибековго чаптап жатканы түшүнүксүз бойдон калды.

Маалымат жыйынына катышкан Чынара аттуу айым «Келдибековду операция жасабай эле койсо болмок дешет. Кайсыл башына таш тийген адам жөн эле операция жасатат? Анда неге Атамбаев операция жасатат?» деп чамынып алды. Анан дагы «Эми ал жакшынакай болуп баса алабы?» деген суроосун койду. Эгерде ушул суроонун жообун билбей жаткан болсо, президент Атамбаев Москвадан операция болгондон кийин эле эч кандай ооруканада жатпай, басып кеткенин айтып койгонубуз оң болор.

Ошондой эле операция жасаткан Келдибеков үч жумадан ашык убакыт ооруканадан чыкпай жатканын кайда катабыз? «Эгерде операциядан кийин Келдибековдун ден соолугу начарлап, өөрчүшүп кете турган болсо ага саламаттыкты сактоо министри, КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев жана башкалардын бардыгы керт башы менен жооп берет. Мен муну бир туугандарынын атынан, элдин атынан эскертип койгум келет. Эл азыр деле барып ооруканасын өрттөйбүз деп турушат. Биз тыйып атабыз», -дейт Чынара айым.

Мындай сөздөрү менен ал элди атайын козутуп, «Эмне карап турасыңар, барып оорукананы өрттөбөйсүңөрбү?» деп көкүтүп жаткандай туюлат. Анан дагы «Эл үчүн иштеген адамды камашат. Бардык эле адам спикер болуп атыптырбы?» деген оюн кошумчалайт. Туура, ар бир эле адамдын бактысына спикер болуу жазыла бербейт. Бирок, ар бир эле спикер элдин байлыгына кол салып, өзүнө чириген байлыкты топтогонго абийири жол бербесе керек.

Бул маалымат жыйынына катышкан Келдибековдун тарапташтары аны үй камагына чыгаруу үчүн бийликке 10 күн убакыт беришкенин билдиришет. «Эгерде 10 күндүн ичинде Келдибековду үй камагына чыгарышпаса, анда Алай эли өзүнүн билгенин кылат. Алай эли таза кандуу эл. 10 миң адамды алып чыгабыз. Жер-жерлерде элди көтөрөбүз. Ар бирине бирден тюльпан белек кылабыз» дейт Келдибековдун тарапташы Сарбашев Керим.

Демек, мындан улам алардын мыйзамга баш ийбестен, жалгыз Келдибеков үчүн жалпы Кыргызстанга башаламандык салабыз деген оюн кыйытып жатканын түшүнүүгө болот. Баарынан дагы кечээ күнү митингге келген 200 адамдын санын 10 эсеге көбөйтүп, 1500-2000 адам келди деп каратып туруп калп айтып жаткандарына журналист журтчулугу таң калып отурду.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы Келдибековду коргоп чыккан Иосиф аттуу аксакал адам Кыргызстанга согуш ачабыз деп күпүлдөгөнүн билебиз. Эми Керим аттуу жаран «Алайлыктар өз билгенин кылат» деп күпүлдөп отурат. Ар ким өз билгенин кыла берсе, анда мамлекетибизди талкалап албайбызбы? Ар ким өзүнүн жердешин, тууганын  элдин байлыгын жеп-ичкенине карабай коргой берсе, анда кайдагы элдин жыргалчылыгы, кызыкчылыгы корголот?

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru