Айбат » Бир баланын камалышы “Баатыр эне” орденин алууга тоскоол болбойт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бир баланын камалышы “Баатыр эне” орденин алууга тоскоол болбойт

орден Баатыр энеКалкыбыздын саны жылдан жылга өсүүдө. Стат маалыматка караганда, учурда калкыбыз 5 млн. 800 миңге жеткен. Тилекке каршы калктын көбөйүшү жагынан коңшу Таджикистанга теңеле албай келебиз. Мындан беш, алты жыл мурда Тажикстандын калкы биз менен тең чамалаш болсо, учурда 7 млн. го жетип калган.

Кечээ ЖКнын жыйынында “Баатыр эне” орденине көрсөтүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору боюнча бир баланын камалышы “баатыр эне” орденин алууга тоскоол болбойт.

Кыргызстандагы Баатыр энелердин эсеби 24 миң 900дү түзөт. Алардын ар бири «Баатыр энелердин» макамына ылайык, 1000 сомдук кошумча каражаттык колдоолорду алып турушат. Бирок, алардын айрымдары ушул кезге чейин тиешелүү төш белгилерин алышкан эмес,- деп билдирди депутат Урмат Аманбаева «Парламент» радиосуна курган маегинде. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, «Баатыр эне» төш белгисин даярдоого келгенде эч кандай тендерлер дагы өткөрүлгөн эмес. Анын негизинде медалдын сынакка коюла турган үлгүлөрү дагы жок. «Бирок, кандай негиздер менен эсептелип чыкты, ким билсин?! Баатыр энелерге бериле турган бир медалды даярдоого эле 7 миң сом сарпталат деген маалыматтар бар. Бул жагын тыкыр тактап чыгууга туура келет»,- деди эл өкүлү.

«Азыркы тапта «Баатыр эне» наамын алуу үчүн тиешелүү документтерин топтоп кезекте тургандардын көрсөткүчү 17 миң 600гө жеткендиги дагы айкын»,- деп кошумчалады У.Аманбаева.

Айбат гезити №69



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru