Айбат » Жинди Нурланга ишенген Садыр өзү да жинди го?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жинди Нурланга ишенген Садыр өзү да жинди го?

Жумгал районунда 11-март күнү саат болжолдуу 11:00 чукул Чаек айылынын борборунда өткөн митингте чогулган 20 чукул элдин арасында жүргөн Нурлан Мотуев жергиликтүү кабарчы Мирбек Асаналиевти унаасына чакырып алып 50 адам чогулса 100 адам деп, 100 адам чогулса 200 адам деп жазасың деп акча сунуштаган.

Ал сунуштан баш тартып, болгонун болгондой жазам деген кабарчыга, кайра-кайра чалып, маалыматты бурмалап жазышын талап кылган. Кабарчы райондун маалымат сайтына так маалыматтагы макаланы чыгаргандан кийин, макул болбогон кабарчыга коркутуу смстерин жаза баштаган:

 Н.Мотуев:

Хорошо. Сен жазбасаң да, башкалар достаточно нормально жазышты. Фейске да видеомду илдим. Супер.кгда да нормал чыкты.

 М.Асаналиев:

Нурлан байке кечирип коюңуз мен сиздин талабыңызды аткара албайм, себеби: мен элдик журналистмин, элдин тынчтыгын жана амандыгын тилейм. Урматым менен М.Асаналиев.

 Н.М:

Братишка! Жана 5-й каналга интервью берип атып, алаксып калдым. Жумгал бийлигинин айласы кеткенде бир шизик катынды мага кыйкыртып койгону менен башка бир да Жумгалдык мага каршы, Эй !-дей алган жок. Жалпы колдошту.

 М.А:

М.м.м. сары гезиттердин кагазын калем менен чийгилеген апыртма сайттар менен тактайын мык менен каккан жетекчи сөрөйлөр жаза беришет да.

 Н.М:

С.Жапаровсуз эле мен Жумгалга лидер болчумун. Бул жолу да мени лидер шайлашты. А сени дужур жазмакер дейт.

 М.А:

Жумгалдыктарды уят, шерменде кылып бүтүрмөй болдуңуз, кайдагы Садыр Жапаров айланайын агай, адам эле болуңузчу.

 Н.М:

Жаза бер. К*т экенингди далилдейсиң да. Это обычная практика, подкуп журналистов.

 

Жаза берсек сөз көп айтылды, кийинки смстерден кыскача үзүндү берели:

 

Н.М:

Бала байкап жүр, азыр менттерди өрттөп аткан заманда, сен бери эле дегенде таяк жеп калып жүрбө… Сен эле эмес шизик катынга күнү түшкөн Жумгал бийлиги да жиндилер! Өзүң шылдың болдуң идиот! Эл азыр бийликке, анан сендей жугундукор жазмакерлерге ишенбейт. Эл бизге оппозицияга ишенет.

 

Митинг болуп жаткан жерге жакын жайгашкан нан чыгаруучу жеке ишмер айым Алма Абакирова чыгып: “ай эл журт, митингти коюп жазгы айдап себүү иштери башталды, иштейли элге тынчтык бергиле” – деп Н.Мотуевке кайрылганда, ал: “мындай ажылдаган аялдарды, “шлюханы” укпагыла” – деп адам оозго алгыз сөздөр менен сөккөндө, ыза көргөн аялдар Н.Мотуев түшүп жүргөн автоунааны талкалап сала жаздашты. Натыйжада Н.Мотуев ал жерден автоунаага түшүп качып Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жашаган туугандарынын үйүнө барды. Ыза көргөн аялдар арыз даттануу жазып Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө Н.Мотуевге мыйзам чегинде чара көрүп берүү жагын суранып кайрылышты».

Маалымат үчүн айта кетсек, Садыр Жапаров Ата-Журт партиясынан чыгып оппозиция болом деп Нурлан Мотуев менен байланышкан. Жумгалда майрамдык мааракелерге эзели миңдеп чогулбаган эл, ушул жиндинин митингине миң киши чогулду деп супер.кг дагы маалымат бергени чыгарыптыр. ошол эле макаланын кошумча берилген видеосунда митингге чогулган адамдардын саны даана көрүнүп турат (15-20 киши).

Бектур БАЙМОҢОЛОВ

Айбат гезити №69




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru